FaLang Language Switcher

Ойлоп табууну экспертизалоо маселелери боюнча СУНУШ

 

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин чечими менен  жактырылган

2017-жылдын 26-декабырда № 9

 

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын  буйругу менен бекитилген

2017-жылдын 27-декабырда № 264

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)         

Ойлоп табууну экспертизалоо маселелери боюнча

СУНУШ

Киришүү  

I-бөлүк. Өтүнмө ээси тарабынан берилген ойлоп табуунун формулаларынын белгиленген талаптарга дал келишин текшерүү 

  1. Жалпы жоболор
  2. Формуланын түзүлүшүн текшерүү
  3. Ойлоп табуунун формуласынын мазмунун текшерүү
  4. Ойлоп табуунун формуласын, ал тарабынан ойлоп табуунун маани-маңызын жана сыпаттамага негизделгендигин туюнтуусу жагынан текшерүү
  5.  Ойлоп табуунун формуласында киргизилген белгилердин бирдейлешүүсүн текшерүү
  6. Ойлоп табуунун формуласын, натыйжасынын өзгөчөлүгүн алуу үчүн ага киргизилген белгилердин зарылдык көз карашынан текшерүү
  7. Ойлоп табуунун белгилеринин мүнөздөмөлөрү үчүн атаандаш түшүнүктөрдү пайдалануунун тууралыгын текшерүү
  8. Формуланын көз карандысыз пункту ойлоп табуунун бирине кириши керектигине ылайык талаптардын аткарылышын текшерүү

II бөлүк. Ойлоп табуунун “өнөр жайда колдонуучулук” патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишин текшерүү

1. Ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулук талаптарына дал келиши үчүн аткаруу зарыл болгон шарттар

2. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун дайындалыш көрсөтмөсүн текшерүү

3. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун иш жүзүнө ашырыла тургандыгын текшерүү

4. Ойлоп табууну жүзөгө ашырууда өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн дайындалышынын ишке ашырылышын текшерүүнүн өзгөчөлүгү 

III бөлүк. Ойлоп табуунун “жаңылык” патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишин текшерүү

1. “Жаңылык” патентке жөндөмдүүлүк шартын ченемдик белгилөө

2. Жаңылыгын текшерүүнүн жалпы принциптери 

IV бөлүк. Ойлоп табуунун “ойлоп табуучулук деңгээл” патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишин текшерүү

1. “Ойлоп табуучулук деңгээл” патентке жөндөмдүүлүк шарты

2. Ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүүнүн принциптери

3. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлинин шартына дал келишин баалоонун мисалдары

Киришүү 

Ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизалоо боюнча сунуш (мындан ары сунуш) “Патенттик мыйзам” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрында № 685 токтому менен бекитилген Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесинин аракетинин шарттарында өткөрүлгөн ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизалоо процессин методикалык камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Бул сунуш Кыргызпатенттин тутумундагы компетенциясына, ойлоп табууларга укуктук коргоо көрсөтүү маселелери кирген кызматкерлерине (мындан ары - эксперт) арналган.

Сунушту ойлоп табуунун авторлору, өтүнмө ээлери, патент изилдөөчүлөр, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизалоого байланыштуу Кыргызпатент менен иш жүргүзүүдө башка өкүлдөр дагы пайдаланышы мүмкүн.

Сунуш Мыйзамды жана Эрежени колдонуу менен экспертизалоонун бирдей үлгүдөгү практикасын камсыз кылууга арналган.

Бул документтин жоболору сунуш берүүчү мүнөздү алып жүрөт. 

I бөлүк

Өтүнмө ээси тарабынан берилген ойлоп табуунун формулаларынын белгиленген тартипке дал келишин текшерүү 

1. Жалпы жоболор 

Ойлоп табуунун формуласы патент тарабынан берилүүчү укуктук коргоонун көлөмүн белгилөөгө арналган. Мыйзамдын 24-статьясынын 6, 7-бөлүгү өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына дал келишин текшерүү өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формулаларга жараша жүргүзүлөрүн белгилейт. Бул жагынан алганда ойлоп табуунун формуласы Эреженин 4.3.1 - 4.3.12 пункттарынын белгиленген талаптарына дал келиши керек.

Ойлоп табуунун формуласынын Эреженин талаптарына дал келишин текшерүү сыпаттамада ойлоп табууну ачуучу маалыматтарды, ошондой эле техника деңгээлинде камтылган маалыматтарды жана бул тармакта эксперттин жалпы билимин эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

Эреженин 18.2 пунктуна ылайык өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүдө өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнүн документтерине коюлган талаптардын сакталышы, анын ичинде ойлоп табуунун формуласы текшерилет.

Эреженин 19.2 пунктуна ылайык өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүүдө өтүнмө ээси тарабынан берилген ойлоп табуунун формуласынын өтүнмөнүн документтерине коюлган талаптарга дал келиши, анын ичинде ойлоп табуунун формуласы текшерилет.

Ойлоп табуунун формуласына коюлган, Эреженин талаптарынын башка бузуулары өтүнмө ээсине сурамды жөнөтүү үчүн негиз боло алат. Ошентип, ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө эксперт Эреженин 4.3. пунктунда камтылган формулага карата бардык талаптарды эске алуусу керек, аны сактабоо өтүнмө берилген ойлоп табуунун маани-маңызын анализдебей ишке ашырылышына алып келиши мүмкүн. Эреженин 19.13-пунктунда ойлоп табуунун формуласына коюлган ушундай талаптардын тизмеси келтирилген, ал бузууларды оңдоо өтүнмөнүн документтери келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө тиешелүү сурамды өтүнмө ээсине жөнөтүүнүн негизи болот. Бирок бул алдын ала экспертиза жүргүзүүдө талаптардын бул тизмесиндеги камтылгандарга гана көңүл бурулат дегенди билдирбейт.  

2. Формуланын түзүлүшүн текшерүү 

Эреженин 4.3.5. пунктунда камтылгандарда, формула пункту чектегич жана айырмалагыч бөлүктөргө бөлүү менен, ошондой эле андай бөлүүсү жок түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде ойлоп табуу жеке химиялык кошундуга, микроорганизмдин штаммына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын катарына кирсе, же окшоштугу жок ойлоп табууга кирет, же болбосо ал белгилүү дайындалыш боюнча колдонулган түрдө мүнөздөлүп, формуласы айырмаланган белгилерди бөлүп көрсөтүүсүз түзүлөт. Калган учурларда өтүнмө ээси жогоруда көрсөтүлгөн формулалардын түзүлүшүнөн кайсынысын болбосун тандап алууга укуктуу.

Ойлоп табуунун формуласы, өтүнмө берилген ойлоп табуунун окшоштугу бар болгондо белгилердин жыйындысы бөлүктөргө бөлүнбөй жазылышы мүмкүн. Ошентип, эгерде сыпаттаманын “техниканын деңгээли” бөлүгүндө өтүнмө ээси тарабынан ага белгилүү окшоштук көрсөтүлүп, ал эми ойлоп табуунун формуласы айырмалоочу белгилери бөлүп көрсөтүлүүсүз түзүлсө, Эрежеде формулага коюлган талаптарды бузуулар жок болот.

Ойлоп табуунун формуласынын пункту бир сүйлөм түрүндө берилет. Ошентип, мисалы, формуланын көз карандысыз пунктунда бир нече сүйлөм бар болсо, көрсөтүлгөн талапты бузуу катары кароого болот.

Ошол эле убакта пунктуациянын эрежеси боюнча, бир сүйлөмдүн чегинде анын бөлүктөрүн бири-биринен үтүрлүү чекит менен бөлүүгө жол берилет. Ошондуктан өтүнмө ээси тарабынан ойлоп табуунун формуласынын пунктун мындай баяндоо үчүн тоскоол болбошу керек.

Өтүнмө ээси тарабынан ойлоп табуу пунктка көз карандысыз көп тогоолу формулада мүнөздөлгөн учурда жазылгандардын акыркысынын тууралыгы текшерилет.

Мында чектегич бөлүктүн көз каранды пункту, эреже катары, көз карандысыз пунктта жана формуланын башка пунктунун шилтемесинде келтирилгендерге салыштырмалуу, кыскача баяндалат, ойлоп табуунун дайындалышын чагылдырган тектик түшүнүктү гана камтый тургандыгын эске алуу керек, мисалы:

“1. Беттелген материалды кесүү үчүн кайчы ... камтып,

"2. 1-п. боюнча кайчы ... менен айырмаланып,”

Эгерде формуланын көз карандысыз пункту, маселен, “... үчүн кайчы” деген сөздөр, ал эми ага баш ийген көз каранды пункту – “... п. боюнча түзүлүш” деген сөздөр менен башталса, өтүнмө ээсине терминологиянын бирдиктүүлүгү талаптарынан келип чыккан формуланын түрдүү пункттарында көрсөтүлгөн тектик түшүнүктөрдү дал келтирүүнү сунуштоо керек.

Ошол эле учурда, эгерде формалдуу экспертиза жүргүзүүдө өтүнмөнүн материалдарын тариздөөгө карата башка бузуулар табылбаса, өтүнмө ээсине жогоруда көрсөтүлгөн шылтоо боюнча гана сурам жөнөтүү максатка ылайыктуу эмес.

Өтүнмө ээси тарабынан көп тогоолуу формулалардын түзүлүшүнө коюлган талаптардын сакталышын текшерүү менен, көз каранды пункттардын баш ийүүчүлүгүн өтүнмө ээси кандай белгиленгендигине маани берүү керек.  

Эреженин 4.3.7 пунктунун (2) пунктчасына ылайык формуланын бир нече пункттарына (көптүк көз карандылык) көз каранды пункттун баш ийүүсүндө, аларда шилтеме альтернативаларды пайдалануу менен көрсөтүлөт, мисалы:

“4. 1-п. же 3-п боюнча түзүлүш” же

“4. 1-3 п.п. ичинен бири (ар бири) боюнча түзүлүш”.

Көптүк көз карандылыгы менен формуланын пункту көптүк көз карандылыгы менен формуланын башка пункттары үчүн негиз катары кызмат кылбай турганын эстен чыгарбоо керек.

Мисалы:

"1. Алуу ыкмасы...

2. ... 1-п. боюнча ыкма

3. ... 2-п. боюнча ыкма

4. ... 2 же 3 п.п. боюнча ыкма

5. ... 1 же 4 п.п. боюнча ыкма”

Келтирилген формулада төртүнчү көз каранды пункт көптүк көз каранды пункт болуп саналат, анткени ал түздөн-түз бир нече – экинчи жана үчүнчү пункттарга баш ийет. Мындай көз каранды пункттарды формулага киргизүү Эреженин талаптарына карама-каршы келбейт. Көптүк көз каранды пункттарга формулада каралган бешинчи пункт дагы кирет, бирок бул пункт түздөн-түз баш ийген пункттардын ичинен төртүнчү болуп эсептелет, ал дагы көптүк көз каранды пункттардан болуп саналат. Көп тогоолуу формулалардын түзүлүшүнүн так ушундай өзгөчөлүгү көптүк көз карандылыгы менен пунктта (каралган мисалда – төртүнчү пункт) көптүк көз карандылыгы менен башка пункт үчүн (бешинчи пункт үчүн) жол берилгис болуп саналат.

Эгерде ойлоп табуу тобуна кирген формулада баш ийүүчүлүк бир нече көз каранды пункттарга дароо көрсөтүлгөн көз каранды пункт бар болсо, көз каранды пункттарды топтоштуруу тартибине кирген Эреженин 4.3.4. пункттарынын акыркы абзацтарынын талаптарында бузулуулар болот, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

Бир нече көз каранды пункттарды камтыган формулаларды текшерүүдө формулаларда мындай пункттарды баяндоонун иреттүүлүгүнө кайсы-бир талаптар Эрежеде камтылбагандыгын эске алуу зарыл. 

3. Ойлоп табуунун формуласынын мазмунун текшерүү 

Формуланын жазылышынын тууралыгын текшерүүдө баарыдан мурда, формулада укуктук коргоо суралган ойлоп табуунун объектисине карата көрсөтмө камтылганын белгилөө керек. Формулада кайсы объект мүнөздөлгөнүн белгилөө үчүн анда объектинин (түзүлүш, ыкма, буюм ж.б.у.с.) тигил же бул түрүнө түздөн-түз жеке көрсөтүүнүн бар болушу милдеттүү эмес. Ойлоп табуунун конкреттүү объектисине таандыктыгы жөнүндө формуланын маани-маңызы боюнча текшерүү жетиштүү. Эгерде формулада “Оруу-жыюу машиналары” же “Нымдуулукту өлчөө үчүн прибор” мүнөздөлсө, анда сөз түзүлүш жөнүндө жүрүп жаткандыгы түшүнүктүү.

Эгерде формула, мисалы төмөндөгүдөй түрдө: “Токойдун өртүн өчүрүү үчүн өзүнөн күлмайданы же суюктукту көрсөткөн жалынды басуучу курам менен толтурулган сыйымдуулукту алып жүрүүчү вертолет колдонулат” деп берилсе, кайсы объектке укуктук коргоо суралганын белгилөө мүмкүн эмес болуп көрүнөт.

Өтүнмө берилген ойлоп табуунун кайсы конкреттүү объектиге таандыктыгын табуу мүмкүн болбогон учурда, өтүнмө ээси укуктук коргоо суралган объектини аныктоого мүмкүндүк түзүүчү ойлоп табуунун мүнөздөмөсүн берүүсү керек.

Өтүнмө берилген ойлоп табуу кайсы объектиге тиешелүү экендигин белгилөө менен формулада тийиштүү түрдүн белгилери камтылганын аныктоо керек. Иш жүзүндө өтүнмө ээси ойлоп табуунун тиешелүү объектисинин белгилеринин ордуна формулага техниканын объектисинин пайдалануу көрсөткүчтөрү жана анын керектөө өзгөчөлүктөрү же мисалы, “Транспорттук каражат, мунусу менен айырмаланат (мүнөздөлөт), ал бензинди аз коротуу менен алыскы аралыкка жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылат” деген ойлоп табууну жүзөгө ашырууда жана/же пайдаланууда орду бар натыйжалар жана кубулуштар жөнүндө маалыматтарды гана камтыган учурлар белгилүү.

Эгерде формуланын ушундай өзгөчөлүгү табылса, өтүнмө ээсине Эреженин 19.19 пунктунун 1-пунктчасынын 5-абзацына ылайык формулага ойлоп табуу объектилеринин белгилерин киргизүү сунушу менен сурам жөнөтүлөт. Мында өтүнмө ээсине Эреженин 4.2.5. пункттарынын кайсы пунктчаларын колдонмо кылып алуусу керектигин көрсөтүү максатка ылайыктуу.

Формула жогоруда белгиленген 3.2. пункттагы жетишпестиктерди камтыбаган жана ойлоп табуунун белгилерин камтыган учурда алар өздөрүнүн мүнөздөрү боюнча укуктук коргоо суралган ойлоп табуунун объектилерине дал келишин белгилөө керек.

Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табуу түзүлүшкө (ойлоп табуунун объектиси катары) тиешелүү болсо, анын мүнөздөмөсү үчүн Эреженин 4.2.5. пункттарынын (2) пунктчасында көрсөтүлгөн белгилердин пайдаланганын текшерүү керек. Мында түзүлүштүн конструктивдүү аткарылыш мүнөздөмөсүндө, анын кыймылдуулугун (таяныч элементи кайтма-алга умтулма жылып жүрүү мүмкүндүгү менен орнотулган), белгилүү функцияларды (пластина тулкунун капталындагы тешикти жарым-жартылай жабуу мүмкүндүгү менен орнотулган) ишке ашыруу мүмкүндүгүн көрсөтүүгө Эреже боюнча жол бериле тургандыгын эске алуу керек.

Укуктук коргоо ыкмага суралган учурда формулада Эреженин 4.2.5 пунктунун (3) пунктчасында саналган белгилер камтылышы керек.

Ыкманын мүнөздөмөсү үчүн жол берилген белгилердин ичинен бирөө, эгерде ал ыкманын аракетин (аракеттерин) ишке ашыруу шарттарына кирсе, түзүлүштү пайдаланууга көрсөтмө болуп санала тургандыгын эске алуу керек. Ошону менен бирге “ыкмага формулада” түзүлүштү ачуунун тереңдиги өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алуу үчүн керектиги менен аныкталат. Кээ бир учурларда жалпы түшүнүктө берилген түзүлүштүн дайындалышына көрсөтүү гана жетиштүү (баштапкы материал шар сыяктуу тетиктен турган тегирменде майдаланат). Башка учурларда анын аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн ыкмага колдонулуучу түзүлүштү конструктивдүү аткаруу маанилүү болушу мүмкүн (полотнонун катмары өңүр сыяктуу аткарылган жана узунунан кеткен тешиги бар, узундугу 1/5 ийненин узундугун түзгөн ийненин жардамы менен тигилет).

Затка кирген ойлоп табуунун формуласына талдоо жүргүзүү менен 4.2.5 пункттун (4), (5), (6) пунктчаларынын, ошондой эле Эреженин 4.3.10 пунктунун мазмунун эске алуу керек. Мында композицияны мүнөздөгөн ойлоп табуунун формуласы алардын сандык мазмунуна тиешелүү, анын ингредиенттеринин жана белгилеринин курамына киргендерден сырткары, түрлөрүнөн дагы калып калбоосу керек. Бирок Эреже менен мындай белгилердин анчалык маанилүү болбогондугу анык болгондо, бул талаптан баш тартууга жол берилет.

Өтүнмө берилген ойлоп табуу кайсы ойлоп табуунун объектисине киргенине карабастан, формуланын мазмунун текшерүүдө төмөндөгү жагдайларды эске алуу керек.

Эреженин 4.2.5 пунктунда келтирилген белгилердин тизмесинин ар биринен мурда “Мүнөздөмө (объектинин түрү келтирилет) үчүн, анын ичинде, төмөндөгүдөй белгилер колдонулат” деген жазуу берилет.

