Жаңылыктар

31.01.2018

Кыргызпатенттин эмгек жамаатынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы менен жолугушуусу болуп өттү

  • Басып чыгаруу

2018-жылдын 30-январында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) келип, эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча мекемеде жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, иш кагаздарын  жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.  Ошондой эле 2017-жылдын аягында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мониторингинин жыйынтыгы боюнча Кыргызпатентте көрүлгөн чараларга токтолду. 

Назаркул Ишекеев өз сөзүндө мамлекеттик  деңгээлде тилди өнүктүрүү, өркүндөтүү маселелерине токтолду. Жолугушуунун соңунда Кыргызпатенттин жамааты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевге мамлекеттик тил боюнча таасирдүү маек куруп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.