FaLang Language Switcher

Берн конвенциясы

Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 24-июлундагы № 100 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кошулган

Берн ш.
1886-ж., 9 сентябрь

Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө
БЕРН КОНВЕНЦИЯСЫ

(1896-ж. 4-майда Парижде толукталган,
1908-ж. 13-ноябрда Берлинде кайра каралган,
1914-ж. 20 мартта Бернде толукталган,
1928-ж. 2-июнда Римде,
1948-ж. 26-июнда Брюсселде,
1967-ж. 14 июлда Стокгольмда
1971-ж. 24 июлда Парижде кайра каралган,
1979-ж. 2 октябрда өзгөртүлгөн)

Авторлордун адабий жана көркөм чыгармаларына карата укуктарын мүмкүн болушунча натыйжалуу жана бир формада коргоого шыктанышкан Союздун өлкөлөрү,
1967-жылы Стокгольмда болуп өткөн Конвенциянын кайра кароо боюнча Конференциясынын ишинин маанисин таануу менен,

Стокгольмда өткөн Конференция тарабынан кабыл алынган Актыны, бул Актынын 1-статьясынан 20-статьясына чейин жана 22-статьясынан 26-статьясына чейин өзгөртүүсүз калтыруу менен кайра кароону чечишти,

Ушуга ылайык керектүү формада жана толук тартипте табылган өз ыйгарым укуктарын көрсөтүү боюнча төмөндөгү кол коюшкан Ыйгарым укуктуулар төмөндөгүлөр менен макулдашты:

1-статья.

(Союзду түзүү)

Ушул Конвенция колдонула турган өлкөлөр авторлордун адабий жана көркөм чыгармаларына карата укуктарын коргоо үчүн Союз түзүшөт.

2-статья.

(Корголуучу чыгармалар. 1. “Адабий жана көркөм чыгармалар”; 2. Аныктоонун мүмкүн болгон талаптары; 3. Алынган чыгармалар; 4. Расмий тексттер; 5. Жыйнактар; 6. Коргоодон пайдалануучу жактын коргоо жөнүндө милдети; 7. Колдонмо искусство чыгармалары жана өнөр жай үлгүлөрү; 8. Жаңылыктар)

(1) “Адабий жана көркөм чыгармалар” деген термин кандай ыкмада жана кандай гана формада болбосун жазуу жүзүндөгү чыгармалар түрүндө көрсөтүлгөн: китептерди, брошюраларды жана башка адабият, илим жана искусство тармагындагы бардык чыгармаларды; дарстарды, кайрылууларды, диний үгүттөөлөрдү жана ушул сыяктуу чыгармаларды; драмалык жана музыкалык-драмалык чыгармаларды: хореографиялык чыгармаларды жана пантомималарды; тексти менен же тексти жок музыкалык чыгармаларды; кинематографияга окшош ыкмалар менен көрсөтүлгөн чыгармалар теңештирилүүчү кинематографиялык чыгармаларды; сүрөттөрдү, живопись, архитектура, скульптура, графика жана литография чыгармаларын; фотосүрөткө окшош ыкма менен көрсөтүлгөн чыгармалар теңештирилүүчү фото сүрөт чыгармаларын; колдонмо искусство чыгармаларын; иллюстрацияларды, географиялык карталарды, пландарды, эскиздерди жана географияга, топографияга, архитектурага же илимге тиешелүү пластикалык чыгармаларды камтыйт.

(2) Бирок Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында адабий жана көркөм чыгармалар же алардын кайсы бир белгиленген категориялары, эгерде алар тигил же бул материалдык формада бекемделбеген болсо, коргоого таандык эмес экендигин айтуу укугу сакталат.

(3) Котормолор, адаптациялар, музыкалык аранжировкалар жана адабий же көркөм чыгармалардын кайтадан башкача жасоолору оригинал чыгармалар менен бирдей, оригинал чыгарманын авторунун укуктарына зыян келтирбестен корголот.

(4) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында мыйзамдык, административдик жана соттук мүнөздөгү расмий тексттерге жана мындай тексттердин расмий котормолоруна бериле турган коргоону аныктоо укугу сакталат.

(5) Адабий жана көркөм чыгармалардын жыйнактары, мисалы, тандап алуусу жана жайгашуусу боюнча интеллектуалдык чыгармачылыктын натыйжасынын материалдары болуп эсептелүүчү энциклопедиялар жана антологиялар, булар сыяктуу эле, ушундай жыйнактардын бир бөлүгүн түзүүчү чыгармалардын ар биринин авторунун укуктарына зыян келтирбестен корголот.

