FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

23.01.2018

Кыргызпатенттин коллегиясы 2017-жылдын иш жыйынтыктарын чыгарды

2018-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин төрагалыгынын алдында 2017-жылдын иш жыйынтыктары боюнча коллегия болуп өттү. Коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев катышты.   

Күн тартибине ылайык отчеттук мезгилдин маалыматтык-аналитикалык материалдары угулду жана каралды, Кыргызпатенттин жана коллегиянын иш пландары, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” ардак наамын ыйгарууга талапкерди көрсөтүү жана 646 793 сом суммасындагы ээлери тарабынан талап кылынбай калган автордук сый акыны бөлүштүрүлүүчү автордук сый акынын суммасына кошуу жөнүндө бир добуштан чечимдер кабыл алынды.

Коллегиянын жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрагасы келечекке артыкчылыктуу багыттарды жана милдеттерди белгиледи. Досалы Эсеналиев интеллектуалдык менчик рыногу үчүн шарттарды түзүү жана инновациялык тутумду өнүктүрүү, ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо жана өбөлгөлөө мекеменин ишин баалоонун башкы критерий болуп кала беришин баса белгиледи. 

Андан тышкары, Кыргызпатенттин төрагасы Өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагындагы милдеттерди аткаруу боюнча биринчи иреттеги кадамдарды өзгөчө белгиледи. Ушуга байланыштуу, 2016-жылга салыштырмалуу интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдүн келип түшүүсүнүн 48,8 % жогорулагандыгы белгиленди, ошондой эле 2017-жылдын май айынан бери интеллектуалдык менчик объектилерине электрондук түрдө өтүнмөлөрдү кабыл алуу иши страт алды жана патенттик китепкананын 18 миллиондук фондун санарипке өткөрүү процесси башталды. 

Өз сөзүндө Өкмөттүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев региондордо өз багыты боюнча ишти күчөтүүнүн өтө зарылдыгына жана региондордон өтүнмөлөрдүн келип түшүүсүн кеңейтүүгө көңүл бурду. Анын сөзү боюнча инновациялык экономиканын дараметин калыптандыруу үчүн жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө билим берүүнүн усулдук колдоону камсыздоо үчүн бул жаатта Кыргызпатенттин көмөк көрсөтүүсү зарыл. Мекеменин башкы милдеттеринин бири болуп экономикада өзүн ишке ашырган, башкача айтканда өндүрүшкө инновацияларды киргизген университеттердеги илимий иштелмелердин натыйжалары саналат. Ошону менен бирге, ал инновациялык долбоорлор мамлекет үчүн артыкчылыктуу тармактарда болушуна мекеме көңүл буруусу зарыл деп белгиледи.  

Ошондой эле, коллегияда былтыркы жылга салыштырмалуу - автордук сый акыны чогултуу 15%га төмөндөгөндүгү белгиленди.  Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальнигине жана инспектирлөө бөлүмүнүн башчысына башкарууну уюштуруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилди. 

Коллегиянын жыйынтыктары боюнча Кыргызпатенттин төрагасы  мекеменин жана анын түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштурууну активдештирүү жана жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди, интеллектуалдык менчик объектилерин колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө жана аларды коммерциялаштырууга, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого жана укуктарды алуу механизмдерин жакшыртууга, интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

 

Отчет шилтемеде: http://patent.kg/doc/rating_kp/2017_kg.pdf

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900