FaLang Language Switcher

Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча методикалык сунуштамалар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агентствосунун (Кыргызпатент) коллегиясынын

1999-жылдын 12-январындагы №1 токтому менен бекитилген 

Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча

МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАМАЛАР

Ошондой эле төмөнкүнү карагыла:

Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча убактылуу методикалык көрсөтмөлөр (КРнын Кыргызпатенти тарабынан 1996-жылдын 23-майында бекитилген)

Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо (мындан ары  - ИМО) боюнча ушул методикалык сунуштамалар (мындан ары  - сунуштамалар) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан.

I. Негизги түшүнүктөр 

Бул сунуштамада төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:

1.1. Интеллектуалдык менчик баалоо объектиси катарында  - интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына жана юридикалык жактын аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарына, продукцияларды жекелештирүүгө,  аткарыла турган жумуштарга же тейлөө кызматтарына жеке же юридикалык жактын өзгөчө укугу.

1.2. ИМОнун наркын баалоо – интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларынын жана юридикалык жактын аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын, продукцияларды жекелештирүүнүн,  акча төлөнүп аткарыла турган жумуштардын же тейлөө кызматтарынын пайдалуулугун аныктоочу  процесс.

1.3. Материалдык эмес активдер – жеке, буюмдук объектилер болуп эсептелинбеген, бирок нарктык, акчалай баалоого ээ болгон, ишканалар менен уюмдарга тиешелүү баалуулуктар. Бул баалуу кагаздар, патенттер, технологиялык жана техникалык жаңылыктар, долбоорлор жана интеллектуалдык менчиктин башка объектилери, билинбеген баалуулуктар деп аталуучу ижаралык жана башка укуктар.

1.4. ИМОнун рыноктук наркы – акчалай суммасына бирдей болгон эсептик чоңдук, ал боюнча мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматты билген сатуучу аны сатууга макул болмок, ал эми мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматты билген сатып алуучу аны сатып алууга макул болмок.

1.5. ИМОнун амортизациясы (эскириши) ОИС – ИМОнун баланстык наркынын бөлүгүн өндүрүш чыгымдарына же аларды пайдалуу колдонууга белгиленген мөөнөттүн негизинде, уюм аркылуу аныкталган ченемдер боюнча жүгүртүүгө өткөрүү.

1.6. Лицензиялык келишим – укук ээсинин (лицензиар) башка жакка (лицензиат) келишим менен каралган көлөмдө ИМОну пайдаланууга укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу, мында лицензиат лицензиарга келишимде шартталган төлөмдөрдү төлөөнүн жана келишим менен каралган башка аракеттерди жүргүзүүнүн милдеттенмесин өзүнө алат.

1.7. Лицензиялык сый акы –лицензиялык макулдашуунун предмети болуп эсептелинген, ИМОну пайдаланууга  укуктарды бергендиги үчүн төлөмдөр.

Лицензиялык сый акылардын бир нече түрлөрү бар:

- "роялти" – белгиленген убакыт өткөндөн кийин лицензиялык келишим боюнча сатылган прордукциянын көлөмүнөн белгиленген чен менен күндөлүк (мезгилдүү) чегерүүлөр;

- "паушалдык төлөм" – сатылуучу лицензиялык продукциянын (тейлөө кызматы) анык өлчөмдөрүнө карабастан, ИМОну пайдаланууга лицензиялык келишим боюнча укук бергендиги үчүн сый акынын биротоло белгиленген суммасы; паушалдык (жалпы) төлөм бир жолу, ошондой эле созулган мөөнөттө деле төлөнөт.

II. Жалпы жоболор 

2.1. Сунуштамалар ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер жана тейлөө белгилери, ноу-хау, илимий иштин натыйжалары (илимий-изилдөө иштер боюнча отчеттор, техникалык документтер ж.у.с.) сыяктуу ИМОнун рынокто көпчүлүк учурда кезигүүчү товарларынын жана тейлөө кызматтарынын наркын баалоо жана бухгалтердик эсепке алуу үчүн пайдаланылат. Сунуштамалар менчиктин жана чарба шарттарынын бардык түрүндөгү чарба жүргүзүү субъектилеринин пайдалануусу үчүн арналган.

2.2. ИМОнун наркын баалоодо колдонулуп жаткан баалар жана тарифтер, ошондой эле мыйзам менен белгиленген пайдага, кошумчаланган наркка, акциздерге салыктын чендери, берилген насыяга банк мекемелери менен эсептешүү эрежелери менен ченемдери жана башка ченемдер пайдаланылат.

2.3. Интеллектуалдык менчик объектилеринин наркын аныктоочу негизги факторлор болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

- өзгөчө укуктун ээсинин укуктук коргоо объектин түзүүгө (иштеп чыгууга) жумшаган чыгымдары;

- өзгөчө укуктун ээсинин коргоо документтерин күчүндө кармап турууга алымдарды, жыйымдарды жана башка чыгымдарды кошкондо, ИМОну патенттөөгө (каттоого)   жумшаган чыгымдары;

- алардын маркетингине жумшаган чыгымдарды кошкондо, ИМОну пайдаланууну уюштурууга жумшаган чыгымдары;

- ИМОго байланыштуу, тобокелдиктерди камсыздандырууга жумшаган чыгымдары;

- анын наркын баалоо учурунда коргоо документинин күчүнүн мөөнөтү;

- өзгөчө укуктун ээсинин баалоочу ИМО боюнча талаш-тартыштарды, анын ичинде сот тартибинде чечүүгө жумшаган чыгымдары;

- ушул ИМО боюнча күтүлгөн лицензиялык төлөмдөр (лицензиялык төлөмдөрдүн көлөмүн белгилеген шартта);

- өзгөчө укук ээсинин укугу бузулган шартта, компенсациялык (айып) төлөм түрүндө күтүлгөн түшүүлөр;

- объектини пайдалуу пайдалануу мөөнөтү;

- баалануучу объектинин моралдык эскирүү фактору;

- инфляциялык фактору.