(6) Ушул статьяда көрсөтүлгөн чыгармалар Союздун бардык өлкөлөрүндө коргоодон пайдаланышат. Бул коргоо автордун жана анын укук мураскерлеринин пайдасына ишке ашырылат.

(7) Ушул Конвенциянын 7(4) статьясынын жоболорун эске алуу менен, Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында колдонмо искусство чыгармаларына жана өнөр жай сүрөттөрү менен үлгүлөрүнө алардын мыйзамдарын колдонуу даражасын, ошондой эле мындай чыгармаларды, сүрөттөрдү жана үлгүлөрдү коргоонун шарттарын аныктоо укугу сакталат. Жалаң гана сүрөттөр жана үлгүлөр чыгарылган өлкөдө корголуучу чыгармаларга карата Союздун башка өлкөлөрүндө, ушул өлкөдө сүрөттөр менен үлгүлөргө берилүүчү атайын коргоо гана талап кылынуусу мүмкүн, эгерде бул өлкөдө мындай атайын коргоо берилбесе, бул чыгармалар көркөм чыгармалар катары корголот.

(8) Ушул Конвенция тарабынан берилүүчү коргоо, күндөлүк жаңылыктар жөнүндө кабарларга же жөнөкөй пресс-маалымат мүнөзүндөгү ар кандай окуялар жөнүндө кабарларга жайылтылбайт.

2-статья bis

(Айрым бир чыгармаларды коргоого мүмкүн болгон чектөө: 1. Белгилүү бир сөздөр; 2. Дарстарды жана кайрылуударды айрым бир пайдалануулар; 3. Мындай чыгармалардын жыйнактарын даярдоого укук)

(1) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында мурунку статьяда караштырылган саясый сүйлөнгөн сөздү, сот процессинин жүрүшүндө айтылган сөздөрдү толугу менен же жарым жартылай алып салуу укугу сакталат.

(2) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында ошондой эле дарстар, кайрылуулар жана эл алдында айтылган ушул сыяктуу чыгармалар прессада кайра чыгарылышы, эфирден берилиши, жөнөтүүлөр боюнча жалпы маалымат үчүн кабарланышы жана мындай пайдалануу маалыматтык максатта ишеничти актаган учурда, ушул Конвенциянын II bis (1) статьясында караштырылган эл алдында кабарлоолордун предметин түзүүсү мүмкүн болгон учурлардагы шарттарды аныктоо укугу сакталат

(3) Бирок автор мурунку пункттарда эскертилген өзүнүн чыгармаларынын жыйнактарын даярдоого өзгөчө укуктан пайдаланышат.

3-статья.

(Коргоо берүү үчүн талаптар: 1. Автордун жарандыгы; чыгарманын жарыкка чыккан жери; 2. Автордун жашаган жери; 3. “Жарыкка чыккан” чыгармалар; 4. “Бир эле убакытта жарыкка чыккан” чыгармалар)

(1) Ушул Конвенция тарабынан караштырылган коргоо колдонулат:

а) Союздун өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелген авторлорго, алардын жарыкка чыккан жана ошондой эле жарыкка чыга элек чыгармаларына карата;

b) Союздун өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелбеген авторлорго, алардын биринчи болуп өлкөлөрдүн биринде же бир эле учурда Союзга кирбеген өлкөдө жана Союздун өлкөсүндө чыккан чыгармаларына карата;

(2) Союздун өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелбеген, бирок ушундай өлкөлөрдүн биринде кадимки жашаган жери бар авторлор ушул Конвенциянын максаттары үчүн ошол өлкөнүн жарандарына теңештирилет.

(3) “Жарыкка чыккан чыгармалар” деп, эгерде, бул нускалар чыгарманын мүнөзүн көңүлгө алуу менен, элдин ылайыктуу керектөөсүн канааттандырууга жөндөмдүү санда айландырууда чыгарылган болсо, мындай шартта кандай нускада даярдоо ыкмасы болбосун алардын авторлорунун макулдугу менен чыгарылган чыгармалар түшүндүрүлөт. Драмалык, музыкалык-драмалык же кинематографиялык чыгармаларды көрсөтүү, музыкалык чыгарманын аткарылышы, адабий чыгарманы эл алдында окуу, жөнөтүүлөр боюнча кабарлоолор же адабий жана көркөм чыгармаларды эфир аркылуу берүү, искусство чыгармаларын көрсөтүү жана архитектура чыгармаларынын курулуштарын көрсөтүү жарыкка чыгаруу болуп эсептелбейт.

