FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

14.02.2018

Эл аралык эне тил күнүнө карата акын-жазуучулардын студенттер менен жолугушуусу болуп өттү

2018-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган «Эне тил улутту сактайт» темасындагы акын-жазуучулардын студенттер менен жолугушуусу болуп өттү. 

Акындар менен бетме-бет пикир алышуу эч кимди көңүл кош калтырбай, убакыттын зымырап өткөндүгү билинбеди. Поэзиянын күчү дайыма укмуштуу, ал эми укмуштуу менен жанашуу дайыма бийик. Атактуу акын-жазуучулар Сейит Жетимишев, Тазагүл Закирова, Калчоро Көкүлов, Атантай Акбаров, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева кеченин чыныгы көркү болушту, убакыттын көбүнчөсү алардын ырларын окууга арналды. Сүйүктүү акындардын ырын окуу үчүн, сыймыктанган студенттер кезекке турушту жана өзүнүн алгачкы чыгармаларын атактуу акындардын сыноосуна тартуулашты. Жооп катары акындар кол тамгасы түшүрүлгөн  өз китептерин белекке беришти. Бул угуучуларга авторлордун таза жана шыктандыруучу ойлорун ачкан лирикалык саптардын жеңил агымы болду. 

Жолугушуу баарына жагымдуу сезимдерди тартуулап жана көпчүлүк үчүн укмуштай кызыктуу ачылыш болду! Биз кезектеги жолу кыргыз жеринин таланттары менен тааныштык жана чыгармачылыктын жаңы чегин ачтык. Бул жолугушууда белгилүү акын-жазуучулардын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин таланттуу студенттеринин ортосунда атактуу адамдардын поэзиясы жана чыгармачылыктары жөнүндө, адамдын калыптанышындагы эне тилдин орду жана мааниси жөнүндө бетме-бет жана ачык-айкын сүйлөшүүлөр болуп өттү.  

Чыгармачылык жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатенттин аткарган иши жөнүндө, чыгармачыл жаштарды колдоого багытталган көп жылдан бери ишке ашырылуучу “Саамалык” жана “Жети жаш автор” долбоорлору, автордук укукту коргоо жөнүндө мекеменин кызматкерлери маалымат берди.

Иш-чара Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору К. Садыков, кыргыз филология, журналистика, физика жана электроника, чет тилдер факультеттеринин студенттеринин катышуусу менен аталган университетте болуп өттү.  Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ыр жазууну үйрөнүү татаал, бирок поэзияны сезип түшүнүүгө ар кимдин мүмкүнчүлүгү бар жана аны өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызпатент ишке ашыруучу чыгармачыл жаштарды колдоо программаларына активдүү катышууга студенттерди үгүттөдү. Ошондой эле ал университеттин жетекчилигине иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Маалымдама: 

Эл аралык эне тил күнү 1999-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланып, тил жана маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү үчүн жылыга 21-февралда белгиленет.

Бул дата 1952-жылдын 21-февралында азыркы Бангладештин борбору Даккада болуп өткөн окуяларды эскерүү иретинде тандалып алынган. Анда өз эне тили – бенгали тилин коргоо үчүн  демонстрацияга чыккан студенттер полициянын окторунан каза болгон. 

Тил дүйнөлүк маданий мурасты сактоонун жана өнүктүрүүнүн күчтүү аспабы болуп эсептелет. Эне тилин жайылтуу боюнча ишмердүүлүк лингвистикалык эле эмес, маданий көп түрдүүлүккө жардам бербестен, бүткүл дүйнөдөгү тилдерди жана маданий салттарды  тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Эне тили адам баласынын жашоодогу багытына, анын ордуна уникалдуу таасир берет жана тирүү мурас болуп эсептелет, ага биз олуттуу мамиле кылып, өркүндөтүүбүз керек. 

 

    

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900