2.4. ИМОнун наркын баалоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте катталган колдонулуудагы коргоо документтери (патенттер жана күбөлүктөр), лицензиялык жана автордук келишимдер эске алынат. ИМОну пайдалануу менен ИМОну колдонуу менен даярдалган продуктуну жарандык жүгүртүүгө киргизүү таанылат. ИМО камтылган продуктуну жарандык жүгүртүүгө киргизүү аны буйрутмачыга өткөрүп берүү, лицензияларды сатуу, товардык продукция катарында сатуу, ижара, өндүрүш ичиндеги процессте иштетүүгө киргизүү болуп эсептелинет. Мисалы Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 11-статьясына ылайык өнөр жай менчигинин объектин пайдалануу деп алдын ала патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объекттери камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун алдын ала патенти менен корголгон ыкманы колдонуу таанылат. ИМОну пайдаланууга байланыштуу, мамилелерди жөнгө салуучу ушул сыяктуу ченемдер интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган.

ИМО төмөнкү датадан тартып пайдаланылган болуп эсептелинет:

- илимий-техникалык продукцияларды өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына кол койгон;

- патент органында лицензиялык келишимди каттаган;

- товардык коштомо кагазга кол койгон;

- ижара жөнүндө келишим түзгөн;

- ИМОну өндүрүш ичиндеги процессте иштетүүгө киргизүү жөнүндө актыга кол койгон.

2.5. Өзгөчө укукка бир нече жак бирге ээ болгон учурда, тиешелүү жак үчүн конкреттүү ИМОнун наркын баалоо алардын ортосунда түзүлгөн макулдашууда көрсөтүлгөн шартта жүргүзүлөт. Макулдашуу түзүлбөгөн болсо, ар бир жак лицензия берүүдөн же патентти (күбөлүктү) ыйгарып берүүдөн тышкары, кандай максаттар үчүн болбосун анын наркын баалай алышат.

2.6. Сунуштамалар төмөнкүдөй учурларда ИМОнун наркын аныктоого жалпы эрежелерди жана негизги методикалык жоболорду сунуштайт:

а) келишимдик негизде коммерциялык максатта пайдаланууда:

- ИМОну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык жана автордук келишимдер;

- патенттерди ыйгарып берүү жөнүндө макулдашуу;

- түзүлүп жаткан ишканалардын уставдык капиталына уюмдаштыруучулардын мүлктүк үлүшү катарында ИМОну киргизүү жөнүндө келишимдер;

- келишимдик негизде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;

- илимий-техникалык продукцияларды жаратууга жана илимий-изилдөө натыйжаларын жана конструктордук-тажрыйба иштерин өткөрүп берүүгө контракттар;

- ИМО камтылган иштеп жаткан ишканаларды жана башка мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө келишимдер;

- коштомо лицензиялар катарында ИМОну өткөрүп берүү каралган башка коммерциялык келишимдер.

Аталган келишимдер үчүн ИМОну баалоо киреше жана чыгаша, ошондой эле салыштырып сатуу ыкмасын колдонуу менен аткарылат;

б) бир тараптуу негизде коммерциялык операцияларда б.а.:

- жеке өндүрүштө ИМОну колдонуудан экономикалык натыйжаны (киреше, пайда) аныктоодо;

- ИМОну коммерциялык пайдаланууда мүмкүн болгон варианттарды салыштырып талдоодо жана оптималдуу жолду тандоодо;

- ИМОну пайдаланууну караштырган инвестициялык жана башка долбоорлорду иштеп чыгууда;

- күрөө катарында ИМОну камтыган мүлктү пайдаланууда;

- ИМОну камтыган мүлктү жана мүлктүк укуктарды камсыздандырууда;

- ИМОну пайдаланууда салык салынуучу базаны аныктоодо;

- ИМОго укуктарды белек кылууда;

- укук мураскорлордун укугун мурастоодо;

- патент ээсинин укугу бузулганда чыгымдарын төлөөдө, мисалы Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 16-статьясына ылайык, коргоо документин бузууда күнөөлүү жак алынбаган пайда менен моралдык зыянын компенсациялоону кошкондо, тарткан чыгымын төлөп берүүгө милдеттүү; интеллектуалдык менчик объектисин контрафактылык пайдалануунун бүткүл мөөнөтүнүн ичиндеги чыгашалардын суммасы убакыттын ар кандай учурларында жүргүзүлүүчү жана алынуучу чыгымдардын жана натыйжалардын экономикалык бирдей эмес баалуулугу эске алынып, аныкталат, бул аларды бир эсептик жылга келтирүү менен жыйынтыкталат; ушу сыяктуу ченемдер интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган;

- сый акыларды төлөөгө; мисалы Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын

16-статьясына ылайык, коргоо документин алууга укугу болбогон автор анын коргоо документинин ээси менен түзгөн макулдашуунун негизинде белгиленген шартта жана өлчөмдө төлөнүүчү сый акыны алууга укугу бар; ушундай эле ченем интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган; аталган максаттар үчүн ИМОну баалоо киреше жана чыгаша, ошондой эле салыштырып сатуу ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлөт;

в) төмөнкүдөй учурларда, ишкананын балансындагы мүлктүн курамын эсепке алуу жана аны чагылдыруу максатында жүргүзүлүүчү материалдык эмес актив катарында ИМОну баалоо:

- мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратууда жана менчиктештирүүдө;