(4) Чыгарма бир эле учурда бир нече өлкөдө жарыкка чыкты деп эсептелет, эгерде ал анын биринчи чыгарылышынан кийин отуз күндүн ичинде эки же андан көп өлкөлөрдө чыгарылса.

4-статья.

(Кинематографиялык чыгармаларга, архитектура чыгармаларына жана белгилүү бир көркөм чыгармаларга коргоо берүү үчүн талаптар)

(1) Ушул Конвенция тарабынан караштырылган коргоо төмөндөгүлөргө карата, эгерде 3-статьяда караштырылган шарттар аткарылбаса дагы колдонулат:

а) Даярдап чыгаруучусунун өз штаб-квартирасы же Союздун өлкөлөрүнүн биринде кадимки жашаган жери бар кинематографиялык чыгармалардын авторлоруна;

b) Союздун кайсы бир өлкөсүндө курулган архитектуралык чыгармалардын, же имараттын бир бөлүгү болуп эсептелүүчү башка көркөм чыгармалардын, же Союздун кайсы бир өлкөсүндө жайгашкан башка курулуштун авторлоруна.

5-статья.
(Кепилдик берилген укуктар: 1 жана 2. Келип чыккан өлкөдөн тышкары; 3. Келип чыккан өлкөдө; 4. “Келип чыккан өлкөлөр”)

(1) Алар боюнча авторлорго ушул Конвенцияга байланыштуу коргоо берилүүчү чыгармаларга карата, авторлор чыгарма келип чыккан өлкөдөн башка, Союздун өлкөлөрүндө, ушул өлкөрөрдүн өз жарандарына ылайыктуу мыйзамдар менен азыркы учурда берилүүчү же мындан ары бериле турган укуктардан ошондой эле ушул Конституция менен берилүүчү өзгөчө укуктардан пайдаланышат.

(2) Бул укуктардан пайдалануу же аларды жүзөгө ашыруу кандай болбосун формалдуулуктарды аткарууга байланышпайт; мындай пайдалануу же жүзөгө ашыруу чыгарма келип чыккан өлкөдө коргоонун бар экендигине көз каранды эмес. Демек, ушул Конвенция менен белгиленген жоболордон тышкары коргоонун көлөмү коргоо талап кылынган өлкөнүн өзгөчө мыйзамдары менен жөнгө салынуучу, анын укуктарын коргоо үчүн авторго камсыз кылынган коргоо каражаттарына барабар.

(3) Келип чыккан өлкөдө коргоо ички мыйзам менен жөнгө салынат. Бирок, эгерде автор чыгарма келип чыккан өлкөнүн жараны болуп эсептелбесе, Конвенцияга байланыштуу ага коргоо берилген чыгармага карата ал ушул эле өлкөдө, ушул өлкөнүн автор-жарандары сыяктуу эле укуктардан пайдаланат.

4) Келип чыккан өлкө катары эсептелет:

а) Союздун кайсы бир өлкөсүндө биринчи жолу жарыкка чыгарылган чыгармалар үчүн – ошол өлкө; коргоонун ар түрдүү мөөнөттөрүн көрсөтүүчү Союздун бир нече өлкөлөрүндө бир эле мезгилде чыгарылган чыгармалар үчүн – мыйзамы коргоонун эң кыска мөөнөтүн белгилеген өлкө;

b) Союзга кирбеген кандайдыр бир өлкөдө жана Союздун өлкөлөрүнүн биринде бир эле мезгилде чыгарылган чыгармалар үчүн – бул акыркы өлкө;

с) жарыкка чыкпаган чыгармалар үчүн, же Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө бир эле убакта жарыкка чыгуусуз, Союзга кирбеген өлкөдө биринчи жолу жарыкка чыккан чыгармалар үчүн – автор жараны болуп эсептелүүчү ошол өлкө, төмөндөгүдөй шарттарда:

(i) алардын даярдап чыгаруучусунун өз штаб-квартирасы же келип чыккан өлкөсү болуп ушул өлкө эсептелген Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө кадимки жашаган жери бар болгон кинематографиялык чыгармаларга карата, жана

(ii) Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө курулган, же келип чыккан өлкөсү ушул өлкө болуп эсептелген Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө жайгашкан имараттын же башка курулуштун бир бөлүгү болуп эсептелүүчү башка көркөм чыгармалардын архитектуралык чыгармаларына карата.