Демек, ойлоп табуунун кайсы болбосун объектисине мүнөздөмө үчүн пайдаланылган, Эрежеде келтирилген белгилердин тизмеси толук болуп саналбайт. Ушул жагдайдын күчүндө башка тизмелерде эске алынган тизмелердин же белгилердин ичинен бирине дагы кирбеген, бир тизмеден, белгиден түздөн-түз алынган белгиден башка ойлоп табуунун формуласында бар болгонго жол берилет деп эсептелет (б.а. өтүнмө берилген ойлоп табуунун объектисине караганда башкага кирген).

Ошентип, түзүлүштүн формуласында түзүлүш арналган продуктыны алуу мүнөздөмөсүн камтылышы керек (өтүнмө берилген түзүлүштүн өзүнүн белгилеринен тышкары), мисалы, пластмасса капкактарды калыпка салуу үчүн түзүлүш капкактын конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнө тартуу менен мүнөздөлөт, же башка түзүлүштүн мүнөздөмөсүндө корголуучу түзүлүштү иштетүүдө гана өз ара аракет жүзөгө ашырылат, мисалы, кескичти кармап туруучу, кескичтин конструктивдүү өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлөт. Түзүлүштүн формуласында белги катары түзүлүш ишке кире турган параметрлердин чөйрөсү менен бул түзүлүштүн параметрлеринин өз ара байланыштары көрсөтүлүшү мүмкүн (нефть түтүктөрүнүн ички беттерин тазалоо үчүн кыргычтын формуласында белги катары нефтинин жабышкактык көрсөткүчү менен кыргычтын материалынын серпилгичтик көрсөткүчүнүн өз ара байланышы камтылат).

Түзүлүштүн формуласында жогоруда көрсөтүлгөн себептердин күчүндө бул түзүлүштүн белгилеринен сырткары, өзүнүн мүнөзү боюнча материалдык объектинин үстүндөгү аракет болуп саналган, ошол себептүү ойлоп табуунун объектиси катары ыкмага “таандык” болгон белгилер камтылышы мүмкүн. “Полотнону иштеп чыгуу үчүн түзүлүш ысытуучуну жана тартып чыгаруучу үбөлүктү камтып, мунусу менен айырмаланат, тартып чыгаруучу үбөлүк кесилген түрүндө аткарылган, ал эми полотнону ысытканда анын антистатикалык иштеп чыгуус жүзөгө ашырылат”.

Алдын ала экспертизалоонун талаптарынын позициясынан формуланын мазмунуна талдоо жүргүзүүдө эксперт Эрежеде белгинин берилиш формасына карата кандайдыр-бир атайын чектөө камтылбагандыгы жөнүндө унутпашы керек. Ал сөз жүзүндө же математикалык багынычтуулук түрүндө болушу мүмкүн.

Эгерде сөз “сандык белгилер” жөнүндө жүрсө, анда ал айрым маани түрүндө сыяктуу, мазмундардын аралыгы түрүндө дагы берилиши мүмкүн.

Белгилердин мындай берилиши үчүн тоскоолдук жок, анда иш жүзүндө көбүнчө “милдеттердин коюлушуна” жаңылыш мамиле жасалат. Мисалы, “жапкыч иштелип чыгарылуучу буюмдун бир тарапка гана өтүүсүн камсыз кылуу үчүн ушундай аткарылган”.

Эгерде өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алуу үчүн (түзүлүштүн башка белгилеринин жыйындысында) жапкычтын так ушундай аткарылыш өзгөчөлүгү жетиштүү болсо жана белгинин мындай мүнөздөмөсү үчүн толук белгиленген материалдык эквивалент бар болсо, экспертиза тарабынан эч кандай талап болбошу керек.

Эрежеде (4.3.1 пунктунун (5) пунктчасы) адис тарабынан мындай шилтемесиз белгинин маанилик мазмунун түшүнүү мүмкүн эмес болгон учурда, белгинин мүнөздөмөсүн өтүнмөнүн чиймесине же сыпаттамага шилтемеге алмаштырууга жол берилет.

Мисалы, түзүлүштүн конструктивдүү элементи татаал геометриялык формага ээ, аны математикалык же сөз жүзүндө сыпаттап берүү өтө эле кыйын. Мындай кырдаалда ойлоп табуунун формуласында мындай белгинин мүнөздөмөсү ошону менен катары, төмөндөгүдөй түрдө көрүнөт: “пластина, чиймеде (1-фиг.) тартылгандай формага ээ (же аткарылган)”. Мындай кырдаалда белгинин маанилик мазмунун түшүнүү үчүн чиймени тартуу түшүнүктүү, демек, бул бөлүктүн эч болбогондо акыркысы графикалык материалдарга коюлуучу талаптарды сактоо менен аткарылышы керек.

Ойлоп табуунун формуласынын мазмунун текшерүүдө маалыматтын булагына шилтеме менен белгинин мүнөздөмөсүн алмаштыруу учурларын табуу керек (мембрана АКШнын №   патентине сыпаттамасында ачылган материалдан жасалган”). Формулада белгилердин көрсөтүүнүн мындай формасына жол берилбегендиги Эреженин 4.3.1 пунктунун (5) пунктчасында көрсөтүлгөн.

Эгерде формулада белги жалпы кабыл алынган термин менен мүнөздөлбөсө (маселен, өтүнмө ээсинин өзү тарабынан биринчи “киргизилген”), техниканын деңгээлинин негизинде мындай белгинин маанилик мазмунун түшүнүү мүмкүн эмес болсо, өтүнмө ээсине формулага түзөтүү киргизүү сунушталат (өтүнмөнүн алгачкы документтеринин негизинде).

Эгерде ойлоп табуунун формуласында альтернативдүү белгилер камтылса, ал эми сыпаттамада өтүнмө ээси тарабынан мындай альтернативдүү белгилер ар түрдүү техникалык натыйжаларды камсыз кылары (ойлоп табуунун формуласынын башка белгилеринин жыйындысында) көрсөтүлсө, анда Эреженин 4.3.1 пунктунун (6) пунктчасынын талаптарын бузууга орун берилген болот.

Мисалы, ойлоп табуунун формуласы төмөндөгүдөй редакцияда берилсе: “Шариктүү калемсап тулкуну жана жазуучу учуна кийгизгичи менен өзөктү камтып, мунусу менен айырмаланат, тулку тунук же өтмө тешик менен аткарылган”.

Сыпаттамада тулкуну тунук аткарууда өзөктүн толтурулгандыгын визуалдык контролдоо мүмкүндүгү камсыз кылынарлыгы, ал эми тулкуну өтмө тешик менен аткарууда тулкунун ички жана тышкы басымын теңдөөгө жетишилип, ал пастанын бир калыпта агышын камсыз кыла тургандыгы жөнүндө түз көрсөтмөнү камтыйт. Эгерде мындай маалымат сыпаттамада камтылбаса, анда эксперт бузуу орду бар экендигин өз алдынча табууга аракеттенүүсүнүн кереги жок. Ойлоп табуунун формуласын Эрежеде коюлган талаптарга дал келишин текшерүүдө, эксперт анын көз каранды эмес пункту бир ойлоп табууга кире тургандыгын белгилейт (Эреженин 4.3.6 пунктунун (2) пунктчасы). Мисалы, эгерде ойлоп табуунун көз каранды пункту “Полотнону иштеп чыгуу ыкмасы жана полотнону иштеп чыгуу түзүлүшү” деген сөздөр менен башталса, анда бул талкууланып жаткан талапты бузууну күбөлөндүрөт.

Эгерде ойлоп табуу көз каранды пункттары бар көп тогоолуу формулада мүнөздөлсө, көз каранды пункттардын мазмуну, көз каранды пункту баш ийген ошол пункттун кандайдыр-бир белгисин же белгилерин алып салууга же алмаштырууга алып келбей тургандыгы белгиленет. Мисалы, көз каранды эмес пунктта конструктивдүү элементтин серпилгичтиги көрсөтүлсө, ал эми көз каранды пунктта ошол эле элементке карата ал катуу бекитилгендиги айтылган.

Эгерде көрсөтүлгөн мүнөздөгү бузуу табылса, анда Эреженин 19.13 пунктунун (7) пунктчасына ылайык өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласына тиешелүү түзөтүүнү киргизүү сунушу менен сурам жөнөтүлөт.

Мында өтүнмө ээси өзү тарабынан түзүлгөн формула тиешелүү болгон ойлоп табуу, ар башка көз каранды эмес пункттарда берилиши (берилген өтүнмөнүн алкагында) мүмкүн экендигин билдириши керек. 

4. Ойлоп табуунун формуласын, ал тарабынан ойлоп табуунун маани-маңызын жана сыпаттамага негизденгендигин туюнтуу жагынан текшерүү 

Мыйзамдын 18-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык ойлоп табуунун формуласы ойлоп табуунун маани-маңызын туюнтууга жана толугу менен анын сыпаттамасына негизделүүсү керек.

Ошол өтүнмө ээси тарабынан берилген формула ойлоп табуунун маани-маңызын туюнтканын белгилөөдө төмөндөгүлөрдү жетекчиликке алуу керек.

Эреженин 4.2.5 пунктунун (1) пунктчасына ылайык ойлоп табуунун маани-маңызы техникалык чечим катары ойлоп табуу менен техникалык натыйжаны камсыз кылууга жетишүү үчүн жеткиликтүү маанилүү белгилердин жыйындысында туюнтулат жана эгерде формула белгилердин мындай жыйындысын камтыса, анда ал ойлоп табуунун маани-маңызын туюнтуучу катары таанылат.

Келтирилгендерден ойлоп табуунун формуласынын көрсөтүлгөн талаптарга дал келишин текшерүү үчүн өтүнмөнүн материалдарын талдоонун негизинде кайсы белгилер маанилүүгө тийиштүү экендигин жана алар талдануучу формулага киргизилгенин белгилөө керек. Эгерде белгилер техникалык натыйжасы менен себеп-натыйжа байланышында турса, алар маанилүү деп эсептелет. Ошентип, белгинин маанилүүлүк көрсөткүчү болуп, ойлоп табуу багытталган жетишкендикке техникалык натыйжа саналат.

Демек, өтүнмө берилген ойлоп табуунун маанилүү белгилеринин жыйындысын табуу жолундагы биринчи кадам көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны табууга байланышкан. Бул үчүн биринчи кезекте, сыпаттаманын “Ойлоп табуунун маани-маңызы” бөлүмү талданат, анткени Эрежеге ылайык сыпаттаманын так ушул бөлүмүндө  техникалык натыйжа көрсөтүлөт, чечимге жөнөтүлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуунун милдети ачылат.

Техникалык проблеманы чечүүгө жаткан тандоо өтүнмө ээсинин артыкчылыктуу укугу болуп саналарын белгилөө керек жана ошол себептүү өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжанын мүнөзү эксперт тарабынан кескин баалоого жатпайт.

Ушуга байланыштуу өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжага жетүү менен ойлоп табууну пайдаланууда кандай конкреттүү пайда алынары жөнүндө суроо берилбеши керек.

Өтүнмө ээси тарабынан белгиленген арналыштын техникалык каражаттары бар арсеналды кеңейтүүгө байланышкан проблеманы чечүү керектигин эске алуу керек.

Мындай учурда техникалык натыйжа бул арналышты ишке ашыруу менен тыянакталат, ошону менен бирге өтүнмө ээсинин алдында бул каражатка кандайдыр-бир техникалык нарк берүү жөнүндө маселе турбашы керек. Техникалык натыйжа белгиленген арналышты ишке ашырууда гана тыянакталган учурда ошол же башка белгинин маанилүүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө бул белги ушул арналышты ишке ашыруу үчүн чындыгында эле керектүү экендигин аныктоо керек.

Өтүнмө ээси тарабынан чечилүүчү проблемаларды табуу жана мыкты түшүнүү, демек, ойлоп табуу багытталган жетишкендикке техникалык натыйжа үчүн өтүнмө ээси тарабынан сыпаттаманын “Техниканын деңгээли” бөлүмүндө келтирилген жана талап кылынган техникалык натыйжаны алууга тоскоолдук кылган себептерди талдоого тиешелүү маалыматтар абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Өтүнмө берилген ойлоп табуу багытталган жетишкендиктин техникалык натыйжасын табуу менен, ал белгилердин кандай жыйындысынын натыйжасы болуп саналганын белгилөө зарыл. Бул үчүн өтүнмө берилген ойлоп табуу тиешелүү болгон ошол техникалык тармактын билими керек. Башкача болгон учурда ойлоп табуунун белгилери менен техникалык натыйжанын ортосундагы себеп-натыйжа байланыштарын табуу мүмкүн эмес.

Өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны шарттаган белгилердин жыйындысы аныкталгандан кийин, ойлоп табуунун талдоо формуласында бул жыйындыдагы бардык белгилердин камтылганы аныкталат.

Эксперт тарабынан кайсы-бир белгинин маанилүүгө тиешелүүлүгү аныкталган, ал ойлоп табуунун көз каранды эмес пункттунда жок болгон, сыпаттамада же көз каранды пунктта гана эске алынган учурда өтүнмө ээсине аны көз каранды эмес пунктка киргизүү сунушталат, мында эксперттин сунушу өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжага жетүүгө белгинин таасирин тастыктаган тиешелүү далилдер менен коштолот (Эреженин 19.13 пунктунун (2) пунктчасы).

Формуланы текшерүүдө бул этапта ойлоп табуунун кайсы-бир белгиси өтүнмө ээси тарабынан андай тастыктоонун көрсөткүчтөрү келтирилбестен, маанилүү деп аталган кырдаал пайда болушу мүмкүн. Бул жагдай өзүнөн-өзү өтүнмө ээси менен сүйлөшүүгө киришүү үчүн жеткиликтүү негиз болуп саналбайт. Эгерде экспертте каралып жаткан белгинин техникалык натыйжага таасирин четке каккан, эч болбогондо аны күмөнгө калтырган техникалык мүнөздө кандайдыр-бир аргументтери бар болсо, анда бул маселени өтүнмө ээси менен талкуулоо толук акталган болот, ошону менен бирге эксперттин позициясын тастыктоочу маалымат булактарын тартуу орундуу болот.

Эгерде эксперт талдануучу белгинин маанилүүлүгүн баалай албаса (мисалы, тематиканын “байыркылыгынан” же техниканын конкреттүү тармагында иштеген мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жеткиликсиз изилденгенинен) жана өз алдынча, атайын адабият боюнча маселени бир кыйла терең изилдөө аракети экспертке кандайдыр-бир пикир түзүүгө жардам бербесе, анда өтүнмө ээсинин тастыктоосуна макул болушу жана көрсөтүлгөн белгини маанилүү катары карашы керек.

Өтүнмө ээси тарабынан берилген ойлоп табуунун формуласы бир нече жолу маанилүү эмес белгилерди камтыганын практика көрсөтүп келет. Бул жагдайды табууда эксперт төмөндөгүлөрдү жетекчиликке алат.

Эгерде ойлоп табуунун формуласы техникалык натыйжаны алуу үчүн жетиштүү маанилүү белгилердин жыйындысын, андай жыйындыдан сырткары, маанилүү эмес белгилерди камтыса, анда мындай формула ойлоп табуунун маани-маңызын туюнтат, маанилүү белгилердин көрсөтүлгөн жыйындысы маани-маңызын туюнтууга “жооп бергендиги” үчүн анык болуп саналат деген тыянак чыгарууга болот. 

Эрежеде маанилүү эмес белгилердин формулада камтылышына тыюу салуучу атайын ченемдер жок. Демек, каралып жаткан кырдаалда формула талаптардын бул бөлүгүндө ага коюлуучу бузууларсыз түзүлгөн, ошол себептүү өтүнмө ээсине формулада маанилүү эмес белгилердин болушуна байланыштуу доо болбошу керек.

Ошол эле мезгилде формулада маанилүү эмес белгинин болушу, эреже катары, патент ээсинин кызыкчылыктарына дал келбейт (эгерде мындай белгини формулага киргизүү конъюнктуралык түшүнүүнү чакырбаса жана өтүнмө ээси тарабынан түшүнүп туруп жасалбаса). Өтүнмө ээсинин кызыкчылыктары жөнүндө кам көрүү менен (келечектеги патент ээси катары) эксперт бул жагдайга жана маанилүү эмес белгилер ойлоп табуунун формуласында сакталган учурда келип чыгуучу укуктук коргоонун көлөмүнө карата зыяндарга анын көңүлүн бурушу керек.

Өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамдан келип чыгуучу формула сыпаттамага толугу менен негизделиши керектиги менен тыянакталган экинчи талаптын сакталуусун текшерүүдө, сыпаттамада ушундай формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун ачылганы, ошондой эле сыпаттама менен ойлоп табуунун берилген формуласы менен аныкталган укуктук коргоонун көлөмүнүн тастыкталганы белгилениши керек.

Сыпаттамада ойлоп табуу, биринчи кезекте, формулада жана сыпаттамада камтылган түшүнүктөрдүн терминологиялык жактан дал келүүсүнө орун болгон учурда ачылган деп таанылат.

Мындай кырдаал бир кыйла жөнөкөйгө кирет жана эреже катары маселелерди пайда кылбайт.

Өтүнмө ээси тарабынан маанилери боюнча дал келген, бирок терминологиялык жактан ар түрдүү түшүнүктөр сыпаттамада жана формулада пайдаланылса каралып жаткан талаптарды бузуу катары таанылбайт. Ошентип, өтүнмө ээси тарабынан үзүлмө айлантууну берүү үчүн механизмдин сыпаттамасында “мальтия крести” түшүнүгү колдонулуп, ал эми формулада ал “мальтия механизми” деп аталат, же ойлоп табуунун формуласында “керме чыгырык” деп көрсөтүлүп, сыпаттамада “леникс” (чанда колдонулуучу, эскирген аталыш) деп аталат.