- ишканаларды жоюуда жана кайра өзгөртүп түзүүдө;

- ишкананын негизги же кошумча ишмердигинин натыйжасында ИМОну түзүүдө;

- юридикалык же жеке жактардан ИМОну сатып алууда;

- бюридикалык же жеке жактарга акысыз өткөрүп берүүдө;

- материалдык эмес актив катарында бухгалтердик эсепке коюуда; 1995-жылдын 30-январындагы N 18-02/17-343 Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө жобого ылайык материалдык эмес активдер пландаштырылган максатта алууга жана алар пайдаланууга жарамдуу болгон абалга чейин жеткирүүгө жумшалган  чыгымдарга сарпталуу суммасынын эсебинде жана отчеттуулугунда чагылдырылат жана өзүнүн баштапкы наркын өндүрүштүн чыгымдарына же аларды пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн улам, ишканада аныкталган ченемдер боюнча жүгүртүүлөргө бирдей өткөрүшөт. Алардын пайдалуу пайдалануу мөөнөтүн аныктоого мүмкүн болбогон материалдык эмес активдер боюнча эскирүү ченеми он жылга эсептегенде белгиленет (бирок ишкананын ишмердигинин мөөнөтүнөн көп болбогон). Материалдык эмес активдердин эскириши өзүнчө отчеттуулукта эсепке алынат жана чагылдырылат. Ишканалардын чарба ишмердигинде узак мезгилдин ичинде пайдаланылуучу жана киреше алып келүүчү материалдык эмес объектилерге болгон чыгымдарына төмөнкүлөр кирет: жер тилкелерин, жаратылыш ресурстарын пайдаланууга укуктар, патенттер, лицензиялар, ноу-хау, программалык продуктулар, соода маркалары, товардык белгилер, монополдук укуктар жана  артыкчылыктар (ишмердүүлүктүн белгиленбеген түрлөрүнө карата лицензияларды кошкондо), уюштуруу чыгымдары (каттоо, брокердик орун ж.у.с. ) ж.б.

Ошентип, ишканалардын материалдык эмес активдерин түзгөн ИМОну баалоо ИМОну жаратууга, алууга, коргоого жана пайдаланууга байланыштуу чыгымдарга негизделиши керек. ИМОну коммерциялык пайдалануудан айырмаланып, мындай баалоодо жаңылыктарды пайдаланууда илимий-техникалык маанилүүлүгү жана экономикалык натыйжа эске алынбайт.

Аталган максаттар үчүн ИМОну баалоо чыгымдык ыкманы пайдалануу менен жүргүзүлөт.

III. Интеллектуалдык менчик объектилеринин наркын баалоонун ыкмалары  

Интеллектуалдык менчик объектилеринин наркын баалоонун колдонулуп жаткан бардык ыкмалары   азыркы убактагы үч белгилүү классикалык ыкмалар аркылуу каралат:

- чыгымдык;

- рыноктук (салыштырма сатуу ыкмасы);

- кирешелик (пайда боюнча). 

3.1. Чыгымдык ыкма 

Чыгымдык ыкмага ылайык активдин наркы кайрадан өндүрүү же активдин кошуп эсептелген эскирүүсүнө негизделген оңдоону кемиткенден кийин, аны алмаштыруу үчүн зарыл болгон чыгымдар боюнча бааланат. Эгер материалдык активдер үчүн өзүнүн эскириши, функционалдуу жана экономикалык эскириши мүнөздүү болсо, анда материалдык эмес активдер үчүн убактылуу (же мөөнөттүү) эскирүү жана моралдык эскирүү мүнөздүү болуп эсептелинет. Моралдык эскирүү өтө прогрессивдүү материалдык эмес активдердин пайда болушуна байланыштуу, мисалы белгилүү бир буюмдардын өндүрүшүндө ошол эле функцияны аткарган патенттер. Патенттердин моралдык жактан эскириши өндүрүштө пайданын төмөндөшү жана активдин өзүнүн кирешесинин төмөндөшү менен коштолот.

Чыгымдык ыкма көпчүлүк учурда келечектеги кирешелерди түзүүгө катышпаган жана азыркы убакта пайда алып келбеген  материалдык эмес активдерди баалоо үчүн колдонулат.

Бизнести баалоодо чыгымдык ыкма баалануучу фирма же ага салыштыруучу башка фирма кудуретсиздикке учураса же узак убакты  бою киреше алып келбеген учурда колдонулат.

Иш жүзүндө материалдык эмес активдерди баалоонун чыгымдык ыкмалары качан ушул активдер социалдык мааниге ээ болсо же ушу сыяктуу программаларга катышса, колдонулат, мында аларды колдонуу чөйрөсү болуп социалдык чөйрө, космос, мамлекеттик жана аймактык маанидеги коопсуздуктун коргонуу жана башка программалары эсептелинет.

Чыгымдык ыкма боюнча аныкталуучу активдин наркы тарыхый аталат, анткени ал барыдан мурда, кийинки бир нече жылдын ичинде ишкананын бухгалтердик отчеттуулугунан алынган анык келтирилген чыгымдарына негизделет.

