КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык. Чыгармаларды пайдаланууга карата автордук өзгөчө укуктар уруксат берүүнү жана тыюу салууну жүзөгө ашыруу укуктарын, анын ичинде төмөндөгү иш-аракеттерди билдирет:
чыгарманы жалпы элге көрсөтүүнү (жалпы элге көрсөтүү укугун);
чыгарманы жалпы эл алдында аткарууну (жалпы эл алдында аткаруу укугун);
Жалпыга көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпы маалымат үчүн кабарлоо деп, үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жерлерде, эркин кирүү үчүн ачык жерлерде түздөн-түзэфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү же техникалык каражаттардын жардамы аркылуу чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо түшүнүлөт, мында чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү бир жерден кабарланып жатканы, же башка бир жерде бир эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү кабарланып жатканы эске алынбайт;
Ошентип, кафе үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жай болгондугуна жана кафенин залында музыка жаңыртуу чыгарманы жалпы элдин алдында аткаруу болгондугуна байланыштуу кафенин ээси Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.
Кабелдик телеберүү уюму автордук жана чектеш укуктар объектилерин өзү колдонгону үчүн гана автордук сый акыны төлөйт жана телеканалдарды жеке көрүүгө гана уруксат берет. Кафеде болсо автордук укук объектилерин кайрадан кайталап коммерциялык максатта колдонуу болот жана кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук калем акы төлөөгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы №488 Токтому менен бектитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” Жобосунун (мындан ары – Жобо) 11-пунктуна ылайык чыгармалар жана программалар жандуу же техникалык каражаттардын (телевизор, радиокабылдагыч, музыкалык борбор, магнитофон жана башка музыкалык добуш чыгаруучулар) жардамы менен аткарылгандыгына карабастан, көрүүчүлөр (келгендер) акы төлөп же бекер кирген бардык учурларда тең автордук сый акы эсептелинет. Ошондуктан кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.
Жобонун 18-пунктуна ылайык, үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык эмес, адамдардын көп саны катышкан жерлерде же эркин кирүү үчүн ачык жерлерде эл алдында көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпыга маалымат берүү болгондо сый акы төлөөчү болуп аянтчанын (имараттын, салондун ж.б.) ээси эсептелет.
Чет элдик автордук коомдор менен Кыргызпатенттин ведомстволор аралык өз ара өкүлчүлүк жөнүндө эки тараптуу түзүлгөн макулдашуулары бар. Ошол макулдашуулардын негизинде жылына бир жолу тиешелүү чет элдик автордук коомдорго автордук сый акылар которулуп берилип турат.
Телекомпаниялар өзүлөрүнүн телеберүүлөрүнө тийиштүү гана чектеш укуктар объектилери катары укуктарын башкаларга бере алат. Ал эми автордук коомдордон алган телеберүүлөрдө камтылган автордук укук объектилерин (ырлар, клиптер, тасмалар ж.б.) трансляциялоо укугун алар үчүнчү тарапка өткөрүп бере албайт. Ошондуктан кабелдик телеберүү уюмдары Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.
Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62,
Бишкек 720021
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail:
This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30
Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900
Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB
Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики
В назначении платежа обязательно указать.
Расчетный счет № 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900