Формулада көрсөтүлгөн түшүнүк сыпаттамада эске алынбай, бирок толугу менен анын мазмунунда ачылган кырдаалдар жок эмес. Мында техниканын тиешелүү тармагынын адисине пайдаланылган формуладагы түшүнүккө так ушундай мазмундун дал келери түшүнүктүү (зарылчылыгына жараша бул маалымат булактары менен тастыкталышы мүмкүн).

Мисалы, формулада “коаксиалдуу жайгашкан түтүктөр” түшүнүгү киргизилген, ал эми сыпаттамада түшүнүк пайдаланылбастан, “коаксиалдуу” деп көрсөтүлгөн, анда түтүктүн бири экинчисине ушундай түрдө жайгашкан, алардын октору дал келүүдө.

Көрсөтүлгөн учурларда формуланын сыпаттамага негизделгендик талабы бузулган катары көрүнгөнү менен, бирок бул бузуу чынында формалдуулукка тиешелүү, ошондуктан бул жагдайды өз алдынча предмет катары карап, өтүнмө ээси менен талкуулоонун кереги жок.

Эгерде ойлоп табуунун формуласына киргизилген түшүнүк сыпаттамада анын так формуларивкасында жок болсо жана мындай түшүнүктөрдүн мазмуну ачылбаса каралып жаткан талап бузулган деп эсептелет.

Талкууланып жаткан талаптардын алкагында өтүнмө ээси тарабынан пайдаланылган белгинин мүнөздөмөсүн жалпылоо баскычын колдонуунун укуктуулугу текшерилет.

Эксперт тарабынан төмөндөгү кырдаал өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Ойлоп табуунун формуласында жалпы түшүнүк пайдаланылган, ал эми сыпаттамада ошол түшүнүк менен мүнөздөлгөн белгилерди жеке ишке ашырууда жеке формаларды пайдалануу менен ойлоп табууну жүзөгө ашыруунун бир катар мисалдары камтылган. Ошону менен бирге бардык көрсөтүлгөн жеке формалар жалпы түшүнүк менен камтылат, бирок аны толук бүтүрө албайт.

Мисалы ойлоп табуунун формуласында обочолонтуу материалынын курамына текстиль буласы кире тургандыгы көрсөтүлгөн. Сыпаттамада полиамиддик жана полиэфирдик текстиль буласын пайдалануу менен ойлоп табууну ишке ашыруунун мисалдары келтирилген. Мындай учурда өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжада ойлоп табуунун башка белгилери менен бирге жетүү үчүн “текстиль буласы” белгисинин жеткиликтүүлүгүн тастыктоочу маалыматтар сыпаттамада бар экендигин белгилөө керек. Көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасы жөнүндө сылык-сыпаа тыянакты ойлоп табуу кирген техниканын жаатындагы адистер гана чыгара алышат.

Техникалык натыйжага жетишүү мүмкүндүгүндөгү кырдаал эксперименттин натыйжалары менен гана тастыкталбайт. Мындай учурда сыпаттамада ойлоп табууну жүзөгө ашыруу мисалдары барбы, ошону менен бирге керектүү маалыматтар келтирилгенби, алар мындай техникалык натыйжаларга жетүү мүмкүндүгү жөнүндө тыянак чыгаруу үчүн, берилген мисалдарда камтылган жеке учурларда гана эмес, жетиштүүбү, ошолорду текшерүү зарыл. 

5. Ойлоп табуунун формуласында киргизилген белгилердин бирдейлешүүсүн текшерүү 

Эксперт өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамда камтылган талаптардын сакталышын текшерүүдөн сырткары, Эрежеде камтылган ойлоп табуунун формуласына коюлган башка талаптардын сакталышын белгилейт. Мындай талаптарга, белгилерди бирдейлештирүү талаптарына, б.а. белгилердин маанилик мазмунунун техникалык деңгээлинин негизинде адистин түшүнүү мүмкүндүгүнө байланышкан, Эреженин 4.3.1 пунктунун (4) пунктчасынын талаптары кирет.

Өтүнмөнүн материалдарынан (б.а. маалыматтардын кайсы-бир булактарында артыкчылык датасына чейин пайдаланылган) гана белгилүү болгон терминдерде мүнөздөлгөн белгилердин тиешелүү көрсөтүлгөн талаптары таанылышы мүмкүн эмес.

“Атайын конструкциянын билгизгичи”, “организмге өзгөчө таасир этүүчү дары-дармек” сыяктуу түшүнүктөр, белгиленген маанилик мазмунга ээ эмес (бирок, эгерде ал төмөндөгү түрдө “аспап нымдуулук билгизгичине жана атайын ал үчүн арналган таяныч элементине ээ” деген жазууну камтыса, каралып жаткан талаптардын көз карашынан формуланы кескин баалоого болбойт).

Белгинин формуласында техниканын деңгээлинин негизинде адис тарабынан түшүнүксүз болгон маанилик мазмун табылганда, эксперт сурамда булар жөнүндө өтүнмө ээсине билдирет. Мында сурамдын талкууланып жаткан маселеге тиешелүү бөлүгүнүн мазмуну конкреттүү кырдаалга жараша болот. Эгерде белги сыпаттамада талап кылынган баскычта ачылса, өтүнмө ээси алгачкы сыпаттаманын негизинде формулага оңдоолорду киргизүү жолу менен формулада табылган жетишпестиктерди калыбына келтире алат, сурамда анын көңүлүн ушул жагдайга буруу керек. Мындай учурда белгилерге оңдоо киргизүү мүнөзүнө байланышкан эксперттин конкреттүү сунуштары пайдалуу болот.

Формулада көрсөтүлгөн белги талкууланып жаткан дал келбегендиги табылган, алгачкы сыпаттамасында ачылбаган жана өтүнмө ээси өтүнмөнүн алгачкы материалдарынан четке чыкпастан бул белгилердин мүнөздөмөсүн тактай албаган учурда, анда бул жагдай сурамда чагылдырылышы керек.

Эгерде өтүнмө ээси белгилерде камтылган көрсөтүлгөн өзгөчөлүгү (ал сыпаттамада ачылдыбы же жокпу, ага карабастан) менен ойлоп табуунун формуласынын редакциясын сактоо сөзүнөн кайтпаса, ал кийинки кароого кабыл алынат, бирок белгинин ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө каралып жаткан талаптарга дал келбөө аракети түшүнүгү эске алынбайт.

Эгерде белгинин мүнөздөмөсү, маселен, “атайын конструкциянын температура билгизгичи” түрүндө болсо, анда ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн “температура билгизгичи” мүнөздөмөсү эске алынат.

Эксперт адис тарабынан белгинин маанилик мазмунун түшүнүүнүн принципиалдуу мүмкүндүгүн гана белгилей тургандыгын баса белгилөө керек. Бул, эгерде белги, ал көрсөтүлгөн талапка дал келе тургандай мүнөздөлсө, бирок өтүнмө ээси тарабынан эскирип калган же техниканын конкреттүү тармагында сейрек колдонулган терминология пайдаланылса, өтүнмө ээсине доо талаптар болбошу керектигин билдирет. Ушундай учурда дагы өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласынын бир кыйла ийгиликтүү редакциясын тандоо сунуш кылынышы керек, бирок мындай сунуштун өтүнмө ээси тарабынан кабыл алынбоосу, ал үчүн зыяндуулук алып келбеши керек.

Өтүнмө ээси ойлоп табуунун формуласында мүнөздөмөсү толук аныкталбагандай (“материалдын температурасы 160 градуска жакын Цельсияны көтөрөт”, “рычагды айландыруу огу валдын таянычына жакын жайгашкан”) көрүнгөн белгилерди, же патент ээлеринин укуктарын ишке ашыруунун бардык чөйрөлөрүндө мүмкүн болбогон “табуу” белгилерди пайдаланышы мүмкүн.

Акыркыга укуктук коргоо суралган объектиге карата “сырткы” деп аталуучу белгилер кирет (мисалы, ал алуу үчүн арналган продуктынын көрсөткүчтөрү, же пайдаланууда гана ал өз ара аракеттенген башка түзүлүштүн көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүчү түзүлүш). Мындай учурларда эксперт өтүнмө ээсине ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнүн ушундай мүнөздөлөшүн тааныган учурда өтүнмө ээси аны пайдалануу фактысын белгилөөдө кыйынчылыктарга кабылыш мүмкүн экендигин кабарлашы керек. Бирок мындай учурларда эксперт формуланы оңдоого мажбур кылууга укугу жок.

Эгерде өтүнмө ээси тарабынан белгинин мүнөздөмөсүнө жеке ысмы же атайын аталышы киргизилсе (мисалы, “Вишневский мазы”, “Уатта жөндөөчүсү”), анда ал, эгерде мында Эреженин 4.3.1 пунктунун (4) пунктчасынын талаптары бузулбаса, ушундай түрдө сакталышы мүмкүн.

Ойлоп табуунун формуласында жеке ысмын же атайын аталыштарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу мындай пайдалануунун талкууланып жаткан талаптарга түздөн-түз байланышпаган, бир өзгөчөлүгүнө көңүл буруу керек.

Каражат – жакын окшоштук ошондой эле ат же атайын аталыш менен белгилүү болгон учурдан башка, алардын арналыштарын чагылдырган тектик түшүнүктөрдүн курамындагы ойлоп табуулардын формуласында жеке ысмы же атайын аталышы көрсөтүлбөйт. Акыркы учурда, бирок, өтүнмө берилген каражат жакын окшоштуктан айырмасы бар болгонуна карабастан, адистерде белгилүү ысымды же атайын аталышты эске салууга ассоциацияланган, анын негизги өзгөчөлүктөрү кетиргенчелик анын салыштырмалуу өзгөрбөгөнүнө ынануу керек.

Жогоруда айтылгандарга кошумча Эреженин 4.3.1 пунктунун (4) пунктчасынын талаптарына ылайык көз караштан ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө, бул талап адистер тарабынан белгилердин формуласында камтылган маанилик мазмунду түшүнүүгө багытталганына көңүл буруу керек. Ушуга байланыштуу белгилерди мүнөздөө үчүн пайдаланылган түшүнүктөрдүн укук ченемдүүлүктөрүнө күмөн саноо пайда болгон учур жок эмес, ал түшүнүктөр илимий-техникалык адабияттарда илимий эмес деп киргизилген, ага карабастан, техниканын деңгээлине кирген булактарда аларды пайдаланууга орун берилет.

Ошентип, эгерде ойлоп табуунун формуласына “астралдык тело” деген белги киргизилсе, анда өтүнмө ээсине өтүнмө берилген ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейинки адабиятта анын кеңири пайдаланылгандыгын далилдөө кыйынга турбайт. Бирок “Азыркы түшүнүктөрдүн жана терминдердин кыскача сөздүгүндө” (М., “Республика” басмасы, 2000, 45-б.) “астралдык тело” термининин ачык илимий-техникалык тармакка жатпаган диний ырым-жырым жаатындагы түшүнүктөрү киргизилген, ошондуктан бул белги Эреженин 4.3.1 пунктунун (4) пунктчасынын талаптарына ылайык тааныла албайт. 

6. Ойлоп табуунун формуласын, натыйжасынын өзгөчөлүгүн алуу үчүн ага киргизилген белгилердин зарылдык көз карашынан текшерүү 

Эреженин 19.13 пунктунун (2) пунктчасына ылайык ойлоп табуунун формуласын текшерүү техникалык натыйжаны алуу үчүн керектүү белгилерди аныктоону камтыйт.

Көпчүлүк учурларда натыйжанын техникалык өзгөчөлүгү тигил же бул белгилерди (башка белгилер менен жыйындысында) алуу үчүн “жоопкерчиликтүү” экендиги күмөн келтирбейт.

Күмөн саноо пайда болгон учурда, натыйжалардын өзгөчөлүктөрүн баалоонун багыты Эреженин 4.2.5 пунктунун (1) пунктчасында камтылган жетишилген натыйжа техникалык деп эсептелбеген кырдаалдардын тизмесине кызмат кылат.

Анын ичинде, эгерде ал анын катышуучуларынын ортосундагы келишимдин же белгиленген эрежелердин негизинде ишмердүүлүктүн тигил же бул түрлөрүн жүзөгө ашырууда белгиленген тартипти сактоонун натыйжасында гана жетишилген болсо, натыйжа техникалык өзгөчөлүктөрү бар деп эсептелбейт. Мындай кырдаалдардын мисалы катары транспорттук каражаттардын айдоочулары белгиленген үлгүдө светофордун жарыктык сигналдарынын комбинацияларына реакция кылууларына ылайык жол кыймылын башкаруунун ыкмасына тиешелүү сунуштар болушу күтүлөт.

Алынган натыйжа, ал тигил же бул маалыматты алууда гана тыянак чыгарылган жана математикалык ыкмаларды, электрондук эсептегич машиналар үчүн программаларды колдонуунун же андагы алгоритмдерди пайдалануунун натыйжасында гана жетишилген болсо, техникалык деп эсептелбейт. Мисалы, мындай натыйжа болуп, мурда алынган геологиялык сүрөткө тартып алуулардын маалыматтарын иштеп чыгуунун бир кыйла жакшыртылган математикалык алгоритмди пайдалануунун натыйжасында пайдалуу кендердин чыккан жерлеринин чегараларын тагыраак аныктоо саналат. Мында жогоруда келтирилген эки шарттын тең сакталышына жана алардын түшүндүрмөлөрүндө “гана” деген сөздүн бар болушуна көңүл буруу керек. Эгерде, мисалы, кен чыккан жердин чегарасын тагыраак аныктоо үчүн геологиялык сүрөткө тартып алуу процессинин өзүн өзгөртүү талап кылынса, анда кырдаалды жогоруда аталганга киргизүүгө болбойт.

Мындан сырткары, натыйжа кызыктыргычтыгын жана көрүнүшүн жогорулатууда гана турган учурда ал техникалык деп эсептелбейт. Мисал катары компьютердин жардамы менен оюндарды өткөрүүнүн ыкмасын атоого болот, анда көрсөтүлгөн түрдүн натыйжасы оюндун сюжетинин өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасында гана жетишилет.

Андан ары эгерде ал кайсы-бир алып жүрүүчүдө тигил же бул формада берилген маалыматтардын маанилик мазмунунун өзгөчөлүктөрү менен гана шартталса, алынган натыйжа, техникалыкка кирбейт. Мындай кырдаал, эгерде жеңил атлетика жарыштарын өткөрүүдө, жеңил атлетиканын кезектеги түрү жөнүндө көрүүчүлөргө маалымдоо үчүн көрсөтмө пиктограммалардын жарыктык таблолоруна жарыялоо сунушталса, орун алышы мүмкүн.

Эреженин 4.2.5 пунктунун (1) пунктчасы өтүнмө берилген ойлоп табуу маалымат алып жүрүүчүгө, анын ичинде машинада окулуучу же ушундай алып жүрүүчүнү алуу ыкмасына кирген учурларды камтыйт.

Эгерде техникалык натыйжа маалымат алып жүрүүчүдө жазылгандарда камтылган тапшырмаларды ишке ашыруунун натыйжасында гана пайда болсо, анда ал бул ойлоп табууну жайылтуучу каражаттарга, б.а. маалымат алып жүрүүчүгө же аны алуунун ыкмасына кирет деп эсептелбейт.

Бирок, маалыматты машинада окулуучу алып жүрүүчүгө карата мындай корутунду чыгаруу дайыма эле туура боло бербейт. Эгерде машинада окулуучу алып жүрүүчү (анын ичинде алмаштырма) эсептегич машина үчүн программаларды алып жүрүүчүдө жазылган башкаруунун астында техникалык каражаттардын иштөөсүнө түздөн-түз катышууга арналса жана мындай башкарууда техникалык натыйжа алуу камсыз кылынса, анда бул натыйжа алып жүрүүчүнүн өзүнө тиешелүү болот. Программанын башкаруусу астында иштеген техникалык каражат катары айтылып өткөндөр эсептегич машина, программалык башкаруусу менен станок ж.б.у.с. болушу мүмкүн.

Ошентип, мисалы, маалыматты машинада окулуучу алып жүрүүчүнү алмаштырма – ийкемдүү диск – анда “кысылган” түрдө ал дискке аларды жазууну камтыган жана файлдарды дискке көчүрүүдө автоматтык түрдө иштеп баштаган компьютердик программалар жазылган түрдө мүнөздөлүшү мүмкүн. Бул дискке жазылган маалыматтын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Диск көрсөтүлгөн түрдө иштеген, анда жазылган программанын натыйжасында техникалык өзгөчөлүккө – анын өзүнө таандык кеңейтилген “сыйымдуулугуна” ээ болот. Мындай натыйжа техникалык өзгөчөлүккө ээ болору айкын жана айтылып өткөн түрдө мүнөздөлгөн жана аталган өзгөчөлүккө ээ болгон өтүнүлгөн алып жүрүүчүнүн (дисктин) өзүнө тиешелүү.

Мисал, кайсы жерде карама-каршы тыянак жасалышы мүмкүн, өтүнмө берилген алмаштырма машинада окулуучу алып жүрүүчүгө – компьютердин катуу дискине инсталляциялоого арналган жогоруда айтылып өткөн программа түрүнө окшош жазылган оптикалык дискке тиешелүү. Жогоруда окшош деп аталган техникалык натыйжа, программаны инсталляциялоодон кийин, компьютердин катуу дискине карата анын иштөөсүндө жетишилет.

Бирок өтүнмө берилген алып жүрүүчү – оптикалык диск көрсөтүлгөн түрдө анда жазылган программа менен мындай натыйжаны алууга ортоктош болбойт жана компьютерге таптакыр катышпайт. Бул программаны алып жүрүүчүгө жазылган белгиленген артыкчылыктарга карабастан, бул учурда алып жүрүүчү анда жазылган программалардын кандай жол менен болсо да пайда болгон пайдалуу өзгөчөлүктөрүн даярдоодо же пайдаланууда каражат болуп саналбайт. Ал өзү үчүн маалыматтарды жазуу жана сактоо жана анын окулушуна жол берүү үчүн каражат болуу – кадимки ишин аткаруу менен бул программанын артыкчылыктарына “тиешеси жок”.