Чыгымдык ыкма боюнча баалоо төмөнкү формула менен белгиленет:

С=С1+С2+С3+С4, (1)

мында:

С1 – ИМОну жаратууга кетирилген чыгымдар рентабелдүүлүктү эске алуу менен эсептелген, ИИИни толугу менен аткарууга жана техникалык документтерди (мындан ары –ТД) (мисалы эскиздиктен жумушчу долбоорго чейин) бардык баскычтарын иштеп чыгууга анык жумшалган чыгымдардын суммасы болуп эсептелинет; мында ИИИ үчүн кетирилген чыгымдар теориялык изилдөөлөргө, эксперименттерди жүргүзүүгө жана отчетту бекитүүгө жана ушу сыяктуу башка чыгымдарга алдын ала көйгөйлөрдү иштеп чыгууну кошкондо, издөө иштерине болгон чыгымдардан турат; ТДны иштеп чыгууга кетирилген чыгымдар эскиздик, техникалык жана жумушчу долбоорлорду аткарууга, эсептерди аткарууга, сыноолорду жүргүзүүгө, тараптык уюмдардын тейлөө кызматына, автордук көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө ж.у.с. болгон чыгымдардан турат; качан технологиялык  жана долбоордук документтердин бир бөлүгү гана аткарылган же ИМОну жаратууга ИИИни гана өткөрүү керек болгон учурда, ИМОнун наркын эсептөө анык аткарылган иштерге жумшалган чыгымдар, товардык белгилер менен өнөр жай үлгүлөрү үчүн – дизайнга жумшалган чыгымдар боюнча жүргүзүлөт; 

С2 – ИМОну укуктук коргоого кетирилген чыгымдар (патентти (күбөлүктү) алууга өтүнмөнүн материалдарын тариздөө), өтүнмө боюнча кат алышуу, өтүнмө берүү, экспертиза өткөрүүгө, коргоо документин алууга жана аны күчүндө кармап туруу ж.у.с.  үчүн алымдарды төлөө);

С2 ноу-хау, ИИИ, ТД сыяктуу ИМО үчүн болбойт;

С3 – маркетингдик изилдөөлөргө жана ушу сыяктуу башка түрлөрүнө кетирилген чыгымдар;

С4 – ИМОну өнөр жайда пайдаланууга даяр болгонго жана коммерциялык сатууга чейин жеткирүүгө кетирилген чыгымдар жана ушу сыяктуу башка чыгымдар.

Келтирилген нарктык баалоолор – бул эсептик жылга келтирилген кандай болбосун баалоолор (чыгымдар, пайда ж.у.с.).

С1, С2, С3, С4 келтирилген чыгымдар катарында бир формула менен белгиленет:

          t

Спр=Санык E КiDi/100, (2)

         t=1

мында:

Скелт. – келтирилген чыгымдар;

Санык. – анык чыгымдар;

Di - i-жылы анык чыгымдардын үлүшү, %;

Ki – эсептик жылга карата келтирилген ар түрдүү убактагы нарктык баалардын коэффициентинин сандык маанилери төмөнкү формула боюнча белгиленет:

эсептик жылдан мурдагы убакыттагы мезгил үчүн

       tp-t

Ki=(1+E) (3)

эсептик жылдан кийинки мезгил үчүн

      tp-t

Ki=1/(1+Е) (4),

мында:

E - ар түрдүү убактагы нарктык бааларды келтирүүнүн ченемдери

(Е=0,1);

tp – эсептик жыл;

t – мында нарктык баалоо эсептик жылга келтирилген жыл (укуктук коргоо объектисин иштеп чыгуунун баштапкы жылы, ИМОго өзгөчө укуктардын күчүнүн баштапкы жылы, лицензиялык келишимдин күчүнүн башталган жылы ж.у.с.).

Келтирилген ар түрдүү убактагы нарктык баалардын коэффициентинин сандык маанилери Ki  1-тиркемеде берилген.

3.2. Рыноктук ыкма (салыштырма сатуу ыкмасы) 

Ыкманын мааниси баалануучу объект менен багытталышы жана пайдалуулугу боюнча салыштырылуучу, материалдык эмес активдер боюнча рыноктук баасы жөнүндө маалыматтарды издөөдөн турат. Рыноктук ыкма тармактык принцип боюнча дүйнөлүк жана ички рыноктордо ИМОну өткөрүп берүүгө түзүлгөн лицензиялык же башка келишимдердин коммерциялык шарттары жөнүндө маалыматтарды чогултууга, талдоого жана системага салууга, ушул негизде маалыматтар базасын түзүүгө байланыштуу, бул ИМОну баалоодо пайдаланылуучу параметрлерди так эсептөөгө мүмкүндүк берет. Андан кийин аларда болгон айырмалуулуктарга оңдоо киргизилет жана окшошунун наркы менен салыштырма наркы аныкталат.

Бул ыкма болуп өткөн ушу сыяктуу бүтүм менен белгиленген бүтүм боюнча материалдык эмес активди баалоону салыштырууну караштырат. Салыштырма бүтүмдүн экөө тең, бүтүмдүн рентабелдүүлүгүнүн эсебинде пайдаланылуучу негизги экономикалык параметрлер боюнча салыштырылат. Адатта бул капиталдын айланымдуулугу жана ойлоп табууну же товардык белгини пайдалануудан түшкөн таза пайда болот.

Ушул ыкманы колдонуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

- ушу сыяктуу арналыштагы жана пайдалуулуктагы материалдык эмес  активдерди сатуу фактылары жөнүндө маалыматтардын болушу;

- ушундай объектилердин алардын наркына айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн таасир беришин баалоону билүү;

- ушу сыяктуу активдер боюнча баасы жана бүтүмдүн шарттары жөнүндө маалыматтарды алуу жана анын аныктыгы.

Бул ыкма ушу сыяктуу активдер менен бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар болгондо же эч болбогондо, ушул тармактагы роялтинин чендерин билгенде колдонулат. Бул ыкманын мааниси мында, ишканада пайдаланылуучу интеллектуалдык менчик ага тиешелүү эмес деген болжолдоо илгерилетүүдө. Анда ишкана интеллектуалдык менчик ээлерине сый акы түрүндө төлөй турган пайданын бөлүгүн чындыгында өзүнө калтырышат, анткени бул менчик ушул ишканага тиешелүү, ушул актив менен түзүлгөн,  анын кошумча пайдасы болуп эсептелинет. Ушул пайданын негизинде түзүлгөн акча агымынын наркы баалануучу активдин рыноктук наркын түзөт.