6-статья.

(Союзга кирбеген белгилүү бир өлкөлөрдүн жарандарынын белгилүү бир чыгармаларына карата коргоого мүмкүн болгон чектөө: 1. Биринчи чыгарылышы жарыкка чыккан өлкөдө жана башка өлкөлөрдө; 2. Тескери күчтүн жоктугу; 3. Кабарлоо)

Эгерде Союзга кирбеген кайсы гана өлкө болбосун Союздун өлкөлөрүнүн биринин жарандары болуп эсептелүүчү авторлордун чыгармаларына жетишээрлик коргоону камсыз кылбаса, бул акыркы өлкө ушул чыгармалардын биринчи жарыкка чыккан датасына башка өлкөнүн жараны болуп эсептелген жана Союздун өлкөлөрүнүн биринде өзүнүн кадимки жашаган жери жок авторлордун чыгармаларына берилүүчү коргоону чектей алат. Эгерде, чыгарма биринчи жолу жарыкка чыккан өлкө ушул укуктан пайдаланса, Союздун башка өлкөлөрү мындай өзгөчө режимге баш ийген чыгармаларга жарыкка биринчи чыккан өлкөдө аларга берилгенге караганда кыйла кеңири коргоону берүүгө милдеттүү эмес.

(2) Мурунку пункттун негизинде белгиленген эч кандай чектөөлөр, мындай чектөөлөрдүн аракетке кирүүсүнө чейин Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө жарыкка чыккан чыгармага авторго берилген укуктарга зыян келтирбейт.

(3) ушул статьяга ылайык автордук укук берүүнү чектөөчү Союздун өлкөлөрү бул жөнүндө коргоо чектелген өлкөнү, ошондой эле чектөөлөргө автор-жарандардын укуктары дуушар болгон өлкөлөрдү аныктоочу жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Генералдык директорине (мындан ары «Генералдык директор» деп аталуучу) кабарлайт.

Генералдык директор бул арызды Союздун бардык өлкөлөрүнө кабарлайт.

6 -статья bis.

(Мүлктүк эмес укуктар: 1. Авторлукту таанууну талап кылуу; белгилүү бир өзгөртүүлөргө жана башка укук бузуучу аракеттерге каршылык көрсөтүү; 2. Автор дүйнөдөн кайткандан кийин; 3. Коргоо каражаттары).

(1) Автордун мүлктүк укуктарына көз карандысыз жана бул укуктарды ыктыярдуу өткөрүп бергенден кийин дагы ал чыгармага өзүнүн авторлугун таанууну талап кылууга жана ар кандай бурмалоого, бузууга же бул чыгарманы башкача өзгөртүүгө, ошондой эле автордун намысына же кадыр-баркына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон чыгармага бардык ар кандай кол салууларга каршы аракеттенүүгө укуктуу.

(2) мурунку пункттун негизинде автордуку деп таанылган укуктар ал дүйнөдөн кайткандан кийин жок дегенде мүлктүк укуктар токтотулганга чейин сакталат жана коргоо талап кылуучу өлкөнүн мыйзамдары аркылуу буга укуктуу жактар же мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат. Бирок ушул Актыны ратификациялоо же ага кошулуу учурунда мыйзамдары мурунку пункта саналып өткөн бардык укуктарды автордун көзү өткөндөн кийин сактоону камсыз кылуучу жоболорду камтыбаган өлкөлөр ушул укуктардын ичинен айрымдары автордун көзү өткөндөн кийин күчүн сактабагандыгын караштыруусу мүмкүн.

(3) ушул статья менен берилүүчү укуктарды камсыз кылуу үчүн коргоо каражаттары, коргоо талап кылынган өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынат.

7-статья.