Мүмкүн, программаны алып жүрүүчүдө жазылгандарды пайдалануунун натыйжасында алынгандар техникалык натыйжа болуп санала тургандыгы жөнүндө, алып жүрүүчүнүн өзүн өтүнмө берилген ойлоп табууну жайылтуучу каражат катары маселени чечүү толугу менен программанын өзгөчөлүгүнө жараша болот, ал эми акыркысы алгоритм программасынын негизинде белгиленген натыйжа болуп саналат.

Эреженин 4.2.5 пунктунун (1) пунктчасында камтылган натыйжа жетишилген кырдаалдардын тизмеси техникалык болуп эсептелет, болжолдуу жана коротулбаган болуп саналат. Ошондуктан, Эреженин 19.13 пунктунда жазылган ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө натыйжаны алуу үчүн, бирок техникалык натыйжа болуп саналбаган керектүү белгилерди табуу жөнүндө унутпоо керек.

Ошентип, мисалы, таасирлердин, искусство чыгармалары тарабынан чыгарылган, ырым-жырымдар, ырым-жырым аракеттери ж.б.у.с. менен гана шартталган: “кайтарма каражаттар” же “дарексиз жоголгон адамды, ал адам мурда пайдаланган буюмдун реципиентин көрсөтүү жолу менен өлдү деп таануу ыкмасы” сыяктуу тиешелүү багыттагы натыйжалар техникалык натыйжа катары тааныла албайт.

Жогоруда каралган 6.1. жана 6.3 бөлүмдөрүндөгү түрлөрдүн ойлоп табуунун формуласындагы белгилерде бар экендиги табылганда өтүнмө ээсине анда ошондой белгилерди жок кылуу үчүн формуланы оңдоону жүзөгө ашыруу сунушталат. Ошону менен бирге өтүнмө ээсине мындай белгилер Эреженин 19.17 пунктуна ылайык ойлоп табууну ойлоп табуу деңгээлине дал келишин текшерүүдө эске алынбай тургандыгын, ал эми патент берүү учурунда аларды ойлоп табуунун формуласында сактоо укуктук коргоонун көлөмүн тарыта тургандыгын түшүндүрүү керек.

Техникалык болуп саналбаган, натыйжаны алуу үчүн гана керек болгон белгилердин спецификалык түрлөрү болуп, түзүлүштө сөз жүзүндө, сүрөт же кураштырылган белгилердин өзгөчөлүгү бар, ойлоп табуунун же түзүлүштүн объектиси болуп саналган, ойлоп табууда пайдаланылган, ыкмага тийиштүү болгон белгилер саналат. Мисалы, түзүлүштө толугу менен же анын элементинде кайра окулган текст, же бир катар сүрөттөрдүн сыпаттамасы (анын ичинде көлөмдүү), же болбосо текстин же сүрөттүн өзгөчөлүгүнө көрсөтмө [“маалымат берүүчү мазмундагы текст (юмордук же башка)”, “жаныбардын сүрөтү”] түрүндө жазуусу бар экендигин чагылдыруучу белгилерди колдонуу менен мүнөздөлгөн түзүлүшкө же түзүлүштү даярдоо ыкмасына өтүнмө берилет.

Ойлоп табуунун формуласынан мындай белгилер табылганда өтүнмө ээсине формуланы оңдоо сунушунан тышкары, жогоруда айтылып өткөн белгилердин дал келүү мүмкүндүгүнө, же алардын товардык белгилер (тейлөө белгилери), же товар чыгарылган жерлердин аталыштары менен аралашып кетүү баскычына чейин окшоштугуна көңүлүн кошумча буруу керек. Ушундай белгилер же аталыштар арналыш түзүлүшү же кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү түрлөрү жагынан бирдей товарлар үчүн башка жактар тарабынан алиге чейин катталган же келечекте каттала тургандарга тиешелүү болушу күтүлөт. Ойлоп табууну пайдалануу учурунда бул патент ээси менен товардык белгинин (тейлөө белгисинин) ээсинин укуктарынын кагылышына, же катталган товар чыгарылган жерлердин аталыштарынын карама-каршы укукта колдонууга алып келет.

Ошону менен бирге техникалык болуп саналбаган, кайсы болбосун “сүрөт” мүнөзүндөгү белгилерди билип туруп, натыйжаны алуу үчүн гана керектүү деп эсептөө ката болуп саналат. Дайыма тиешелүү белгинин функциясын “техникалык натыйжа” түшүнүгүнүн жалпы маанисинде жогоруда келтирилген Эреженин 4.2.5 пунктунун (1) пунктчасына шилтемени эске алуу менен жетишилген натыйжага анын таасир этүүсү көз карашынан кылдат талдоо керек.

Ошентип, мисалы, телекөрсөтүүнүн сыноо таблицасы белгиленген калыңдык линиялары менен аткарылып, анын талаалары графикалык элементтери менен белгиленген конфигурацияда жана түстө болуп, ошол же башка зоналарда жайгашып, ал берүүнүн сапатын жана сүрөттөрдүн берилишин, анын каталарынын мүнөзүн жана себептерин бир кыйла толук жана объективдүү баалоого мүмкүндүк бере тургандай мүнөздөлүшү мүмкүн.

Буюмдарды автоматтык түрдө сорттоо үчүн түзүлүш сырткы көрүнүшү боюнча сорттолуучу буюмдардын үлгүлөрдүн сүрөттөрүн алып жүрүүчүнү камтышы мүмкүн. Мындай учурда үлгүлөрдүн сүрөттөрү сорттолууга жаткан буюмдардын сүрөттөрү менен түзүлүштө болгон алып жүрүүчүгө дал келиши маанилүү. Мында түзүлүштүн иштешине байкоо жүргүзгөн адамдын ой жүгүртүүсү менен аларды кандай кабыл алары мааниге ээ эмес.

Келтирилген эки мисалда тең талкууланып жаткан белгилер техникалык эмес мүнөздөгү натыйжаны алуу үчүн гана керек деп тастыктоого жарабайт. 

7. Ойлоп табуунун белгилеринин мүнөздөмөлөрү үчүн

атаандаш түшүнүктөрдү пайдалануунун

тууралыгын текшерүү 

Эреженин 4.3.1 пунктунун (6) пунктчасында формуланын белгиси атаандаш түшүнүк түрүндө берилиши мүмкүн экендиги белгилүү.

Атаандаш түшүнүктөрдү пайдалануу бир эле техникалык натыйжаны алууну камсыз кылуучу (ойлоп табуунун башка белгилери менен жыйындысында) белгилерди ишке ашыруунун бир нече ар түрдүү формаларын мүнөздөөнүн зарылдыгы болгон, бирок мындай формаларды камтыган жалпы түшүнүк жок же аны пайдалануу мүмкүн эмес учурда жол берилет.

Мисалы, формуланын көз каранды эмес пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилген: “Аба чоргосу борбордук жана чет жакадагы алып келүүчү каналдарды камтып, мунусу менен айырмаланат: айланып агып өтүүчү форманын же цилиндрлик тереңдик менен агынга бурулган жагынан аткарылган анын кыстармасы бар”.Эгерде атаандаш түшүнүктөр өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн шарттарды (бир эле техникалык натыйжаны алуу) эсепке албоо менен пайдаланылса, Эреженин 4.3.6 пунктунун (2) пунктчасынын талаптары бузулганын тастыктоо үчүн негиз келип чыгат.

Ойлоп табуунун сыпаттамасынан (өтүнмөнүн материалдарына тиешелүү талдоо жүргүзүүдө эксперт ушуга ишениши керек) чоргодо айланып агып өтүүчү кыстарманын бар болушу шакек түрүндөгү формадагы агынды киргизүүдө жыйынтыкталган техникалык натыйжага жетүү камсыз кылынат, ал эми цилиндрлик тереңдик менен кыстарманын бар болушу агымга каршы түзүлүү менен жыйынтыкталган техникалык натыйжаны камсыз кылат, ал борбордук жана чет жакадагы каналдар аркылуу алып келинүүчү агымдарды активдүү аралаштыруу үчүн зарыл экендигин билүү керек.

Көрсөтүлгөн мүнөздүн бузулушу табылганда өтүнмө ээсине бул жөнүндө билдирилет жана ойлоп табуунун формуласын оңдоо сунушталат. Мында техникалык натыйжалардын формулада камтылган ар түрдүү атаандаш киргизилген белгилердин жыйындыларынын “иштөөлөрүнө” дал келбөөсү, Эреженин 3.3 пунктуна ылайык варианттарга ушундай жыйынды менен мүнөздөлгөн ойлоп табууну киргизүүнү мүмкүн эмес кыла тургандыгына өтүнмө ээсинин көңүлүн максаттуу буруу керек. Мындай маалымат өтүнмө ээсине, эгерде ал формуланы оңдоодо бул ойлоп табууну топ түрүндө берүүгө аракеттенген учурда, пайдалуу сезилет.

Берилген өтүнмөнүн алкагында өтүнмө ээси, же “атаандаштардын ичинен” бирөөсүн алып салуу менен, же болбосо бул атаандаштар үчүн жалпы техникалык натыйжа бар экендигин көрсөтүү менен кырдаалды оңдой алат.

Иш жүзүндө белги формулада үч (жана андан көп) атаандаш түшүнүк аркылуу мүнөздөлгөн, ал эми жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бузулуусу менен алардын ичинен айрымдары гана пайдаланылган кырдаалдарга мүмкүндүк болгон. Бул жагдай жөнүндө өтүнмө ээсине дагы кырдаалды толук талдоо менен билдирүү керек.

Кайсы бир учурларда формулада камтылган бардык “атаандаштар” бир эле техникалык натыйжаны алууну камсыз кылган, бирок алардын ар бири (же бөлүгү) дагы өзүнүн кошумча (кошо жүрүүчү) техникалык натыйжасын алууну камсыз кылган учурлар жок эмес. Бул атаандаш белгилерге коюлуучу талаптарды өтүнмө ээси тарабынан сактабоону таануу үчүн тосмо катары каралбашы керек. 

8. Формуланын көз каранды эмес пункту ойлоп табуунун бирине кириши керектигине ылайык талаптардын

аткарылышын текшерүү 

Өтүнмө ээси тарабынан берилген ойлоп табуунун формуласын бир көз каранды эмес пункту менен текшерүүдө эксперт ал Эреженин 4.3.6 пунктунун (1) пунктчасында жазылгандай, ойлоп табуунун бирөөсүнө тийиштүү экендигин белгилөөсү керек.

Формуланын көз каранды эмес пункту өтүнмө ээси тарабынан анда, ойлоп табуунун ар түрдүү объектилерине тиешелүү, ойлоп табуунун мүнөздөмөсү камтылгандай түрдө түзүлгөндөй сезилиши мүмкүн.

Формуланын көз каранды эмес пункту, эгерде ал каражаттардын жыйындысынын мүнөздөмөсүн камтыса, алардын ар бири жалпы арналыштын көрсөтүлгөн жыйындысын ишке ашыруусуз, жеке арналыштарга ээ болсо, бир ойлоп табууга тийиштүү болбойт.

“Кыргычты жана суу чачкычты камтыган топтом мунусу менен айырмаланат: кыргыч курчутулган болоттон жасалган, ал эми суу чачкычтын ар түрдүү диаметрдеги тешиктери менен башчасы бар”.

Формулада көрсөтүлгөн каражаттардын ар бири (кыргыч жана чачкыч) өздөрүнүн конкреттүү арналыштарына ээ, ишке ашыруу үчүн башка каражаттардын катышуусу талап кылынбайт, ошону менен бирге формулада бул каражаттардын жалпы арналыштарына кандайдыр-бир көрсөтмө жок.

Эгерде сыпаттамада бул каражаттар үчүн жалпы арналыштардын түз же кыйыр ачылышы жок болсо, анда өтүнмө ээси каралып жаткан бузууларды жоюу үчүн формуланы оңдой албайт, ал эми бул арналышты чагылдыруучу жаңы тектик түшүнүктү формулага киргизүү жөнүндө сунуш менен кошумча материалдар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маани-маңызын өзгөртүүчү катары таанылышы керек.

Эгерде сыпаттамада көрсөтмө камтылса, мисалы, өтүнмө берилген буюмдардын топтому муздун үстүн тазалоого арналган болсо, мында суу чачкыч менен кыргыч өз алдынча (каражаттарды тандоо муз тоңуу мүнөзүнө жараша жүзөгө ашырылат) же, мисалы, алгач иштетилип жаткан муздун бетине ысык сууну чачуу үчүн чачкыч, андан кийин музду механикалык жактан алып салуу үчүн кыргыч чогуу пайдаланылышы мүмкүн болгондо, каралып жаткан кырдаал оңдолушу мүмкүн.

Мындай шартта формула, арналыштын мүнөздөмөсүн, мисалы, төмөндөгүдөй түрдө: “Муздун үстүн алып салуу үчүн топтом (буюмдардын)” жазуу жолу менен оңдолушу (алгачкы сыпаттаманын негизинде) мүмкүн.

Эгерде формуланын көз каранды эмес пункту бир ойлоп табууга тиешелүү болбосо, өтүнмө ээсине бул жөнүндө билдирилет жана аны көрсөтүлгөн бузуу жоюлгандай түрдө оңдоо сунушталат. Эгерде экспертке “кемчил” формулада мүнөздөлгөн ойлоп табуулардан ойлоп табуулардын тобун түзүү ачык белгилүү болсо, анда бул жактагы өзүнүн пикирин өтүнмө ээсине максаттуу айтышы керек.

Ойлоп табуу бир көз каранды эмес пункту менен көп тогоолуу формулада мүнөздөлгөн учурда мындай формула бир ойлоп табууга тиешелүү боло алабы, ошону аныктоо керек.

Көз каранды эмес пунктта атаандаш түшүнүк аркылуу берилген белгилер камтылып, ал эми ага багынычтуу көз каранды пунктта атаандаштардын бири гана камтылган белгилердин жыйындысы өнүккөндө, кырдаалдын бул талабы бузулду деп эсептөөгө болбойт.

“1. Полимер пленкасын иштеп чыгуу ыкмасы антистатикалык жабууну төшөөнү камтып, мунусу менен айырмаланат: антистатикалык жабууну төшөөнүн алдында пленка ысытууга же узунунан кеткен созууга кабылат.

2. 1-п. боюнча пленканы иштеп чыгуу ыкмасы, мунусу менен айырмаланат: пленка 205-250 град. Цельсия температурада ысытууга кабылат. 

II бөлүк 

Ойлоп табуунун “өнөр жайда колдонуучулук” патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишин текшерүү 

1. Ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулук талаптарына дал келиши үчүн аткаруу зарыл болгон шарттар 

Мыйзамдын 5-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык: “Эгерде ал өнөр жайында, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, ойлоп табуу өнөр жайда колдонуучу болуп саналат”.

Эреженин 19.15 пунктунун (2) пунктчасына ылайык ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулугун таануу үчүн төмөндөгү шарттардын жыйындысын аткаруу керек:

- өтүнмөнүн материалдарында өтүнмө берилген ойлоп табуунун арналышын көрсөтмөсүнүн бар болушу;

- ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейин жалпы элге түшүнүктүү болгон булактарда же өтүнмөнүн материалдарында сыпатталган ыкмалардын жана каражаттардын жардамы менен ойлоп табууну жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. 

2. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун дайындалыш көрсөтмөсүн текшерүү 

Дайындалыш көрсөтмөсүн текшерүүдө төмөндөгүдөй маселелер пайда болушу мүмкүн:

- өтүнмө берилген ойлоп табуунун ишмердүүлүктүн кайсы-бир тармагында жалпы жонунан пайдаланылышы каралганбы, б.а. өтүнмө ээси тарабынан анын арналышы көрсөтүлгөнбү;

- мындай арналыштын каражатына реалдуу керектөө барбы.

Ошентип, мисалы, жаңы химиялык зат анын арналышын көрсөтүүсүз пайдачыл өзгөчөлүктөрү өнөр жайда колдонуучулукка тийиштүү боло албайт. Бул затты пайдачыл максаттарда пайдалануунун мүмкүн болгон чөйрөсүн белгилөөнүн натыйжасында, ал жөнүндө маалыматтар жалпы элге түшүнүктүү болуп калганда, анын ичинде жаңы арналыш боюнча колдонууга ойлоп табуунун формасына өтүнмө берилгенде патентке жөндөмдүү ойлоп табуу болушу мүмкүн.

Өнөр жайда колдонуучулук шарттарына дал келбестиги жөнүндө окшош тыянакты арналышы белгисиз жаңы химиялык затты алуу ыкмасына карата жасоого болот.

Экинчи маселеге карата, анда өтүнмө берилген арналыш каражаттарына факт жүзүндө керектөөнүн бар экендигин баалоону экспертизалоого жатпайт.

Ошондуктан, мисалы, жаңы паровоздордун курулушу талап кылынбай, ал эми мурда курулгандары иштетүүдөн чыгарылып жатканга негизденүү менен, өтүнмө берилген жакшыртылган паровоздун өнөр жайда колдонуучулугун таануунун мүмкүн эместиги жөнүндө пикир ката болор эле.

Эгерде өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн арналыш башкача, ал турсун, экзотикалуу болуп саналса дагы, өнөр жайда колдонуучулугуна шек санабоо керек. Башкача каражатты сунуштаган ойлоп табуучу, бирок ал тарабынан көрсөтүлгөн арналыш, анын канааттануусу үчүн каражатты түзүү менен бир эле мезгилде жаңы керектөөнү тапканына демилгелениши керек.

Андан сырткары, мисалы тепкич-шатыча – араба, китеп текчеси – балык кармоо үчүн жашик сыяктуу белгилүү болуп калган башкача айкалыштары менен каражаттарды түзүүгө багытталган ойлоп табууну өнөр жайда колдонуучулугуна киргизүүгө негиз жок. 

3. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун иш жүзүнө ашырыла тургандыгын текшерүү 

23. Ойлоп табуунун жүзөгө ашырыла тургандыгынын шарттары Мыйзамдын 5-статьясынын 6-бөлүгүндө келтирилген өнөр жайда колдонуучулугун аныктоодон түздөн-түз келип чыгат. Ал сыпаттама, ойлоп табууну аны жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү толуктук менен ачуусу керек болгондугуна ылайык, Мыйзамдын 18-статьясынын 2-бөлүгүндө (2-пункту) камтылган ойлоп табуунун сыпаттамасына талаптар менен кошумча күчөтүлөт.

Бул баалоонун негизги принциби – белгилердин ар бири анын материалдык эквивалентин алган сыяктуу, ачык болушу керек. Бул, мындай ачыктык формуладан түздөн-түз келип чыгуусу керек дегенди түшүндүрбөйт. Бул талап сыпаттамага коюлуучу талап болуп саналат.

Ойлоп табуунун формуласы ар түрдүү аткаруу формасын кучагына алган, термин түрүндөгү өзгөчөлүктү, функционалдык жалпылаштырылган деңгээлде түзүлгөн белгилерди камтышы мүмкүн. Сыпаттама ушундай белгинин артында тиешелүү материалдык каражаттар турарлыгын же тура тургандыгын тастыкташы керек. Ушундай тастыктоолордун ар түрдүү варианттарын төмөндө каралышы күтүлөт. Аларды өтүнмө берилген ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулугунун, өтүнмөнүн материалдарында түздөн-түз камтылган маалыматтардын гана эмес, бирок мурда болуп өткөн ойлоп табуунун артыкчылык датасына бардык билимдердин негизинде ойлоп табууну өзүндө жайылтуучу материалдык каражаттарды түзүү мүмкүндүгүн орнотуу менен дал келгендигин баалоодо экинчи шартты текшерүү менен тыянак чыгарылган мамиле бириктирет.

Алгылыктуу каражат өтүнмөнүн өзүндө сыпатталган учурлар дагы болот. Эгерде ошону менен бирге белгинин материалдык эквиваленти болуп саналган мындай каражат, жарыяланган  булактардан белгилүү болсо, анда бул учур мурдагысы менен дал келет. Адатта ал алгылыктуу түрдө артыкчылык датасына чейин жарыяланган булактарда  сыпатталбаса, каражат өтүнмөнүн өзүндө сыпатталат. Биринчи жолу аба жаздыгындагы кемеге өтүнмө берилди жана аны түзүү үчүн каражат белгисиз деп болжолдойлу. Өтүнмө ээси өзү мындай каражатты иштеп чыкты, бирок кемени бүтүндөй мүнөздөөчү ойлоп табуунун формуласынын көз каранды эмес пунктуна анын белгилерин киргизүүнү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт, анткени ал ойлоп табуунун көлөмүн өтө эле чектейт: кеме үчүн, аны кантип түзүүнүн өзү эмес, бүтүндөй аба жаздыгынын бар экендиги маанилүү. Алгачкы берилген сыпаттамада аба жаздыгын түзүү үчүн каражаттын конструкциясын мүнөздөө менен өтүнмө ээси ойлоп табуунун жүзөгө ашуучулугун тастыктайт.Алгылыктуу каражат артыкчылык датасына чейин жарыяланган ушундай булактардан белгилүү болгон учур, бир кыйла даана. Өтүнмөгө же алгылыктуу каражат сыпатталган ойлоп табуунун ар бир белгиси үчүн булакка (же бир нече булакка) шилтеме болушу керек, же белгилер ушунчалык тез-тез колдонулуучу терминдер менен берилип, мындай шилтеменин зарылчылыгы жок болушу керек (мисалы, сөз “күчөткүч” белгиси жөнүндө жүрөт, ал эми тексттин контекстинен эле, электр сигналдарынын күчөткүчү, конструкциялоо үчүн тандалып алынган типтери жана параметрлери жөнүндө айтылат).

Кийинки болуп, алгылыктуу каражат белгисиз болгон, бирок ал каражат ага коюлган талаптар боюнча алынышынын жардамы менен эрежелер жана ыкмалар белгилүү болгон класска кирген учур саналат.

Эгерде мындай шарт аткарылса, анда өтүнмөнүн өзүндө алгылыктуу каражат жөнүндө маалыматтын жоктугу, ойлоп табуунун сыпаттамасынын кемчили болуп саналганы менен, ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулугун таануунун себеби боло албайт. Көбүнчө бул өтүнмөдө логикалык, эсептөө жана башка ушундай алардын блокторун функционалдык жактан жалпылоонун деңгээлинде берүүдө орун алат, ал ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейин белгилүү болгон ыкмалардын жардамы менен синтезделиши мүмкүн. 

4. Ойлоп табууну жүзөгө ашырууда өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн дайындалышынын ишке ашырылышын текшерүүнүн өзгөчөлүгү 

Өтүнмө берилген ойлоп табууну жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө жакшы тыянак анын өнөр жайда колдонуучулугун таануу үчүн жетишсиз. Бул каражат өтүнмөдө көрсөтүлгөн арналышты ишке ашырууга жөндөмдүү болушу керек. Бул көз караштан анын түзүүчүлөрүнүн өнөр жайда колдонуучулук талаптарына дал келишин баалоо түзүлүштүн иштей албаганын, ыкманын талап кылынган агымынын мүмкүн эместигин шарттаган техникалык каталары жокпу, ушуларды текшерүүгө багытталган. 

Өтнүмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн өтүнмө берилген каражаттын арналышын ишке ашыруу мүмкүндүгүн текшерүүдө терс тыянак чыгаруунун себеби, ойлоп табуунун мүнөздөмөсүнүн толук эместиги, б.а. ойлоп табуунун тиешелүү мүнөздөмөсүндө материалдык каражат түрүндө ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтар өтүнмөдө жетиштүү камтылганына карабастан, арналышты ишке ашыруу үчүн керектүү айрым белгилердин жоктугу болушу мүмкүн.

Ал тарабынан келтирилген далилдерди баалоодо өтүнмө ээсине коюлган талаптардын мүнөзү жөнүндө маселени өз алдынча талкуулоо керек. Бул маселе өнөр жайда колдонуучулук сыяктуу, тигил же бул белгилердин маанилүүлүгүн аныктоочу өтүнмө ээси тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдүн тууралыгын баалоого байланышкан патентке жөндөмдүүлүктүн башка шарттарын текшерүү үчүн дагы жалпы болуп саналат.

Акырында келтирилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик өтүнмө ээсинде жатканына карабастан, белгилүү маалыматтын негизинде мүмкүн болгон баскычта аларды текшерүү үчүн жоопкерчилик эксперттен алып салынбайт. Бул, эгерде өтүнмөдө болгондор өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн сурамда көрсөтүлүшү керек болгон, алардын белгилүү маалыматтарга карама-каршылыгын табууну түшүндүрбөсө, эксперт өтүнмө ээсинен кошумча далилдерди талап кылышы керек экендигин билдирет. Ошону менен бирге эксперт, эгерде ал жарыяланган булактарга шилтеме менен өзүнүн күмөн саноолорун жана ал тарабынан ошол булактарды пайдалануу менен түзүлүштүн иштешине, ыкманын агымына ж.б.у.с. жүргүзүлгөн талдоону далилдей албаса мындай далилдерди талап кылууга укугу жок. Мындай далилсиз күмөн саноолор өтүнмө ээсинин пайдасына чечилет.

Мисалы, жаныбарлардын тоютунун белгиленген затын кошууга байланышкан, боелгон терини жана жүндү алуунун ыкмасы сунушталсын. Бул сунуш канчалык күмөндүү болуп көрүнгөнү менен, эгерде эксперт белгилүү билимдерге негизденип каршы далилдерди келтире албаса, өтүнмө ээсинин далилдерин талашууга негиз жок (мисалы, жүндү боео генетикалык факторлор менен аныкталат жана тиричилик шартына таасир этүү жолукпагандыгы жөнүндө).

Башка шарттуу мисалды карап көрөлү. Ага ферромагниттик каптоо сыйпоо менен бир эле пленканы көп жолу пайдалануу каралган магниттик жазуу ыкмасы биринчи жолу сунушталып жатат дейли.

Пленканы экинчи жолу пайдалануунун алдында магнитин кетирүү керек, бирок өтүнмөдө бул үчүн каражат сыпатталган эмес. Магниттик жазуунун пленка-алып жүрүүчүсүнүн магнитин алып салуу үчүн белгилүү каражат жок (мисалдын шарттары ушундай). Өтүнмө ээси сурамга жооп берүүдө каражаттын кошумча материалында ал тарабынан биринчи жаңы сыпаттама өнөр жайда колдонуучулугун баалоодо эске алынбай тургандыгын биле туруп, магнитин алып салуунун белгилүү ыкмасы – магнити алып салына турган предметти Кюри чекити деп аталганга - магниттик өзгөчөлүк жоголуп кеткен температурага чейин ысытууну көрсөткөн. Эксперт, эгерде өтүнмөдө сыпатталган магниттик жазуунун пленка-алып жүрүүчүсүн тиешелүү Кюри чекитинин температурасына чейин ысытууда ферромагниттик каптоо бузула тургандыгын, магнитин алып салуунун бул ыкмасынын колдонбоочулугун негиздей албаса, өтүнмө ээсинин ушундай далилдерин кабыл алууга милдеттүү.

Жогоруда келтирилгендерди, эгерде эксперт, түздөн-түз өтүнмө берилген ойлоп табуунун мүнөзүнөн келип, жаратылыштын жалпы кабыл алынган фундаменталдык мыйзамына карама-каршылык катары, анын жүзөгө ашуусунун мүмкүн эместигин же өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн (мисалы, анын ички бөлүктөрүнүн өз ара орун алмашуусу аркылуу таянычсыз кыймылдаткычты камсыз кылуу үчүн каражат, түбөлүк кыймылдаткыч), арналышты ишке ашыруунун мүмкүн эместигин белгилесе, ал дагы өтүнмө берилген объектинин иштешине эң эле кылдат талдоо жүргүзүшү керек деп түшүнбөө керек. Мындай учурларда эксперт жогоруда эске алынып өткөн фундаменталдуу жалпыга таанылган мыйзамдарга таянуу менен өтүнмө берилген ойлоп табууда өнөр жайда колдонуучулугунун жок экендигин констатациялашы керек. Мындай кырдаалда кийинки талаш-тартышта өтүнмө ээси өзүнүн тууралыгын, эмне үчүн тиешелүү жалпыга таанылган фундаменталдык мыйзамды анын жокко чыгаруусу керек болгонун далилдөөгө, же өтүнмө берилген ойлоп табууну пайдалануу шарттарына бул мыйзамдын шайкеш келбегендигин далилдөөгө милдеттүү. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан мындай жокко чыгаруу же далилдер берилбесе, эксперт өтүнмө берилген объектиде жана башка ушундай документтерде текшерүү актылары түрүндөгү далилдерди эске албоого укуктуу.

III бөлүк

Ойлоп табуунун “жаңылык” патентке жөндөмдүүлүк шарттына дал келишин текшерүү 

1. “Жаңылык” патентке жөндөмдүүлүк шартын

ченемдик белгилөө 

Мыйзамдын 5-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык ойлоп табуу, эгерде ал техниканын деңгээлинде белгилүү болбосо, жаңы болуп саналат.

Техниканын деңгээли ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейин дүйнө жүзүндө жалпы элге түшүнүктүү болгон кайсы болбосун маалыматтарды камтыйт.

Эреженин 20.6 пунктуна ылайык, эгерде алар кайсы болбосун адам өзү тааныша ала турган маалымат булактарында камтылса, же ага анын мазмуну жөнүндө мыйзамдуу жол менен билдирилсе, маалымат жалпы элге түшүнүктүү деп эсептелет.

Эгерде маалыматтар булагы жалпы элге түшүнүктүү талабына жооп берсе, ал жалпы элге түшүнүктүү болуп калган дата, каралып жаткан ойлоп табуунун артыкчылык датасынан бир кыйла мурда болуп саналабы, ошол текшерилет. Көрсөтүлгөн маселени чечүү үчүн маалыматтар булагынын түрлөрүнө жараша кайсы датаны эске алуу керектигин аныкталган Эреженин 20.6 пунктунун (2) пунктчасынын жоболорун жетекчиликке алуу керек.

Мыйзамдын 5-статьясынын 7-бөлүгүнө ылайык жаңылыгын текшерүүдө, эгерде ошол ойлоп табууга өтүнмө Кыргызпатентке маалыматты ачуу датасынан тартып он эки айдан кеч эмес берилсе, бул маалыматты алардан түздөн-түз же кыйыр түрүндө алган автор, өтүнмө ээси, же кайсы болбосун жак тарабынан ачылган, ойлоп табууга кирген, жалпы элге түшүнүктүү маалыматты камтыган булактар техниканын деңгээлине кирбейт.

Келтирилгендерден улам, каралып жаткан ойлоп табуунун жаңылыгын баалоодо аны ачуунун көрсөтүлгөн мөөнөтүндө жүргүзүлгөндөр эсепке алынбайт, мисалы:

- өтүнмө боюнча берилген патентке ойлоп табуунун жарыяланган сыпаттамасындагы өтүнмө ээлеринин жана/же авторлордун курамы менен каралып жаткан ойлоп табуунун өтүнмө ээлеринин жана/же авторлорунун курамы менен анча-мынча болсо да дал келиши;

- жарыяланган басылманын макаласындагы авторлордун курамынын каралып жаткан ойлоп табуунун авторлорунун курамына анча-мынча болсо да дал келиши;

- эгерде ал жөнүндө маалыматтарда, каралып жаткан ойлоп табууда өтүнмө ээлери (өтүнмө ээлеринин бири) жана/же авторлор (же авторлордун ичинен бир нече адамдар) тарабынан коюлган болсо, экспонатка, көргөзмөгө жайгаштыруу;

Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табууну ачууда табылган жалпы элге түшүнүктүү маалыматты өтүнмө ээси (же өтүнмө ээлеринин ичинен бирөөсү) жана/же автор (же авторлордун ичинен бирөөсү) тарабынан ачылган деп эсептөөгө болбойт, көрсөтүлгөн маалыматтар ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына, анын ичинде жаңылык шарттарына дал келбөө мүмкүндүгү жөнүндө тыянакты өзүнө тартат.

Эгерде өтүнмө ээси тарабынан өтүнмө ээсинен жана/же ойлоп табуунун авторунан алынган маалыматтын техникалык деңгээлине эксперт тарабынан киргизилген далилдерди келтирсе, б.а. жогорудагы келтирилген жободо көрсөтүлгөн шарттар сакталса, анда кийин мындай маалымат каралып жаткан өтүнмөгө карата техникалык деңгээлине киргизилбеши керек.

Жеңилдик күчүнүн он эки айлык мезгили, ойлоп табуунун артыкчылык датасынан эмес, өтүнмөнү Кыргызпатентке берген датадан мурда болуп өтөрүн баса белгилөө керек. Ошондуктан, өтүнмө боюнча артыкчылык аны берген датадан эмес, бир кыйла мурдараак суралган учурда, маалыматты ачуу артыкчылык датасына чейин он эки айдан азыраак, бирок өтүнмө берилген датага чейин он эки айдан көбүрөөк болгондо, ойлоп табуу жөнүндө маалыматты ачуу боюнча он эки айлык жеңилдикти берүүнү мүмкүн эмес болуп калат. 

2. Жаңылыгын текшерүүнүн жалпы принциптери 

Өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыгын текшерүү бул ойлоп табуу өнөр жайда колдонуучулук шарттарына дал келе тургандыгы жөнүндө тыянакты экспертизадан алгандан кийин жүргүзүлөт (Эреженин 19.15 пунктунун (4) пунктчасы).

Эгерде техниканын деңгээлинде белгилерге таандык каражат өтүнмө ээси тарабынан сунушталган ойлоп табуунун формуласындагы, арналыштын мүнөздөмөсүн кошуп, бардык белгилерде бирдей экендиги табылса, ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгилүү жана жаңылык шарттарына дал келет деп таанылат.

Белгилердин окшоштугу жөнүндө маселени чечүүдө белгинин мазмунуна талдоо жүргүзүү керек. Мында аны берилиш формасы мааниге ээ эмес. Мисалы, эгерде түзүлүштүн белгиси анын кайсы-бир элементинин геометриялык формасы болуп саналса, анда ошол эле форма сөз жүзүндө, математикалык же графикалык багынычтуулукта берилиши мүмкүн. Графикалык сүрөт (чиймеде) жана сөз жүзүндө, же химиялык байланыштар менен сыпаттоо, символдор менен берүү жана химиялык номенклатура боюнча атоо ж.б.у.с. дагы түзүлүшкө кирет.

Таанымал каражаттын бардык белгилери, өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласында камтылган белгилердин окшоштугу маалыматтын бир булагында камтылышы керек. Жогоруда келтирилген түшүндүрмө, өтүнмө ээси тарабынан сунушталган ойлоп табуунун формуласында (арналыш мүнөздөмөсү кошуп) камтылган бардык белгилерде окшош белгилер таандык каражаттын таанымалдыгын гана талап кылат, бирок каражат таанымал болгон булакта, өтүнмө ээси тарабынан ойлоп табуунун формуласында алар кандай камтылса, белгилердин бардыгы ошол түрдө бар болбойт. Ошондуктан, эгерде конкреттүү учурда өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласынын көз каранды эмес пунктундагы белгилердин бардыгы табылган булакта баяндалган таанымал каражатка таандык экендиги далилденсе, анда анын мүнөздөмөсүнүн толуктугуна карабастан, түздөн-түз бул булакка Эреженин 18.16 пунктунун ченемдерин, ойлоп табуунун жаңылыгын тануу үчүн колдонуу ката болбойт.

Кырдаалдын биринчи тобунда өтүнмө берилген каражаттын таанымалдан ал табылган булакта кандай баяндалганы түрүндө айырмалоо, “автоматтык түрдө” ишке ашырылган таанымал каражатты жүзөгө ашырууда белгилер тарабынан жок кылынат. 