Эл аралык тажрыйбада бул ыкма патенттердин жана технологиялардын наркын баалоо үчүн кеңири колдонулат.

Материалдык эмес активдердин наркын баалоо үчүн рыноктук ыкма өзгөчө өтүмсүз жана ажыратылбаган активдер жөнүндө сөз болгондо, шарттуу гана колдонулушу мүмкүн. Мындай учурда бул бизнестин же конкреттүү инвестициялык программанын алкагында ушул активдердин инвестициялык наркы жөнүндө айтсак туура болот. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзүнчө укуктар үчүн гана рыноктук ыкманы пайдалануу ылайыктуу жана артыкчылыктуу болот.

Толук баалуу рыноктук ыкмалар сатып алуучунун башкалардын ичинен ушу сыяктуу, жана ушул эле функцияларды аткарган бул активдерди тандоо болгондо гана колдонулса болот. Мында болжол менен бирдей эле арналыштагы жана пайдалуулуктагы бир нече активдерден сатып алуучулар функционалдык касиеттерин, ылайыктуу наркын, кызмат кылуу мөөнөтүнүн узактыгын, активдин коргонуучулук деңгээлин, анын өзгөчөлүктүүлүгүн жана башка мүнөздөмөлөрүн кошкондо, сапаттарынын топтому боюнча аларга жакканын тандап алышат. Булардан  тышкары, материалдык эмес активдердин сатуучусу ал үчүн кызыктуу, алардын ичинен көбүрөөк төлөгөн жана келечекте кызматташууга мүмкүн болгон сатып алуучуларды тандоого мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мисалы, мындай адабияттын, искусствонун жогору профессионалдык чыгармаларын чыгарууга, жогору сапаттуу аудио- жана  видеопродукцияларды чыгарууга, программалык продуктуларды нускалоого жана сатууга укуктарды сатууда мүмкүн.

Рыноктук нарк катары интеллектуалдык менчик объектисин баалоо төмөнкү формула менен белгиленет:

С=[(С1+С2+С3)КтэКи+ОгрТ]R, (5)

мында:

р – Роялтинин орточо статистикалык чени, %;

Т – ИМОну пайдалануу мөөнөтү (аны белгилөө мүмкүн болбогон учурда – 10 жылга чейин, бирок ишкананын ишмердик мөөнөтүнөн көп болбогон), жыл;

R – ИМОну өздөштүрүү деңгээлин, патент менен корголушун жана рынокто атаандаш товарлардын болгонун эске алуу менен тобокелдик коэффициенти  0,7-1,0 чегинде эксперттик жол менен аныкталат;

Ктэ – ИМОнун техника-экономикалык маанисинин коэффициенти  (товардык белгилер үчүн – пайдалануу жана эстетикалык өздөштүрүү узактыгынын коэффициенти), анын сандык мааниси 1,0-1,5 чегинде эксперттик жол менен аныкталат;

Кэ – ИМОнун моралдык эскирүү коэффициенти төмөнкү формула менен белгиленет:

ойлоп табуу, пайдалуу модель жана өнөр жай үлгүсү үчүн:

Ки=1-(Та/Тн), (6)

ноу-хау үчүн, НИР, ТД: Ки=1;

товардык белги үчүн:

Ки=1+(Тф/Тн), (7)

мында:

Тн – коргоо документинин, күбөлүктүн күчүнүн номиналдуу мөөнөтү, жыл;

Та – эсептик жылда коргоо документинин күчүнүн анык мөөнөтү, жыл;

Ог – нарк менен берилген пайдалануунун жылдык көлөмү (ИМОну сатуудан) төмөнкү формула менен берилет:

    T

Oг= E ViZiKi, (8)

    t=1

мында:

Zi – бул продукцияга баа көтөрүлгөндө ИМОну пайдаланууда ар бир жылдын аягында сатылуучу продукциянын баасы төмөнкү  формула боюнча аныкталат:

i

Zi=Z(1+G/100) (9),

мында:

Z – продукциянын болжонгон баасы;

G – жылдын аягында баанын көтөрүлүшү, %.

Каралган рыноктук ыкма интеллектуалдык менчик объектинин рыноктук баасын эсептөө үчүн пайдаланылса болот, мисалы лицензияны сатуу максатында, ишкананын уставдык капиталына үлүш салымын киргизүү үчүн ж.б.

Анын рыноктук баасын эсептөөдө интеллектуалдык менчик объектинин жыйынтык нарктык баалоо анын субъектилеринин (тараптардын) ортосунда келишим боюнча оңдолушу мүмкүн. Мындай учурда тобокелдик факторун эске алып, объектинин нарктык баасына бонификация (кошумча) анын эсептик рыноктук наркынын 30%ынан жогору болбошу керек.

3.3. Кирешелик ыкма (пайда боюнча) 

Бул ыкманын методологиясы конкреттүү технологияда пайдаланылуучу материалдык эмес активдин функционалдык касиеттери (физикалык, техника-экономикалык, медициналык жана башка) менен ушул активди чарба ишмердигинде пайдалануудан келечектеги кирешелердин ортосундагы себептик байланыштарды аныктоого негизделет. Ушул ыкманын негизги шарты мында турат, ушул мезгилдеги конкреттүү материалдык эмес активдин экономикалык баалуулугу ушул активден келечекте киреше алууну күтүү менен шартталат.

ИМОну пайдалануудан алынган пайда продуктуну (продукцияны) же аны камтыган ыкманы ишке ашыруунун натыйжасында алынган пайданын жалпы көлөмүнөн анын үлүшүн бөлүп алуу аркылуу аныкталат.