(Коргоо мөөнөтү: 1. Жалпы жобо; 2. Кинематографиялык чыгармалар үчүн; 3. Жашыруун же пседоним менен чыгарылган чыгармалар үчүн; 4. Фото сүрөттүү чыгармалар жана колдонмо искусство чыгрмалары үчүн; 5. Эсептөөнү баштоо датасы; 6. Кыйла узак мөөнөттөр; 7. Кыйла кыска мөөнөттөр; 8. Колдонулуучу мыйзамдар; мөөнөттөрдү «салыштыруу»)

(1) Ушул Конвенция менен берилүүчү коргоонун мөөнөтү автордун бүтүндөй өмүрүнүн жана анын көзү өткөндөн кийинки элүү жылдык мөөнөттү түзөт.

(2) Бирок кинематографиялык чыгармалар үчүн Союздун өлкөлөрү коргоо мөөнөтү автордун макулдугу менен чыгарма жалпы элге жеткиликтүү кылынгандан тартып элүү жыл өткөндөн кийин бүтө тургандыгы же – эгерде мындай чыгарма жаралган убакыттан тартып бул окуя болбосо – коргоо мөөнөтү чыгарма жаралгандан элүү жыл өткөндөн кийин бүтө тургандыгын караштырууга укуктуу.

(3) Жашыруун же пседоним менен чыгарылган чыгармалар үчүн ушул Конвенция менен берилүүчү коргоонун мөөнөтү чыгарма жалпы элге маалыматто үчүн укуктуу жеткиликтүү кылынгандан тартып элүү жыл өткөндөн кийин бүтөт. Бирок, эгерде автор тарабынан кабыл алынган псевдоним анын инсандыгына шектенүү жаратапса, коргоо мөөнөтү болуп, (1) пункта караштырылган мөөнөт эсептелет. Эгерде жашыруун же пседоним менен чыгарылган чыгарманын автору жогоруда аталган мөөнөт ичинде өзүнүн инсандыгын ачса, анда (1) пункта караштырылган коргоо мөөнөтү колдонулат. Союздун өлкөлөрү алардын авторунун дүйнөдөн кайтканынан элүү жыл өткөндүгүн болжолдоого бардык негиздер бар болгондорго карата жашыруун же пседоним менен чыгарылган чыгарманы коргоого милдеттүү эмес.

(4) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында көркөм чыгарма катарында корголуучу фотосүрөттүк чыгармаларды жана колдонмо искусство чыгармаларын коргоо мөөнөтүн аныктоо укугу сакталат, бирок бул мөөнөт мындай чыгарма жаратылган убакыттан тартып жыйырма беш жылдан кем болбоого тийиш.

(5) Автор дүйнөдөн кайткандан кийин берилүүчү коргоонун мөөнөтү жана (2), (3) жана (4) пункттарда караштырылган мөөнөттөр автор дүйнөдөн кайткан күндөн тартып жана (же) ушул пункттарда көрсөтүлгөн окуялар башталган күндөн тартып өтө баштайт, бирок дайыма дүйнөдөн кайткан жылдан же мындай окуя башталган жылдан кийинки жылдын 1-январынан башталат.

(6) Союздун өлкөлөрү коргоонун мурунку пункттарда караштырылган мөөнөттөрүнөн ашкан мөөнөттөрдү белгилөөгө укуктуу.

(7) Ушул Конвенциянын Рим актысы менен байланышкан жана ушул Актыга кол коюлган учурда аракетте болгон өзүнүн улуттук мыйзамында мурунку пунктта караштырылгандарга караганда коргоонун кыйла кыска мөөнөттөрүн белгилеген Союздун өлкөлөрү ушул Актыга кошулганда же аны ратификациялоодо ушул мөөнөттөрдү сактоого укуктуу.

(8) Кандай учурда болбосун мөөнөт коргоо талап кылынган өлкөнүн мыйзамы менен аныкталат; бирок, эгерде ушул өлкөнүн мыйзамы менен башкасы караштырылбаса, бул мөөнөт чыгарма келип чыккан өлкөдө белгиленген мөөнөткө караганда кыйла узагыраак болушу мүмкүн эмес.

7-статья bis.

(Теңавторлукта жаралган чыгармаларды коргоо мөөнөтү)

Мурунку статьянын жоболору теңавторлукта жаралган чыгармалар үчүн да колдонулат, төмөндөгүдөй шартта: автордун дүйнөдөн кайткан күнүнөн баштап аныкталуучу мөөнөттөр башка теңавторлордон көбүрөөк өмүр сүргөн акыркы автордун дүйнөдөн кайткан күнүнөн тартып эсептелет.

8-статья.