Ошентип, төмөндө кырдаалдын биринчи тобуна кирген мисалдарды кароочу бардыгы үчүн жалпы болуп саналган тең маанилүүлүк түшүнүгү, таанымал объектини кароо менен мүнөздөлөт, ал каралып жаткан объектинин жаңылыгын танууга мүмкүндүк берет.

1-мисал.

Жарнаманы алып жүрүүчү өз алдынча жарнама барактарынан туруп, коймо түрүндө жана тик бурчтуу жарнама кыстармалары менен жасалып, мунусу менен айырмаланат: ар бир жарнама кыстармалары өзү чапталма негизинде алынма болуп жасалган жана узундугу 10 см, туурасы 4 см жана аянты 40 кв.см.

Техниканын деңгээлинен бардык белгилер боюнча сунушталганга дал келген, форманы жана жарнама кыстармасынын сызык геометриялык өлчөмдөрүн камтыган, бирок анын аянтын мүнөздөгөн белгиси жок, жарнама алып жүрүүчү сыпатталган маалымат булагы табылды.

Мындай учурда акыркы белги жарнама кыстармаларынын формаларынын жана сызык өлчөмдөрүнүн натыйжасы болуп саналат деген тыянак чыгарса болот. Алар таанымал жана өтүнмө берилген түзүлүш үчүн бирдей. Демек, көрсөтүлгөн белги таанымалга дагы өтүнмө берилген түзүлүшкө дагы объективдүү таандык. Бул белги таанымал объектинин мүнөздөмөсүнө киргизилбегендигине карабастан, бул объект жана өтүнмө берилген объект бирдей.

Ошондуктан, өтүнмө ээси тарабынан сунушталган ойлоп табуунун формуласында, арналыштын мүнөздөмөсүн кошуп, камтылган бардык белгилерде бирдей белги таандык каражат табылганын констатациялоо жана ушунун негизинде Эреженин 19.16 пунктун шилтеме кылып, өтүнмө берилген ойлоп табуунун  жаңылыгын тануу керек. 

2-мисал 

А, Б, В, Г жана Д элементтерин камтыган ысыкка чыдамдуу эритме сунушталган, мунусу менен айырмаланат: ал кошумча төмөндөгү курамда Е жана Ж элементтерин камтыйт % (масс.) менен:

А - 0,30-0,38

Б - 5,60-5,98

В - 23,0-25,8

Г - 26,0-26,8

Е - 0,03төн көп эмес

Ж - 0,05тен көп эмес

Д - калганы, 

мында (А + Б) : В элементтеринин катышы 0,277ден көп болушу керек.

Маани-маңызы боюнча экспертизалоо жүргүзүү процессинде анын сандык жана сапаттык курамын мүнөздөгөн белгилери боюнча сунушталган эритиндиге толугу менен дал келүүчү ысыкка чыдамдуу эритинди сыпатталган маалымат булагы табылды. Бирок көрсөтүлгөн, (А + Б) : В 0,277ден көп эмес ингредиенттеринин катышын мүнөздөгөн белги бул булакта жок.

Өтүнмөнүн материалдарын жана таанымал эритинди жөнүндө маалыматтарды камтыган табылган маалымат булагын талдоо, бул белги алардын А, Б жана В (А жана Бны максималдуу камтууда жана Вны минималдык камтууда А жана Бнын суммасы Вга так 0,277ге тең) элементтеринин сандык камтылышын мүнөздөгөн таанымал жана өтүнмө берилген эритиндинин белгилери үчүн бирдей натыйжа болуп саналат деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул белги таанымалга дагы өтүнмө берилген эритиндиге дагы объективдүү таандык. Таанымал эритиндинин мүнөздөмөсүндө анын жоктугуна карабастан, бул эритиндиде ал “автоматтык түрдө”, эки эритиндинин сандык жана сапаттык курамы үчүн жалпы белгиленген кандайдыр-бир кошумча шарттарды аткаруунун зарылдыгы жок ишке ашырылат.

Келтирилген (А + Б) : В <= 0,277 жөнөкөй катышын ушул түрдөн келип чыккан, таанымал эритиндинин ингредиенттери камтыган чегине жеткен маанилерди жана эркин тандалып алынган көз карандылыкты эсептөөчү, бир катар ингредиенттерди жана константтарды камтыган чегине жеткен маанилерди камтыган функционалдык көз карандылыкты  кайсы болбосун башкага жеңил (эркин) алмаштырууга болот.

Техниканын деңгээлин изилдөөдө өтүнмө берилген ойлоп табуу “эми – кенен” принцибине байланыштуу белгилүү чечим табылган учурда жогоруда баяндалган мисалга аралашууга болбойт.

Эгерде мисалы, 0,20 <= (А + Б) : В <= 0,25 белгиси менен эритинди сунушталса, анда ошону менен бирге сандык диапазон бир кыйла кууш көрсөтүлгөн, бул жогоруда көрсөтүлгөн чегине жеткен А, Б и В эркин катышында мүмкүн. Эгерде мында өтүнмөдө бул эритинди мисалы, авиациялык кыймылдаткычтын барасынын күрөгүн жасоого арналганы көрсөтүлсө, анда өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласы ысыкка чыдамдуу эритиндинин арналышын түшүндүрүүнү тиешелүү конкреттештирүү жолу менен такталышы мүмкүн жана ойлоп табуу жаңы деп таанылышы мүмкүн болот (ошондой шарт болсо да, техниканын деңгээли таанымал ысыкка чыдамдуу эритиндини пайдалануунун ушундай тармагы жөнүндө маалыматты камтыбайт).

Мындай учурда талкууланып жаткан белги А, Б жана В курам бөлүктөрүнүн катышын тандоодо кошумча чектөөнүн бар болгондугун түшүндүрмөк: алардын ар бири мурдагыдай эле көрсөтүлгөн чектерде тандалат, бирок алардын катыштары ар түрдүү эмес, жогоруда келтирилген кошумча шарттарды канааттандырат.

3-мисал. 

Бул мисал ойлоп табуунун формуласына формулада камтылган бир же бир нече башка белгилер аркылуу бул элементтин бүтүрүүчү мүнөздөмөсүнө кошумча (шайман даярдалуучу материал, түзүлүш түйүнү, ыкманын режими же операциясы, буюмдун курамы ж.б.у.с.) элементтин “ашыкча” мүнөздөмөсү киргизилген учурга кирет.

Электрдик схемада өткөргүч жез, никель жана марганецти төмөндөгү курамда камтыган эритиндиден жасалган % (масс) менен:

Жез 58-60

Никель 32-40

Марганец 1-2,

мында чоюуга анын бекемдиги (40-72) 105 Н/м чегинде болот.

Бул мисалдын шарттарында чоюуга карата бекемдик толугу менен эритиндинин сандык жана сапаттык курамы менен аныкталары жана техниканын деңгээлинен (мүмкүн тиешелүү маалымдамалар боюнча аныкталган) бул эритинди үчүн белгилүү экендиги болжолдонот. Ошондуктан, эгерде окшош электр схемасы сыпатталган жана өткөргүч сандык жана сапаттык курамы жагынан окшош аткарылган маалымат булагы табылган, бул маалымат булагында ушундай эритиндиден жасалган өткөргүчтүн чоюлууга бекемдиги жөнүндө маалымат жок болгон учурда, өтүнмө берилген түзүлүштүн “жаңылык” патентке жөндөмдүүлүк шарттарына дал келбестиги жөнүндө тыянак үчүн тоскоолдук болуп саналбашы керек.  Мындай маалыматтардын бул булакта бар болгонуна карабастан, өтүнмө берилген түзүлүштүн бардык белгилери таанымал каражатка объективдүү таандык. 

4-мисал. 

Жогоруда келтирилгенге окшош мамиле бул элементтин мүнөздөмөсү же мурда таптакыр таанымал эмес өзгөчөлүк үчүн адатта колдонулбаган бул элементтин сапатына же кандайдыр-бир өзгөчөлүгүнө кирген, өтүнмө берилген каражаттын элементинин бир катар мүнөздөмөлөрү формулада камтылган, бирок анын белгиленген конструкциясынын, курамынын же белгилүү физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнүн күчүндө ага объективдүү таандык болгон учурда колдонулушу мүмкүн.

Мисалы, электр обочолонткуч материалынын жаюуга туруктуулугун алуу ыкмасы сунушталган, ал коюп коймодо негизи жана толтургучу полимердик материалдан турган электр обочолонткуч катмарланган композицияны каптоону камтып, мунусу менен айырмаланат: көрсөтүлгөн композиция X масс.ч. санында СКТН-3 типтеги суюк каучуктан турат, ГКЖ-94 тибиндеги суюктук кинематикалык жабышкактык менен, Y масс.ч. санында, 250-420 температурада 600-1000 кв.м/сек. түзөт, Z масс.ч. санында пресстөө үчүн порошок жана катыргыч.

Белгиленген температурада “ГКЖ-4 тибиндеги суюктуктун” ингредиентинин кинематикалык жабышкактыгынан башка өтүнмө берилген ыкманын бардык белгилерин камтыган жарылып кетпөөгө туруктуу электр обочолонткуч материалды алуу ыкмасы белгилүү экендиги аныкталган. Кинематикалык жабышкактыктын келтирилген мааниси көрсөтүлгөн температуранын аралыгында конкреттүү заттын - ГКЖ-94 тибиндеги суюктуктун физикалык өзгөчөлүгү болуп саналат жана каралып жаткан белгини ишке ашыруу үчүн ыкманы жүзөгө ашырууда так ушул затты ыкмада колдонуудан башка эч нерсе талап кылынбай кала тургандыгын болжолдоо керек.

Эгерде бул чындыгында ушундай болсо, анда көрсөтүлгөн ингредиенттин каралып жаткан мүнөздөмөлөрү бар болгон маалымат булактарында баяндалбаганына карабастан (а мүмкүн ага салыштырып караганда эч качан аныкталбаган чыгар), ал көрсөтүлгөн затка объективдүү таандык. Мындай учурда өтүнмө берилген ойлоп табууну жаңы деп таанууга болбойт. Бирок мындай тыянак өтүнмөнүн документтерин дагы, ойлоп табуунун белгилери менен техникалык натыйжанын ортосундагы байланышты тактоо экспертизасынын суроосун камтыган сурамга жооп иретинде өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдарга дагы терең талдоо жүргүзүү менен болушу керек. Мисалы, ойлоп табуунун сыпаттамасында же өтүнмө ээсинин жообунда кааланган техникалык натыйжага жетүү механизминде температуранын аталган диапазонунда көрсөтүлгөн кинематикалык жабышкактыктын бар экендиги маанилүү болгон жана өтүнмө ээси тарабынан белгиленген ГКЖ-94 суюктугу так ушундай кинематикалык жабышкактыкка ээ экендиги жөнүндө маалыматтар өтүнмө ээсинин түшүндүрмөсүндө камтылышы мүмкүн. 

5-мисал. 

Ойлоп табуунун формуласында каражаттын терминологиялык аталышы аркылуу жана ошол эле мезгилде – бул каражаттын функциялары менен ажырагыс байланышы бар анын сапаты жана өзгөчөлүгү аркылуу мүнөздөлгөн белги катышкан учурлар болот.

Мисалы, ойлоп табуунун формуласында “айландыруу учурун өткөрүп берүү үчүн вал”  белгиси камтылган, ал эми маалымат булагында валды камтыган түзүлүштөрдүн белгилеринин бардык жыйындылары баяндалган; бирок вал айландыруу учурун өткөрүп берүү үчүн арналганы жөнүндө көрсөтмө жок. Бирок, анын аныктамасына ылайык так айландыруу учурун өткөрүп берүүгө арналган. Ойлоп табуунун формуласында буга көрсөтмө “ашыкча” болуп саналат жана сунушталып жаткан ойлоп табууда жаңылыктын жоктугу жөнүндө тыянак үчүн ойлоп табуунун формуласындагы бардык башка белгилерди камтыган маалымат булагында мындай көрсөтмөнүн катышышы талап кылынбайт.

Экинчи тобунун кырдаалдарында ойлоп табуунун формуласындагы өтүнмө берилген каражаттын мүнөздөмөсү менен табылган булакта каражаттын бир эле өзгөчөлүгүн ар түрдүү камтыган бир же бир нече белгилерден сырткары, анын мүнөздөмөсү дал келет.

Ошентип, ойлоп табуунун формуласында кандайдыр-бир физикалык чоңдуктун маанисине кирген белги катышышы мүмкүн, ал эми бар болгон маалымат булагында белгилердин ошол эле жыйындысы бирден-бир айырмачылыгы менен келтирилген: башка физикалык чоңдуктун маанисинде колдонулган; ошону менен бирге эки физикалык чоңдук белгилүү көз карандылыкта бири-бири менен байланышкан жана алардын маанилери бири-бирине дал келет. 

6-мисал. 

Учуучу аппараттын жабдуулары сунушталган, ал жарыктын булагын жана аны менен байланышкан оптикалык тунук элементти камтып, мунусу менен айырмаланат: ал жарыкты чыпкалоочу менен жабдылган, участок 30-80%ды түзгөн, 630-950 нм толкунунун узундугунун диапазонунда шоолалануу жутуу коэффициенти менен материалдан жасалган.

Белгилүү маалымат булагында өтүнмө берилген түзүлүштөгү белгилердин ошол эле жыйындысы баяндалган, андан сырткары, жарыкты чыпкалоочу участканын аткарылышына тиешелүү белги башкача баяндалган, мына мындай: “жарык чыпкалоочу участок 20-70%ды түзгөн, 630-950 нм толкунунун узундугунун диапазонунда шоолалануу сийирүү коэффициенти менен материалдан жасалган”.

Эгерде белгилердин толук дал келиши позициясынан маалымат булагында келтирилгенден караштырсак, анда бул булак өтүнмө ээси тарабынан сунушталган ойлоп табуунун формуласында камтылган бардык белгилер үчүн бирдей белгилерди камтыбайт. “Участок 30-80%ды түзгөн, 630-950 нм толкунунун узундугунун диапазонунда шоолалануу жутуу коэффициенти менен материалдан аткарылган” белгиси жок. Бирок анын ордуна техниканын деңгээлинен белгилүү болгон, жутуу коэффициентинин суммасы 100%ды түзгөн сиңирүү коэффициентинин чоңдугу аркылуу берилген белги бар. Ошондуктан, “30-80%ды жутуу коэффициенти” белгиси табылган булакта жок болгону менен, таанымал түзүлүшкө таандык жана демек, өтүнмө берилген түзүлүш жаңы эмес.

Башка мисал менен маалымат булагында бул чоңдуктардын саналган маанилери бири-бирине дал келгенде ойлоп табуунун формуласында (термелүү мезгили, жыштык; электр каршылык жана өткөрүүчүлүк ж.б.у.с.) эскертилип өткөн тигиге каршы физикалык мүнөздөмө пайдаланылышы мүмкүн. Өтүнмө берилген каражат, ал ойлоп табуунун формуласында мүнөздөлгөндөй түрдө, табылган маалымат булагында баяндалган таанымал каражаттын белгилерине гана таандык болсо, белгилер ойлоп табуунун формуласы менен маалымат булагында ар түрдүү берилсе дагы, өтүнмө берилген каражаттын жаңылыгы жөнүндө сөз болууга мүмкүн эмес.

IV бөлүк 

Ойлоп табуунун “ойлоп табуучулук деңгээл” патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишин текшерүү 

1. “Ойлоп табуучулук деңгээл” патентке

жөндөмдүүлүк шарты 

Мыйзамдын 5-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык ойлоп табуу, эгерде ал ачык түрдө техниканын деңгээлинде болбосо, ойлоп табуу деңгээлине ээ болот.

Техника деңгээли ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейин дүйнө жүзүндө жалпы элге түшүнүктүү болгон кайсы болбосун маалыматтарды камтыйт.

Техника деңгээлин аныктоодо жалпыга түшүнүктүү деп, же кайсы болбосун адам өзүнчө тааныша ала турган, же анын мазмуну жөнүндө ага мыйзамдуу жол менен билдирилген маалымат булагында камтылган маалыматтар эсептелет.

Техниканын деңгээлин маалымат булактарына киргизүүнү аныктоочу болуп саналган дата, Эреженин 20.6 пунктунун (2) пунктчасында ар түрдүү булактар үчүн көрсөтүлгөн.

Ойлоп табуу деңгээлин техниканын деңгээлинде текшерүүдө, эгерде бул ойлоп табууга өтүнмө маалыматты ачуу датасына чейин он эки айдын кеч эмес Кыргызпатентке берилген болсо, автор, өтүнмө ээси же башка бул маалыматты алардан түз же кыйыр түрүндө алган кайсы болбосун адам тарабынан ачылган ойлоп табууга кирген жалпы элге түшүнүктүү маалыматты камтыган маалыматтар камтылбайт.

Техниканын деңгээлине бир кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ өтүнмөнүн өзүнүн кириши, Мыйзамда ойлоп табуунун жаңылыгына карата гана караштырылганы, ошондуктан, бул жобо ойлоп табуу деңгээлин текшерүүдө колдонулбай тургандыгын эске алуу керек. 

2. Ойлоп табуу деңгээлин текшерүүнүн принциптери 

Эреженин 20.10 пунктунун (2) пунктчасында ойлоп табууну патентке жөндөмдүүлүк шартына дал келишине текшерүүнүн бир жолу катары, ойлоп табуу деңгээлин текшерүүнүн алгоритми берилет.

Көрсөтүлгөн шарттарды сактоону текшерүү төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- бир кыйла жакын аналогдорду (прототип) аныктоо;

- формуланын көз каранды эмес пунктунда мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуунун белгилеринин, андан бир кыйла жакын аналогдон (айырмалануучу белгилерин) айырмалангандыгын табуу;

- техниканын деңгээлинин чечиминен (б.а. аналогдор гана эмес) каралып жаткан ойлоп табуунун айырмалоочу белгилери менен дал келүүчү белгилер бар экендигин табуу жана өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжага айырмалоочу белгилердин таасирин белгилүүлүгүн аныктоо үчүн бул чечимдерге талдоо жүргүзүү.