ИМОну пайдалануудан алынган пайданын үлүшү түздөн-түз анын өсүшү же продуктунун (продукциянын) сатылышы же ушул ИМО менен өркүндөтүлгөн (бааны жогорулатуунун, чыгымдарды төмөндөтүүнүн, чыгаруу көлөмүн көбөйтүүнүн ж.б. эсебинен) ыкма боюнча аныкталышы мүмкүн.

Өз өндүрүшүндө интеллектуалдык менчик объектисин пайдалануудан ишкана-коргоо документинин ээси алуучу пайданы (кирешени) эсептөө ИИТКИни жүргүзүүнү, өздөштүрүүнү жана сериялык чыгарууну кошкондо, патенттелген ИМОну колдонуу менен даярдалган продуктуну иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык турмуштук циклин эске алуу менен жүргүзүлөт, мында бирдей болбогон чыгымдар жана убакыттын ар түрдүү учурларында жүргүзүлүүчү жана алынуучу  натыйжалар дагы эске алынатЯ, бул бирдиктүү эсептик жылга келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип пайда боюнча ИМОнун наркын баалоо төмөнкүдөй аныкталат:

Ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү, ноу-хау, ИИИ, ТД үчүн:

   T

С=RKтэ E (Пк-Пн)iViKi, (10)

  t=1

мында:

Пн – ИМОНу пайдаланганга чейин пайданын (кирешенин) жалпы көлөмү;

Пк - ИМОНу пайдалангандан кийин пайданын (кирешенин) жалпы көлөмү;

Vi - i-жылда продукцияны чыгаруунун пландаштырылган көлөмү;

Товардык белги, тейлөө белгиси үчүн:

   T

С=KпRH E ViZi, (11)

   t=1

мында:

R – ИМОну өздөштүрүү деңгээлин, патент менен корголушун жана рынокто атаандаш товарлардын болгонун эске алуу менен тобокелдик коэффициенти  0,7-1,0 чегинде эксперттик жол менен аныкталат;

Ктэ – ИМОнун техника-экономикалык маанисинин коэффициенти  (товардык белгилер үчүн – пайдалануу жана эстетикалык өздөштүрүү узактыгынын коэффициенти), анын сандык мааниси 1,0-1,5 чегинде эксперттик жол менен аныкталат;

Кп – товардык белги менен корголгон продукцияны өндүрүү мүнөзүнүн коэффициенти (2-тиркеме);

 

Vi – натуралдык белги менен берилген i жылда товардык белги менен маркаланган продукцияны чыгаруунун пландаштырылган көлөмү, даана;

Zi - i жылда товардык белги менен маркаланган бир продукциянын болжолдонгон баасы;

Н – келтирилген пайданын чени  (0,1-0,2). 

3.4. Лицензиялык келишим боюнча алынган интеллектуалдык менчик объектинин наркын эсептөөнүн ыкмасы

Лицензиялык келишимдин нарктык баасы (лицензиянын баасы) лицензиялык төлөмдөрдүн түрүнө байланыштуу болот. Лицензиянын эсептик баасын аныктоо бааны түзүүчү факторлорду талдоонун негизинде лицензияны пайдалануудан лицензиаттан күтүлгөн пайданын өлчөмүн аныктоого жана лицензиарга лицензиялык келишимдин күчүнүн бүткүл мөөнөтүндө сый акы катарында төлөөгө тиешелүү ушул пайданын үлүшүн белгилөөгө алып келет. Эл аралык лицензиялык соодада лицензиянын баасын эсептөөнүн эки ыкмасы пайдаланылат:

- лицензиаттын пайдасынын өлчөмүнүн негизинде;

- роялтинин негизинде. 

3.4.1. Лицензиаттын пайдасынын өлчөмүнүн негизинде лицензиянын баасын эсептөө

Лицензиаттын пайдасынын өлчөмүнө  чыгарылуучу продукциянын көлөмү жана рынокто ушул продукциянын ар бирин сатуудан алынган пайда сыяктуу көрсөткүчтөр таасир берет.

    T1

Сл= E Vi(Пк-Пн)iL/100, (12)

    t=1

мында:

Сл – лицензиянын баасы;

Vi – натуралдык белги менен берилген i жылда лицензия боюнча  продукцияны чыгаруунун пландаштырылган көлөмү, даана;

Пн, Пк – ИМОну пайдаланганга чейин жана андан кийин пайданын (кирешенин) жалпы көлөмү;

L – лицензиат менен лицензиардын ортосунда лицензияны пайдалануудан пайданы бөлүштүрүүнү аныктоочу  коэффициент; ал орточо 10-30%ды түзгөн ушул пайдадагы (пайыз менен) лицензиардын үлүшүн билдирет;

T1 – лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү. 

3.4.2. Роялтинин негизинде лицензиянын баасын эсептөө

Роялтинин негизи лицензиар менен лицензиат өткөрүлүп берилген лицензиянын негизинде технологияларды колдонуу менен продукцияны чыгаруудан (сатуудан) болушунча көлөмүн көбөйтүп, лицензиянын объектин пайдалангандан пайда (киреше) алгандай тандалат. Бул чыгарылган продукциянын, продукциянын (товардын) бирдигинин наркы, цехтин (өндүрүштүн) бирдиктүү кубаттуулугу ж.у.с. болушу мүмкүн.