(Котормого укук)

Ушул Конвенция менен корголуучу адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору, оригиналдуу чыгармаларга алардын укуктарынын бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтү ичинде которууга жана өзүнүн чыгармаларынын котормолоруна уруксат берүүгө өзгөчө укуктардан пайдаланышат.

9-статья.

(Кайра чыгаруу укугу: 1. Жалпы жоболор; 2. Мүмкүн болгон четтетүүлөр; 3. Үндүк жана визуалдуу жазуулар)

(1) Ушул Конвенция менен корголуучу адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору, кайсы түрдө жана кайсы формада болбосун бул чыгармаларды кайра чыгарууга уруксат берүүнүн өзгөчө укуктарынан пайдаланышат.

(2) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында мындай кайра чыгаруу, чыгарманы туура пайдаланууга зыян келтирбеген жана негизсиз түрдө автордун мыйзамдык кызыкчылыктарын чектебей турган шартта, белгилүү бир өзгөчө учурларда мындай чыгармаларды кайра чыгарууга уруксат берүү укугу сакталат.

(3) Ушул Конвенциянын максаттары үчүн үндүк жана визуалдуу жазуулардын кайсынысы болбосун кайра чыгаруу деп таанылат.

10-статья.
(Чыгарманы эркин пайдалануунун белгилүү бир учурлары: 1. Цитаталар; 2. Окутуу максатындагы иллюстрациялар; 3. Булакты жана авторду көрсөтүү)

(1) Жакшы салттар сакталган шартта жана басуунун баяндоо формасында гезит менен журналдардан макалалардан цитаталарды камтуу менен, коюлган максат аткарылган көлөмдө, мыйзам жолу менен жалпыга маалымдоо үчүн жеткиликтүү кылынган чыгармалардан цитаталарды келтирүүгө жол берилет.

(2) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында жана алардын ортосунда түзүлгөн же түзүлө турган атайын макулдашууларда, мындай пайдалануу жакшы салттарды сактоо менен жүзөгө ашырылуучу шартта жана коюлган максат аткарылган көлөмдө, басылмаларда радио жана телевизиондук берүүлөрдө жана үн жазууларда же окуу куралы мүнөзүндөгү сүрөттөлүштөрдө иллюстрациялар катары, адабий же көркөм чыгармаларды пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн.

(3) ушул статьянын мурдагы пункттарына ылайык чыгармаларды пайдаланууда булак жана автордун аты-жөнү көрсөтүлөт, эгерде ал ушул булакта белгиленген болсо.

10-статья bis.

(Чыгарманы пайдалануунун мүмкүн болуучу кошумча учурлары: 1. Эфирге берилген белгилүү бир макалалардын же чыгармалардын; 2. Күндөлүк окуялардын жүрүшүндө көрсөтүлгөн же угузулган чыгармалардын)

(1) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында, эфирдеги берүүнү же жөнөтүү аркылуу кабарлоону, күндөлүк экономикалык, саясый же диний маселелер боюнча гезиттерде же журналдарда жарыяланган макалаларды жалпыга маалымдоо үчүн же эфирге берилген ушундай эле мүнөздөгү чыгармаларды прессада кайра чыгарууга уруксат берүү укугу сакталат, мындай учурларда, эфирдеги берүүнү же жөнөтүү аркылуу кабарлоону мындай кайра чыгарууга укук атайын эскертилбеген болсо. Бирок булак дайым так көрсөтүлүүгө тийиш; бул милдеттерди аткаруунун укуктук натыйжалары коргоо талап кылынган өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталат.

(2) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарында, ошондой эле күндөлүк окуялардын жүрүшүндө көрсөтүлгөн же айтылган адабий жана көркөм чыгармалар, коюлган маалыматтык максат аткарылган көлөмдө, күндөлүк окуялардын баяндамаларында фотосүрөт каражаттары менен же эфирде берүү жолу менен, же жалпыга маалымдоо үчүн жөнөтүүлөр аркылуу кабарлоо жолу менен кайра чыгарылуусу же жалпыга маалымдалышы мүмкүн болгон шарттарды аныктоо укугу сакталат.

11-статья.