Өтүнмө берилген ойлоп табуунун белгилерин прототиптеринен айырмалоочуга таандык белгилүү чечимдерди издөөдө айырмалоочу белгилердин мүнөздөлөрүнө жараша ар түрдүү мамилелер колдонулат.

Эгерде мисалы сандык белгилер; геометриялык формасын сыпаттоочу белгилер, электрдик, кинематикалык ж.б. байланыштардын болушу; өз ара жайгашуу; убакытка карай ырааттуулугу; өзгөчөлүк сыяктуу айырмалоочу белгилер функционалдык өз алдынча эмес болуп саналса, анда мындай белгилерди издөө, алар кирген функционалдык өз алдынча белгилерден ажыратылбастан жүргүзүлүшү керек (тиешелүү функционалдык өз алдынча белги прототипке же андан айырмалоочуга жалпы болуп саналабы, ошого жараша). Ошондуктан биринчи кезекте функционалдык өз алдынча белгилердин өздөрү жөнүндө маалыматтарды, андан кийин техникалык натыйжага көрсөтүлгөн типтин функционалдык өз алдынча эмес белгилеринин таасирин табуу мүмкүн болгон техниканын бул тармагында бар болгон, алардын көз каранды, мыйзам ченемдүү иштөөсүнүн принциптери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булагына кайрылышат.Эгерде бул белгилер түйүн, түзүлүштүн шайманы (блок, жүргүзгүч, фреза,  ж.б.у.с), композициянын ингредиенти (пластификатор, топтгуч, химиялык кошунду, белгиленген курамдын эритиндиси, эритүүчү, үстүнкү-активдүү зат ж.б.у.с), ыкманы пайдалануу (бүлөө, дирилдөө, кургатуу ж.б.у.с.), зат, материал, пайдаланып жаткан ыкмага ылайыкталуу сыяктуу функционалдык өз алдынча болуп саналса, анда техниканын деңгээлин талдоо процессинде бул функционалдык өз алдынча белгилер таандык болгон чечимдерди издөө жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилген ойлоп табуунун айырмалоочу белгилери болуп саналган белгилер жөнүндө маалымат техниканын деңгээлинде табылган кырдаалдар бир кыйла көп жайылган. Эгерде бул маалыматтардын ичинен ойлоп табууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн техникалык натыйжаларга жетүүгө бул белгилердин таасири табылса, акыркы ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына жооп бербейт.

Эгерде айырмалоочу белгилер бир нече болуп, алардын ар бири өзүнүн техникалык натыйжаларына жетүүгө өтүнмө берилген ойлоп табууга таасир этсе, ойлоп табуу деңгээлин тануу үчүн ар түрдүү булактардан бул белгилердин ар бири (жана анын тиешелүү техникалык натыйжага таасири) жөнүндө маалымат табууга болот.

Окшоштук мамиле айырмалоочу белгилер ошол эле бир техникалык натыйжага жетүүдө, бирок бири-биринен өз-өзүнчө таасир эткен учурда колдонулат.

Эгерде бир нече айырмалоочу белги техникалык натыйжага жетүү мүмкүндүгүн шарттаса, жыйындысынан гана, айырмалоочу белгилердин бардык жыйындысына таандык чечимдерди жана техникалык натыйжага анын таасири жөнүндө маалыматтарды табуу керек.

Эгерде табылган маалыматта техникалык натыйжада ойлоп табууну камсыз кылуу жөнүндө маалымат жок болсо, же андан сындай натыйжага жетүүгө өтүнмө берилген ойлоп табуунун айырмалоочу белгилеринин таасири табылбаса, ойлоп табуу ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына жооп берет.

Мисалы. Сүрөт галереясынын залы үчүн коргоо сигнализациясынын комплексине өтүнмө берилген, ал бир кыйла баалуу сүрөткө тийгенде иштеп кетүүчү билгизгичти жана курамына  корголуучу сүрөттөрдүн ар бирине көз салуу мүмкүндүгү менен аткарылган телекамера кирген телекөрсөтүү системасын камтыйт жана ага видеомагнитофон туташтырылган. Комплекс мунусу менен айырмаланат: телекөрсөтүү системасы ошол сүрөткө телекамеранын автоматтык көз салуу мүмкүндүгү менен аткарылган, билгизгич иштешет, ошону менен бирге телекамера сезгич инфра-кызыл (көрүнбөгөн) нур менен жасалган. Мындан сырткары, комплекстин айырмачылыгы болуп, анын курамында телекамерага туташтырылган видеомагнитофондун болушу саналат.

Комплексте өтүнмө берилгендин прототиби болуп саналган телекамеранын көз салуусун башкаруу сүрөттөрдүн жайгашуусу ага белгилүүлүгү эске алынган жана кайсы билгизгич иштеп кеткенине  карата, телеэкрандагы сүрөттөрдү анын көзөмөлдөөсү боюнча, имараттын нөөмөтчүлүгүндө пультта отурган дистанциялык оператор тарабынан жүзөгө ашырылган (тиешелүү маалымат мнемосхемада чагылдырылат).

Техникалык натыйжа бул сүрөттү белгилөө мүмкүндүгүндө дагы турат.Өтүнмө ээси тарабынан каралган техникалык натыйжа, бул процесстен операторду алып салуу менен жана аны автоматташтыруунун натыйжасында, телекамеранын көз салуусунун тездигин жана тактыгын жогорулатууда, ошондой эле коркунуч туулганда табигый же жасалма жарыктандыруунун болушуна карабастан, анын ичинде ал жарыктандыруусуз таралган учурда, түнкү көрүү аспабын колдонуу менен уурдоого коркунуч туулган сүрөттүн сапатын жакшыртууда турат.

Мындай учурда айырмачылыктардын бири функционалдык өз алдынча белгиге – телекамеранын автоматтык көз салуусу менен аткарылган телекөрсөтүү системасына кирет, анда оптикалык ок кайсы билгизгич иштеп кеткенине жараша мурда тандап алынган багыттардын бирөөсүнө орнотулган.

Телекөрсөтүү системасынын сындай жөндөмдүүлүгүн (өзгөчөлүгүн) мүнөздөгөн белги функционалдык өз алдынча болуп саналбайт. Мындан сырткары, телекөрсөтүү системасы тиешелүү кирүүсү менен билгизгичтин чыгуусуна туташтырылган (мындай туташтыруунун болушу - функционалдык өз алдынча болуп саналбайт).

Кийинки айырмачылык функционалдык өз алдынча белгиге – телекөрсөтүү системасынын бөлүгү болуп саналган телекамерага тиешелүү. Ал анын сезгич инфра-кызыл нурларында аткарылышында турат, б.а. телекамера ээ болгон өзгөчөлүккө тиешелүү.

Дагы бир айырмачылык комплекске видеомагнитофондун (функционалдык өз алдынча белги) кошулушунда жана анын телекамерага туташтырылышында турат (функционалдык өз алдынча болуп саналбаган белги).

Комплек-прототиптегиге караганда башкача аткарылууга ээ, биринчи функционалдык өз алдынча белгиге - телекөрсөтүү системасына карата издөөнүн натыйжасында банктын коргоо сигнализациясынын комплексинде колдонулуучу ушундай эле системанын бар экендиги аныкталды, анда ар бир имаратта, имаратта турган тигил же бул сейфке, алардын кайсынысын ачууга аракет жасалганына жараша, автоматтык түрдө көз салган телекамерасы менен телекөрсөтүү системасы бар. Ушул эле булакта билгизгичтин (бул учурда сүрөткө эмес, ал эми сейфке тийүүдөн иштеп кеткен) чыгуусуна тиешелүү кирүү боюнча телекөрсөтүү системасынын байланышы бар экендиги мүнөздөлгөн функционалдык өз алдынча болуп саналбаган белги табылды. Ошентип, аталган айырмачылык белгилери үчүн алардын өздөрүнө таанымалдуулук жана алардын техникалык натыйжага жетүүгө таасиринин таанымалдуулугу табылды.

Акырында, аны телекамерага (функционалдык өз алдынча болуп саналбаган) туташтыруу менен мүнөздөлгөн белгинин айкалышында функционалдык өз алдынча белги (магнитофону бар) дагы, телекамеранын көрүү көлөмүндө турган объектилердин сүрөттөрүн белгилөө мүмкүндүгүн камсыз кылуучу белгилердин сындай жыйындысы жөнүндө маалыматтар менен бирге табылды.Экинчи функционалдык өз алдынча белгиге комплекс-прототипте башкача аткарылуу бар - телекамерага карата издөөдө сезгич инфра-кызыл нурлары менен, спектрдин диапазонунда көрүүдө табигый же жасалма жарыктандыруусу жок шарттарда объектинин сүрөтүн алууну камсыз кылган телекамеранын таанымалдыгы белгиленди. Ошентип, бул айырмалуу белги үчүн техникалык натыйжага жетүүгө таасирдин таанымалдыгы менен айкалышкан таанымалдык белгиленди.

Өтүнмө берилген ойлоп табууда каралгандан сырткары, техникалык натыйжанын кандайдыр-бир башка түрүнө көрсөтмөнүн жок болгондуктан, ойлоп табуу деңгээли жок деп таанылат: ал кааланган натыйжаны алуу үчүн каражаттын техникалык деңгээлинен таанымалдар, алардын жардамы менен ушундай эле натыйжаны алуу мүмкүндүгү таанымал болгон ыкмалар пайдаланылгандыктан, ал ачык түрдө техниканын деңгээлинен болот.

Техникалык натыйжаны баалоодо натыйжанын прототиби менен салыштыруунун боюнча башканын сапатын гана эмес, прототипке таандык натыйжанын сандык өлчөмүнүн өзгөрүшүн дагы эске алуу керек. Мындан сырткары, техниканын деңгээлинен табылган натыйжаны талдоого жетишүүдө айырмалоочу белгилердин таасиринин таанымалдыгы, эгерде анда бул техниканын деңгээлине караганда таасир этүүнүн чоң баскычын камсыз кылса, ойлоп табууда болгон ойлоп табуу деңгээлине таанууга тоскоолдук кылбайт.

Мисалы, анаэробдук бактерияларды өстүрүү үчүн азыктандыруучу чөйрө сунушталган, ал азоттун, хлордуу натрийди камтып, мунусу менен айырмаланат: ал кошумча глюкозаны жана тиомочевинаны, ал эми азоттун булагы катары – коллаген менен пептондун курамбөлүктөрдүн төмөндөгү курамында камтыйт, суунун г/л:

коллаген 8,7 - 11,7

пептон 12,0 - 15,0

хлордуу натрий 0,4 - 0,5

глюкоза 0,3 - 0,4

тиомочевина 1,3 - 2,6

Ойлоп табуу бактериялардын өсүүсүн тездетүүдөн туруп, техникалык натыйжага жетишүүгө багытталган.

Глюкоза менен тиомочевина азыктануу чөйрөсүндө углероддун булагы катары кызмат кылат, ал эми коллаген менен пептон – азоттун булактары.

Анаэробдук бактерияларды өстүрүү үчүн азыктануу чөйрөсүндө өсүүсүн өбөлгөлөөчү – атайын кошумчалардын катышышы дагы сөзсүз керек.

Өсүүнү өбөлгөлөөчү таанымал кошумчаларды камтыбаган, ал эми өзүнүн курамында өсүүнүн өбөлгөлөөчүсү эмес, чөйрөнүн салттуу курамбөлүктөрү катары таанымал, анаэробдук бактерияларды өстүрүү үчүн таптакыр керектүү болбогон азоттун жана углероддун булактарын гана камтыган, сунушталган чөйрө ойлоп табуу деңгээлине жооп берүүчү таанылышы керек, анткени техниканын деңгээлинен жогоруда көрсөтүлгөн курамбөлүктөрдүн таасири техникалык натыйжага – бактериялардын өсүүсүн тездетүүгө (өбөлгөлөө) жетүүдө табылган жок.

39. Эрежеде белгиленген (20.10 пунктунун (2) пунктчасы) ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү алгоритми ушундай текшерүүнүн принциптеринен бирөөсүн гана өзүнөн көрсөтөт. Экпертизалоонун практикасында жогоруда сыпатталган алгоритмди пайдалануунун ордуна төмөндө келтирилген эрежелер пайдаланылган кырдаалдар кездешет.

40. Эреженин 19.17 пунктунун (4) пунктчасына ылайык төмөнкү учурларда ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлинин шарттарына дал келбестиги таанылат.

(1) Техникалык натыйжага жетүү үчүн таанымал эрежелер боюнча ага кошулган кандайдыр-бир таанымал бөлүк (бөлүктөр) менен таанымал каражатты кошумчалоого негизделген, ага карата так ушундай толуктоолордун таасири белгиленген ойлоп табуу.

Мисалы, газдын көлөмүн өлчөө үчүн таанымал аспап газдын анализатору менен жабдылган, ал аспапка туташтырылган, ошону менен бирге, функционалдык мүмкүндүгүн кеңейтүүнүн натыйжасына гана жетишилген, анткени ар түрдүү газдын аралашмасынын көлөмүн өлчөөдө ошол аралашманын курамын белгилөөгө гана болот.

Бул анализатордун өз алдынча иштеген аспап катары же башка түзүлүштөрдө ушундайча иштеген катары таанымал болуусунда техникалык натыйжа таанымал аспапты таанымал техникалык деңгээлдин бөлүгүнө дал кошумча катары шарттуу сыяктуу бааланат.

Башка мисал: ысытуучу элементти даярдоо үчүн таанымал композиция графит жана бетонит менен толукталган, ал элементтерге электр өткөргүчтүктү жана бекемдикти берүүдө турган техникалык натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк түзөт. Таанымал маалыматтарда графит электр өткөргүч, ал эми бетонит болсо, бекем калыпка салуучу байланыштыруучу аралашманын өзгөчөлүгүнө ээ экендиги жөнүндө бар, алынган натыйжа анын графит менен бетониттин кошумча ингредиенттеринин композициялык өзгөчөлүгүнө шарттуу таасири сыяктуу бааланат.

(2) Техникалык натыйжага жетүү үчүн таанымал каражаттын башка таанымал бөлүгүн кандайдыр-бир бөлүккө (бөлүктөргө) алмаштырууга негизделген ойлоп табуу, ага карата так ушундай алмаштыруунун таасири белгиленген.Бирок, эгерде биринчи учурда, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөн сырткары, мисалы, ал жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматта, бул анализатордун тактыгына салыштыруу боюнча газдын курамын өлчөөнүн тактыгын жогорулатуу болуп өтсө, ал эми экинчисинде – көрсөтүлгөн маалыматтарга салыштыруу боюнча электр өткөрүүчүлүгүнүн жана/же бекемдигинин мүнөздөмөсүн сандык чоңойтуу болуп өткөн, анда мындай ойлоп табуу ойлоп табуу деңгээлине дал келет.

Мисалы, жүгөрүнүн отоо чөптөрүнө каршы таанымал композициянын ордуна гербицидди – натрийдин трихлорацетатын колдонот, 2-хлор-4,6бис (этиламино) – симм. – триазин жана композициянын селекциялуулугунун жогорку баскычына жетишет.

2-хлор-4,6-бис (этиламино) - симм. - триазин жүгөрүнүн отоо чөптөрүнө карата активдүү гербицид болуп саналат жана иш жүзүндө жүгөрүнүн өзү үчүн коркунучсуз, ал отоо чөптөргө карата композициянын селекциялуулугунун жогорку баскычын шарттайт.

Бирок, эгерде мындай алмаштырууда техникалык натыйжа сан жагынан өссө жана мындай алмаштыруунун таасири таанымал техникалык натыйжанын сан жагынан өсүүсүнө белгилүү болбосо, ойлоп табуу ойлоп табуу деңгээлине дал келет.

Мисалы, кездеме, була материалдары үчүн курам сунушталган, ал металл эритиндисинин таасиринен жылуулук обочолонтуу үчүн артыкчылыктуу пайдаланылган буюмдарды даярдоого арналып, толтургучту, отко чыдамдуу топуракты жана магнийдин бир алмаштыргыч фосфатын фосфаттык байланыштыргычын камтып, мунусу менен айырмаланат: ал толтургуч катары туруктуу циркониянын диоксиди төмөнкү курамдарынын катышында камтыйт, масс. % менен:

туруктуу циркониянын диоксиди 31 - 52,

отко чыдамдуу топурак 3 - 7,

магнийдин бир алмаштыргыч фосфаты – калганы.

Ойлоп табуу менен жетишилген натыйжа – чоюндун жана болоттун эритиндилерине жогорку температурада бекемдикти жана туруктуулукту көбөйтүү. 

Бул курамда толтургуч – циркониянын моноклиддүү диоксиди – циркониянын туруктуу диоксидине алмаштырылган, бул температуранын кеңири диапазонунда кубдук түзүмдүн  стабилдүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө ээ (циркониянын моноклиддүү диоксиди бир кыйла төмөнкү температуранын аралыгында түзүмдүк алмашууга өтөт). Мындан сырткары, сиңирүү температурасында фосфаттын катышуусунда циркониянын туруктуу диоксиди аз-аздап эрий баштайт, эркин оксиддерге айланат, ал фосфаттык байламталар менен өз ара аракеттенип, татаал байланышкан курамга айланат, адгезиондук жөндөмдүүлүккө ээ болот, ал жогорку температурадагы бекемдикке жана материалдын эрүүсүнө материалдын туруктуулугун олуттуу жогорулатууну шарттайт.

Керамиканы иштетүү процессинде температура өзгөргөндө жарылуулардын пайда болуусунун алдын алуу жана фазалык кубулууларды алып салуу үчүн циркониянын диоксиди турукташтырары белгилүү, бирок, жогорку температурада жана фосфаттын катышуусунда ал адгезиялык чыдамдуу байламтаны түзөрү табылган эмес.

Ошентип, циркониянын туруктуу диоксидинин курамынын айырмалоочу белгилеринин таасири – жогорку температурада бекемдик жана чоюндун жана болоттун эритиндисине туруктуулук техникалык натыйжасына жетүүдө – техниканын деңгээли таанымал эмес, бул өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук шарттарына дал келерин таанууга мүмкүндүк түзөт.