Эгер ИМОнун наркын эсептөө роялтинин негизинде жүргүзүлсө, ал эми роялтинин негизине чыгарылган (сатылган) продукциянын наркы алынса, анда лицензиянын баасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:

    T1

Сл= E ViZipi/100, (13)

   t=1

мында:

Vi – натуралдык белги менен берилген i жылда лицензия боюнча  продукцияны чыгаруунун пландаштырылган көлөмү, даана;

Zi - i жылда сатылган продукциянын бирдигинин баасы;

pi - i жылда ставка роялтинин чени, %;

Т1 - лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү. 

Лицензиялык макулдашуулардын тажрыйбасында роялти менен бирге паушалдык төлөмдөр дагы пайдаланылат. Паушалдык төлөмдөр лицензиатка лицензиянын предметине байланыштуу укуктардын толук топтому (сатып алуу-сатуу келишими менен аналогиялуу) өткөндө, башка министрликтин (ведомствонун) ишканасына (уюмуна) лицензия бергенде, өтө деле белгилүү болбогон лицензиатка лицензиянын объектин пайдалануу боюнча лицензиаттын ишмердигин контролдоону жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурларда, колдонуу сунушталат.

Паушалдык төлөмдөр лицензиат лицензиянын объектин пайдаланууда үзгүлтүккө учураганга жана кырсыктарга, ылайыксыз конъюнктурага, атаандаштыктын күчөгөндүгүнө байланыштуу тобокелдиктерден лицензиарды куткарат.

Лицензиат паушалдык төлөмдү пайдаланууда лицензиат кредитордун ордунда, ал эми лицензиар кредит алуучунун ролунда болот. Лицензиар паушалдык төлөмдүн ушундай суммасын алууга умтулат, ал кийин банкта салынган болсо, роялти түрүндө лицензиялык сый акыны төлөп берүүгө барабар чоңдугу жана убакыты боюнча ага пайданы камсыз кылмак. Дисконттоо ыкмасын пайдалануу менен роялти түрүндөгү күндөлүк төлөмдөрдү паушалдык төлөмгө өткөрсө болот жана тескерисинче лицензиялык келишимдин күчүнүн бүткүл мөөнөтүнүн ичинде дагы. Дисконттун чени катары узак мөөнөттүү ссудалар боюнча коммерциялык банктын колдонулуп жаткан чендери, тармак боюнча рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли, ушу сыяктуу инвестициялар (же пайыз менен берилген натыйжалуулуктун тармактык ченемдик коэффициент) боюнча пайданын ченеми алынат.

Ошентип, паушалдык төлөмдөр түрүндө төлөөдө лицензияны эсептөө баасынын формуласын төмөнкүдөй жөнөкөй түрүндө берсе болот:

Сп=Слa, (14)

мында:

Сп - паушалдык төлөмдөр түрүндө төлөөдө лицензияны эсептөө баасы;

Сл - роялти түрүндө төлөөдө лицензияны эсептөө баасы (формуланы карагыла (13);

а - роялти түрүндөгү төлөмдөрдөн (дисконттоо) паушалдык төлөмдөргө өтүүнүн коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:

        1

   а= ────────  (15)

          (1+ n) (i даражасы)

         ───

         100

мында:

i – лицензиялык макулдашуунун күчүнө кирген датасынан тартып эсептелүүчү жылдын саны;

n – дисконттун тандалган чени, %. 

1-тиркеме 

Ар түрдүү убактагы нарктык бааларды келтирүүнүн коэффициентинин

САНДЫК МААНИЛЕРИ

Эсептик жылдан мурдагы жылдын саны

Ki

Эсептик жылдан кийинки жылдын саны

Ki

20

19

18

17

16

15

14

13

12

11

10

9

8

7

6

5

4

3

2

1

0

6,7274

6,1159

5,5599

5,0544

4,5949

4,1772

3,7975

3,4523

3,1384

2,8531

2,5937

2,1436

2,1436

1,9487

1,7716

1,6105

1,4641

1,3310

1,2100

1,1000

1,0000

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

20

25

30

40

50

0,9091

0,8264

0,7513

0,6830

0,6209

0,5645

0,5132

0,4665

0,4241

0,3855

0,3505

0,3186

0,2897

0,2633

0,2394

0,1486

0,0923

0,0573

0,0221

0,0085

 

 

            2-тиркеме 

Товардык белги менен маркаланган продукциялардын өндүрүшүнүн мүнөзүн эске алуучу КОЭФФИЦИЕНТ

Өндүрүш

Кn

жеке

майда сериялуу

сериялык

ири сериялуу

массалык

до 0,1

0,1-0,2

0,2-0,3

0,3-0,4

0,4-0,5

 3-тиркеме 

ИМОнун баасын аныктоонун

МИСАЛДАРЫ

Төмөнкүдөй маалыматтардын негизинде интеллектуалдык менчиктин объектисинин рыноктук наркын аныктоонун ар түрдүү ыкмаларын карап көрөлү:

Объектинин аталышы: ойлоп табуу "Калканга бириктирилген, устундардан турган, сөңгөктөн эшиктин полотносу" 17.12.1996-ж. N ____ өтүнмө боюнча

Иштеп чыгуунун башталышы: 01.01.1995-ж.

Иштеп чыгуунун бүтүшү: 1996-ж. декабры

Иштеп чыгуунун баскычы: тажрыйба үлгүсү даярдалган.

Баасы (эсептөө датасына): 100 ш.б.

Иштеп чыгууга жумшалган чыгымдар: 10000 ш.б. (50% - 1995-ж., 50% - 1996-ж.).

Укуктук коргоого жумшалган чыгымдар: 1000 ш.б. (100% - 1997-ж.).

Маркетингдик изилдөөлөргө жумшалган чыгымдар: 500 у.е. (50% - в 1995 г., 50% - в 1996 г.).

Эсептик жыл: 1997-ж. декабры

1-мисал.

Рыноктук ыкма боюнча ИМОнун келишимдик баасын аныктоо

Баасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (5):

С=[(С1+С2+С3)КтэКи+ОгрТ]R,

Жумшалган чыгымдар  С1, С2, С3 төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (2):

С1=10000х(0,5х1,3310+0,5х1,2100)=12705 ш.б.

С2=1000х1,0х1,1=1100 ш.б.

С3=500х(0,5х1,2100+0,5х1,1000)=578,5 ш.б.

Ктэ 1,1ге барабар кабыл алабыз.

Ки төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (6): Ки=1-1/20=0,95.

Роялтинин орточо статистикалык чени 2-3%ды түзөт жана эсептешүү үчүн 2,5% кабыл алынат.

ИМОну пайдалуу пайдалануу мөөнөтү 5 жылга тең кабыл алынат.

Өндүрүштүн жалпы эсептик көлөмү V=7500 бирдик.

Эсептешүү үчүн төмөнкүдөй жылдар боюнча өндүрүш көлөмүн бөлүштүрүү кабыл алынат:

1998 –ж.- V1=500 бирд.

1999-ж. - V2=1000 бирд.

2000 -ж. - V3=1500 бирд.

2001-ж. - V4=2000 бирд.

2002 -ж. - V5=2500 бирд.

ИМОну пайдаланууда 4%га барабар болгон бул продукцияга мүмкүн болгон баалардын жылдык өсүшүндө, ар биржылдын аягында баалар төмөнкүлөрдү түзөт (карагыла ф. (9)):

1998 -ж.- Z1=100 ш.б. х1,04=104 ш.б.

1999 -ж.- Z2=100 ш.б. х(1,04)(2)=108 ш.б.

2000 -ж.- Z3=100 ш.б. х(1,04)(3)=112 ш.б.

2001 -ж.- Z4-100 ш.б. х(1,04)(4)=117 ш.б.

2002 -ж.- Z5-100 ш.б. х(1,04)(5)=112 ш.б.

T

Ог= E ViZiКi=500х104х0,9091+1000х108х0,8264+1500х112х0,7513+2000х

    t=1

x117х0,6830+2500х122х0,6209=611939 у.е. (карагыла.ф. (8)).

R=0,7 болгондо ИМОнун баасы төмөнкүнү түзөт:

С=[(12705+1100+578,5)х1,1х0,95+(0,025х611939)]х0,7=21231 ш.б.

 

2-мисал.

Киреше ыкмасы боюнча ИМОнун келишимдик баасын аныктоо

Төмөнкү маалыматтардын негизинде, бул ИМОну алуу менен ишкана алган пайдадан ИМОнун наркын аныкталат:

ИМОнун пайда келтирген күчүнүн мөөнөтү: 5 жыл.

ИМОну пайдаланганга чейин пайда: Пн=10 ш.б./бирд.

ИМОну пайдалангандан кийин пайда: Пк=17 ш.б./бирд.

Өндүрүштүн жалпы эсептик көлөмү: 7500 бирд. (жылдык бөлүштүрүлүшүн 1-мисадан карагыла).

Баасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (10):

       T

С=RКтэ E (Пк-Пн)iViKi

       t=1

ИМОну пайдалуу пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде пайданын жалпы келтирилген чоңдугу, эгер  Пi=Пк-Пн=const түзсө:

T

E Пi=7 ш.б.бирд. х(500x0,9091+1000x0,8264+1500х0,7513+2000х0,6830+

t=1

+2500х0,6209)=37283 ш.б.

Ктэ жана R коэффициенттер 1-мисалдагыдай, анда ИМОнун наркы төмөнкүлөрдү түзөт:

С=37283х1,1х0,7=28708 ш.б. 

3-мисал.

Лицензиялык келишим боюнча алынган ИМОнун наркын аныктоо

Лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү: 5 жыл.

Лицензия боюнча продукциянын пландаштырылган көлөмү:

1-жыл - 100 даана.

2 -жыл - 200 даана.

3-жыл - 300 даана.

4-жыл - 400 даана.

5 -жыл - 500 даана.

Лицензия боюнча продукциянын баасы  (эсептөө жылына): 100 ш.б.

Баалардын эсептик өсүшү: жылына 4%.

Роялтинин чени: 2,5 %.

ИМОнун наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат (13):

Сл=0,025х(100х100х1,04+200х100х(1,04)(2)+300х100x(1,04)(3)

+400x100х(1,04)(4)+500х100x(1,04)(5))=2966 ш.б.  

Адабияттар:

1. Временные методические указания по оценке интеллектуальной собственности от 24 июня 1996 г. - Бишкек, 1996.

2. Леонтьев Б. Методология и параметры оценки нематериальных активов в Российской Федерации. - Москва, 1998.

3. Лынник Н.В., Кукушкин А.Г. Подшибихин Л.И. Интеллектуальная собственность и нематериальные активы. Справочно-методическое пособие (издание 2-ое переработанное и дополненное). - Москва, 1998. - Информационно-издательский центр.

4. Методические указания по оценке стоимости имущества объектов разгосударствления и приватизации в Кыргызской Республике от 23 мая 1997 г. N 74.

5. Мухопад В.И. Лицензионная торговля: маркетинг, ценообразование, управление. - Москва, 1997. - Российское агентство по патентам и товарным знакам.

6. Нормативно-методические материалы. - Минск, 1998. - Государственный патентный комитет Республики Беларусь.

7. Патентный закон Кыргызской Республики. - Бишкек, 1998.

8. Положение о бухгалтерском учете и отчетности в Кыргызской Республике от 30 января 1995 г. N 18-02/17-343.

9. Экономика интеллектуальной собственности. Нормативные акты и документы патентного поверенного. Роспатент. - Москва, 1996.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900