Мисалы, таанымал композициядан жардыргыч эритүүчүнү алып салышты – керосин – коопсуздукка жетүү үчүн аны пайдалануу арзандатуу болот, ошону менен бирге композициянын өзгөчөлүгү өзгөргөн эмес.(3) Каражаттын (элементтин, аракеттин), бир мезгилде анын бар болгон функциясына шартталгандарды алып салуу менен, кандайдыр-бир бөлүгүн алып салууга жана мында ушундай натыйжаны (жөнөкөйлөтүү, массаны, габаритти, материал сыйымдуулугун азайтуу, чыдамдуулугун жогорулатуу, процесстин созулгандыгын кыскартты ж.б.).

Башка мисал: таанымал электр схемасынан сумматорду алып салышты, маалыматтарды суммалоодо зарылчылык төнөдөгөндүктөн, чыгууга өз алдынча параметрлер жөнүндө маалыматтарды алуу керек. Бул учурда схеманы жеңилдетүү жүрөт.

Андан ары: таанымал ыкмадан акыркы продуктыны тазалоо ыкмасын алып салышты, анткени тазаланбаган продукт техниканын белгиленген тармагында колдонууга жөндөмдүү, натыйжада ыкма арзан болуп, анын узактыгы кыскарган.

Объектинин бөлүгүн, анын функциясын алып салуу менен бир эле мезгилде алып салуунун бардык сыпатталган учурлары мындай натыйжаны алып салуу үчүн кадимки жетишүүгө жана эреже катары, колдонуунун мүмкүн болгон тармагында кичирейтүүгө алып келет.

Ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына дал келбегендиги сыяктуу мындай сунуштарды квалификациялоодо, эреже катары, маалымат булактарынан прототипти сыпаттоочудан сырткары, башкаларды талдоонун зарылчылыгы жок, анткени прототип жөнүндө маалыматтардан, адатта, алып салынган бөлүктүн функциясы ачык, ал эми өтүнмө берилген сунуштун сыпаттамасынан, бул бөлүк объектилердин алар колдонула турган тармакта иштөөсү үчүн керектүү болуп саналбай тургандыгы табылат.

Эгерде кайсы-бир элементин алып салганда, анын функциясы алып салынбай, объектинин башка элементине (элементтерине) өтсө, ал эми объектинин өзү, андан бул элементтин алып салганга чейин кандай болсо ошондой эле, ошол эле мыкты көрсөткүчтөр менен жана ошол эле чөйрөдө иштесе, мындай ойлоп табуу ойлоп табуу деңгээлине дал келет, эгерде объектинин калган элементтерде таанымал маалыматтар жок болсо, анда алып салынган элементтин функциясын пайда кылууга алардын кайсы-бири жөндөмдүү дегенге болбойт.

Мисалы, таанымал ийлөө курамынан ушундай курам үчүн керектүү үстүнкү-активдүү затты алып салышты, ал курчап турган чөйрөнү зыянсыздандырууну азайтууга жана анын бардык ийлөө курамдарын мурдагы деңгээлде сактоодо курамды арзандатууга алып келди. Эгерде курамга кирген конкреттүү ийлөө заттары жана анын башка курамдары анын функцияларын жана үстүнкү-активдүү заттарын шарттаган өзгөчөлүктөргө ээ болгондугу жөнүндө маалымат табылбаса, бул сунуштун ойлоп табуунун деңгээлинин шарттарына дал келүүчүлүгү таанылат, анткени ийлөө заты катары анын бардык өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн сактоонун натыйжасына жетүүгө курамдын калган курамбөлүктөрүнүн таасири белгисиз.

(4) Техникалык натыйжаны күчөтүү үчүн аракеттердин, так ушундай аракеттердин элементтеринин чөйрөсүндө бар болууга шартталган, бир типтүү элементтеринин санын көбөйтүүгө негизделген ойлоп табуу.

Мисалы, таанымал түзүлүштүн тетиктеринин туташуусунун бекемдүүлүгүн күчөтүү үчүн штырлардын саны бир тетикке жана тешиктердин саны экинчиге көбөйтүлгөн; таанымал ыкмада продуктынын тазалык баскычын көбөйтүү үчүн аны алуу үчүн тазалоонун бир эле ыкмасын бир нече жолу жүргүзөт.

Ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына дал келбеген мындай сунуштарды квалификациялоодо прототип гана талдоого кабылат, андан элементтин функциясы жана аракети, алардын техникалык натыйжага таасири ачыкталат жана өтүнмө берилген сунуш – ал натыйжа элементтердин же аракеттердин санын көбөйтүүнүн натыйжасында гана алынгандыгынан улам белгилүү болот.

Мисалы, керамикалык буюмдарды жасоонун таанымал формасы трепелден (гипстин ордуна) жасалууда жана жетишилген натыйжа – форманын салмагынын азайышы, анын бекемдигинин жогорулашы жана тешиктүү формадан нымдын тез кургоосунун эсебинен буюмдун сыныктарынын сапаты жакшырды.(5) Материалдын таанымал өзгөчөлүктөрү менен шартталган техникалык натыйжага жетүү үчүн таанымал материалдан таанымал каражатты же анын бөлүгүн (бөлүктөрүн) аткарууга негизделген ойлоп табуу.

Трепел гипске караганда абдан жеңил болуп саналары белгилүү, аралары тешиктүү (гипс монолиттүү болуп саналат), өзүнүн курамы боюнча дагы бекем (75-90% аморфтук кремнезем), жана түзүлүшү (цементтелген майда бөлүктөрү) гипс сыяктуу морт. Тешиктүү материалдар суюктук жана газ үчүн жогорку өткөргүчтүгү менен мүнөздөлөт. Трепелдин бул таанымал өзгөчөлүгү көрсөтүлгөн натыйжага жетүүгө таасир этэт, ошондуктан, гипсти трепелге алмаштыруу боюнча  мындай сунуш көрсөтүлгөн мүнөздүн мыкты өзгөчөлүгүнө ээ материал катары ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына дал келбей тургандыгында таанылат.

(6) Тандоо жана ортосундагы байланыш белгилүү эрежелердин жана сунуштардын негизинде жүзөгө ашырылган таанымал бөлүктөрдөн турган каражаттарды түзүүгө негизделген жана ошону менен бирге техникалык натыйжага жетүү бул каражаттын таанымал бөлүктөрү жана алардын ортосундагы байланыштар менен гана шартталган ойлоп табуу.

Мисалы, көбөйтүү операцияларын аткаруу үчүн окшош эсептегич түзүлүш сунушталган (чыгуу шыкалуусун алуу, шыкалууну түзүлүштүн эки чыгуусунда пропорционалдуу жүргүзүү). Түзүлүш бул эки квадраторлордун элементтеринин чыгуусуна туташтырылган чыгуу шыкалуусун суммалоо жана эсептөө үчүн элементтерди (элементтер, чыгуу шыкалуусунун квадратына пропорционалдуу чыгуусундагы шыкалуу), жана эскертилип өткөн квадраторлордун чыгуусуна туташтырылган жана тиешелүү шыкалуулардын ар түрдүүлүгүн түзгөн эсептөө үчүн экинчи элементти камтыйт. Бул эсептөө элементинин чыгуусу бардык түзүлүштөрдүн чыгуусу болуп саналат. Техникалык натыйжа катары көбөйтүү операциясын аткаруу – бул арналыштын каражаттарынын арсеналын кеңейтүү чыгат.

Элементтери бириктирилген, математикалык туюнтмаларга ылайык түзүлүш тарабынан кайра өндүрүлгөн тигил же бул оңой операцияларды аткарган, окшош эсептөө түзүлүшүнүн схемасын куруу принциби белгилүү, Ошентип, сунушталган түзүлүштө анын бөлүктөрүн тандоо жана алардын ортосундагы байланыш таанымал эрежелердин, сунуштардын негизинде жүзөгө ашырылган белгиленди. Мында аталган техникалык натыйжа (көбөйтүү операциясын аткаруу б.а. чыгуу шыкалуусун алуу, пропорционалдуу жүргүзүү) элементтердин так өзгөчөлүгү жана алардын ортосундагы байланыштар менен шартталат. Ошондуктан, каралган “негативдүү” эрежеге ылайык каралуучу өтүнмө берилген түзүлүш ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына дал келбейт.

Эреженин 19.17 пунктунун (6) пунктчасы жөнөкөй сезилгенинен улам өтүнмө берилген ойлоп табууну, эгерде мындай ачуу техниканын деңгээлинен эмес, өтүнмөнүн материалдарына гана белгилүү болсо, анын жөнөкөйлүгүнөн жана техникалык натыйжага жетүү механизми өтүнмөнүн материалдарында ачылуусунан эле, өтүнмө берилген ойлоп табууну ойлоп табуу деңгээлине дал келбейт деп кароого болбой тургандыгын баса белгилейт.

Мисалы, эгерде баш ооруну дарылоо үчүн каражатка өтүнмө берилген, ал таанымал болгон ингредиенттен айырмаланат, тамырларды кеңейтүү аракеттерине ээ жана өтүнмө ээси аны оорутпаган эффектин өтө тез түшүшү оорутпаган ингредиентти тамырларды кеңейтүү менен керектүү жерге “жеткирүүнү” тездетүү менен шартталат, мында дары-дармектердин аракетин тездетүүнүн мындай ыкмасынын белгилүүлүгүн тастыктоосуз ойлоп табуу деңгээлинин жоктугу жөнүндө тыянак чыгаруу туура эмес болот. 

3. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлинин шартына дал келишин баалоонун мисалдары 

Полдивинилхлорид негизинде полимердик композиция сунушталган, ал пластификаторду, стабилизаторду жана толтургучту камтып, мунусу менен айырмаланат: ал толтургуч катары аэросилди төмөндөгү ингредиенттердин катышында камтыйт (мас. % менен): пластификатор 38,0-40,0, стабилизатор 0,7-0,8, аэросил 1,5-4,0, поливинилхлорид – калганы .

Ойлоп табуу менен нормалдуу жана температурасы жогору суу менен байланыш болгондон кийин бул композициядан буюм тунуктугун жоготуусун азайтуучу натыйжага жетишилет.

Техниканын деңгээлинде аэросил полимердик композицияда толтургуч катары пайдаланылары жөнүндө маалымат табылды, аны 0,8-2,0 мас. % (поливинилхлорид – 45ке жакын мас. %) санында поливинилхлорид негизиндеги тунук полимердик композицияда пайдалануу, ошону менен бирге 25 град. температурада сууда жана 1 саат аралыгында кайнатылган сууда кармап тургандан кийин таанымал композициядан буюмдун тунуктугун азайтуу деңгээли дагы белгилүү.

Ошентип, ойлоп табуунун - аэросилдин айырмалоочу белгисинин таасири алынган санда жетишилген натыйжа белгилүү жана демек, сунуш ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына туура келбейт.

Суюктук толтурулган, электроддун жардамы менен ток өткөргүч суюктук резистивдүү ысытуу ыкмасы сунушталган, ал мунусу менен айырмаланат: суюктук анда бөлүктөрү ээрибеген катуу толтурулган катмарда ысытылат, мисалы, кварцтык кум.

Ойлоп табуу менен электроддорду кебээрден тазалоо жана жарылуу коркунуч процессинин азайтуу натыйжасына жетишилет. Экинчи натыйжа ысытылуучу суюктуктук көлөмү менен электроддун ортосундагы көлөм ал болгондуктан, ал катуу бөлүктөр менен кысылуусу менен шартталат. Бул иш жүзүндө бул суюктукту көз ирмемдик ысытууну дана электродду тез өчүрүү мүмкүндүгүн жөнгө салат.

Эгерде ысытылган суюктукка катуу ээрибеген бөлүктөрдү салса, анда суюктуктун тузу ысытууда андан бөлүнүп чыгуу менен, бүт үстүнкү бетке эмес (сыйымдуулук, электрод), негизинен катуу бөлүктөргө тундурулат. Бул кубулушта ыкма кебээрдин ушундайлардын бетине, бул учурда электроддорго жабышуусунун алдын алуу негизделген.

Өтүнмө берилген ыкманын айырмалоочу белгилеринин мындай маалыматынын бар болгондо – техникалык натыйжага ысытылган суюктуктун катуу бөлүктөрүн толтуруу – электроддорду кебээрден тазалоо – техниканын деңгээлинен белгилүү.

Бирок катуу бөлүктөрдүн катмарынын ысытылган суюктукта болушу электроддордун ортосундагы суюктуктарды иш жүзүндө көз ирмемде ысытууга алып келиниши жөнүндө маалымат табылбаганда, бул техникалык натыйжага көрсөтүлгөн айырмалоочу белгилердин таасирин техниканын деңгээлинде белгилүү эместигин билдирет. Демек, ыкма ойлоп табуу деңгээлинин шарттарына дал келет.

Ойлоп табуунун ойлоп табуучулугун текшерүү биле туруп белгиленген алгоритмди (прототипти тандоонун биринчи кадамы катары болжолдонуучу) же ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээли жөнүндө оң же терс тыянак чыгаруу үчүн негиз катары кызмат кылуучу тиешелүү кырдаалдардын тизмелерин тартуусуз таянышы мүмкүн. Мындай мамиле, анын ичинде өтүнмө ээси тарабынан ойлоп табуунун формуласында мындай арналышты ишке ашыруу ыкмасынын кандайдыр-бир спецификасын алып жүрбөгөн арналыштын абдан конкреттештирилген мүнөздөмөсүн келтирилгенде жарактуу көрүнүшү мүмкүн. Арналыштын мындай мүнөздөмөлөрүнө, мисалы, төмөнкү? “Пластмасса капкактарын картон тараларына таңгактоо ыкмасы”, “Журналдык үстөлдөрдү топтоо ыкмасы”, “Кичи кадамдары менен сайлары бар болтторду сорттоо үчүн түзүлүш” сыяктуулар кирет.

Көрсөтүлгөн учурларда, эгерде аны берүү керек болсо, патенттин ишенимдүүлүгүн кепилдөө үчүн өтүнмө берилген ойлоп табуунун “ойлоп табуучулук шарттарына” дал келишин текшерүү үчүн тоскоолдук болбой турган (мындай учурларда бул формалдуу мүнөздүн белгиленген баскычындагы тоскоолдук), тез-тез бул мүмкүн эмес болуучу окшоштукту (б.а. мындай арналыштагы каражат) таануу керек.

Далилдөөнүн конкреттүү системасы ойлоп табуунун мүнөзүнө жараша адис катары эксперттин талданып жаткан ойлоп табуу кирген ошол техникалык проблемада кабарлануусунун деңгээлине жараша, эксперттин аналитикалык мүмкүндүктөрүнө жараша, анын далилдердин логикалык түйүнүн түзө алышына жараша ж.б.у.с. эксперт тарабынан аныкталат.

Мисалы. Аларды тизип коюу зонасында жалпак картон даярдамаларын жүктөөнүн ыкмасына өтүнмө берилген, ал мунусу менен мүнөздөлөт: даярдаманы тасма ташыгычка жайгаштырат жана аба агынынын даярдамсына берүү жолу менен аларды ташыгычтын тасмасына зордоп кысуу жүзөгө ашырылат.

Ойлоп табуу багытталган жетишкендикке техникалык натыйжа ташыгычтын тасмасына жараша картон даярдамаларын жылмышуусун четке кагууда турат.

Ойлоп табуунун сыпаттамасында өтүнмө ээси өтүнмө берилген ойлоп табуунун окшошу жок деп көрсөткөн (ал эми эксперт маалыматтык издөө жүргүзүүдө ишенген), б.а. ошол арналыштын (“аларды тизүү жалпак зонасында картон даярдамаларын жүктөө”)

Бул жерде ойлоп табуу деңгээлин текшерүүнүн кандай жолу болушу мүмкүн?

Мүмкүн, биринчи кезекте, ташуучу материалдардын жылмышууларын четке кагуу проблемалары мурда пайда болгонбу, эгер пайда болсо, анда ал кантип чечилгенин белгилөө керек.

Техника деңгээлин талдоо, металл табактарын аларды жүктөө тасмасына жайгаштыруу жана алардын жылмышып кетпөөсүн болтурбоо үчүн табактарды тасмага зордоп кысуу жолу менен ташуу ыкмасы белгилүү экендигин көрсөттү. Кысууну ташылуучу металл табактарына магнит талаасынын таасири этүүсүнүн жолу менен жүзөгө ашырышкан.

Ташылуучу предметтерди кысуунун таанымал ыкмасы картон даярдамаларына колдонууга болбой тургандыгытүшүнүктүү. Ошондуктан бул маселе боюнча техниканын деңгээлинен эмне белгилүү экендигин белгилөө керек.

Картондун жалпак даярдамаларына белги салуунун, даярдамаларды айланып турган үстөлдүн үстүнө жайгаштыруу жана үстөлдүн астында жайгашкан перфоратордун жардамы менен анын бетине белги салуу ыкмасы белгилүү экендиги табылды. Ошону менен бирге картон даярдамасы, анын жылмышып кетпөөсүн болтурбоо максатында, ага аба агынын берүү жолу менен айланып турган үстөлдүн үстүнө кысылат.

Ошентип, өтүнмө берилген ыкмада пайдаланылган үстүнө картондун жалпак даярдамасыг кысууну камсыз кылган ыкма дагы таанымал болду.

Өтүнмө берилген ыкманын жалпы схемасы дагы, б.а. техниканын деңгээлинен аларды тасма ташыгычка жайгаштыруу жолу менен тери жалпак даярдамаларын жылмышуу зонасында ташуу ыкмасы табылганы белгилүү болду.

Техниканын деңгээлинен табылган маалыматтар, таанымал ыкма менен адис, картондун так өзүнөн жасалган жалпак даярдамаларды жылмышуу зонасында ташуу боюнча арналыштарды ишке ашыруу жана ошону менен бирге таанымал ыкма менен ташуучу тасмага карата алардын жылмышуусун болтурбоо проблемасын чечүү үчүн жеткиликтүү. 

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900