(Драмалык жана музыкалык чыгармаларга белгилүү бир укуктар: 1. Эл алдында көрсөтүүгө жана жалпыга маалымдоо үчүн көрсөтүүнү өткөрүп берүүгө укук; 2. Котормого карата)

(1) Драмалык, музыкалык-драмалык жана музыкалык чыгармалардын авторлору төмөндөгүлөргө уруксат берүүгө өзгөчө укуктан пайдаланышат:
(i) каражаттар менен ыкмалардын кайсынысы аркылуу болбосун жүзөгө ашырылуучу эл алдында көрсөтүүлөрдү жана аткарууларды камтуучу өз чыгармаларын көрсөтүүгө жана аткарууга;

(ii) жалпыга маалымдоо үчүн чыгармалардын коюуларын жана аткарууларын кайсы ыкма менен болбосун өткөрүп берүүгө.

(2) Драмалык же музыкалык-драмалык чыгармалардын авторлоруна, оригиналдуу чыгармаларга алардын укуктарынын аракеттенүүсүнүн бүтүндөй мөөнөтү ичинде алардын чыгармаларынын котормолоруна карата ошондой эле укуктар берилет.

11-статья bis.

(Эфирде берүү жана буга тиешелүү укук: 1. Эфирде берүү жана сымсыз берүүлөрдүн башка ыкмалары, жөнөтүү же эфирде кайталап берүү жолу менен эфирге берилген чыгармаларды эл алдында кабарлоо, катуу сүйлөгүчтүн же ушуга окшогон аппараттын жардамы менен эфирге берилген чыгармаларды эл алдында кабарлоо; 2. Эфирде берүү жана сымсыз берүүлөрдүн башка ыкмалары, жөнөтүү же эфирде кайталап берүү жолу менен эфирде берилүүчү чыгармаларды эл алдында кабарлоо, катуу сүйлөгүчтүн же ушуга окшогон аппараттын жардамы менен эфирде берилүүчү чыгармаларды эл алдында кабарлоо; 3. Аргасыз лицензиялар; 4. Жазуулар; кыска мөөнөткө пайдалануу үчүн жазуулар)

(1) Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору төмөндөгүлөргө уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктан пайдаланышат:

(i) өздөрүнүн чыгармаларын эфирге берүүгө, же белгилерди, үндөрдү же сүрөттөлүштөрдү сымсыз берүүнүн башка кайсы болбосун ыкмасы аркылуу бул чыгармаларды эл алдында кабарлоого;

(ii) ар кандай эл алдында кабарлоого, жөнөтүү аркылуу же сымсыз байланыш каражаттары аркылуу болсун чыгармалардын эфирде кайталанып берилишине, эгерде мындай кабарлоо биринчисине караганда башка уюм тарабынан жүзөгө ашырылса;

(iii) белгилерди, үндөрдү же сүрөттөлүштөрдү берүүчү катуу сүйлөгүчтүн же башка кайсы болбосун аппараттын жардамы менен эфирге берилген чыгармаларды эл алдында кабарлоого.

(2) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдары менен мурунку пунктта караштырылган укуктарды жүзөгө ашыруунун шарттары аныкталышы мүмкүн; бирок, бул шарттардын аракети аларды белгилеген өлкөлөрдүн чеги менен катуу чектелген болот. Бул шарттар, компетенттүү орган менен макулдашуу жок болгон учурда белгиленүүчү акыйкат сый акыны алууга авторго таандык болбогон мүлктүк эмес укукка эч качан зыян келтирбейт.

(3) ушул статьянын (1) пунктуна ылайык берилген уруксат, башкасы белгиленбегендиктен, үндөрдү же сүрөттөлүштөрдү чагылдыруучу куралдардын жардамы менен эфирге берилген чыгармаларды жазууга уруксатты камтыбайт. Бирок, Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдары менен, өз каражаттары жана өз берүүлөрү үчүн радиоберүү уюмдары тарабынан өндүрүлүүчү кыска мөөнөттүк пайдалануу жазууларынын режими аныкталышы мүмкүн. Бул мыйзам менен, расмий архивдердеги алардын өзгөчө документтик мүнөзүнө байланыштуу, мындай жазууларды сактоого уруксат берилиши мүмкүн.

11-статья ter.

(Адабий чыгармаларга белгилүү бир укуктар: 1. Эл алдында окууга жана жалпыга маалымдоо үчүн окууну берүүгө укук; 2. Котормолорго карата)

(1) Адабий чыгармалардын авторлору төмөндөгүлөргө уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктардан пайдаланышат:

(i) кандай гана болбосун каражаттар жана ыкмалар аркылуу ишке ашырылуучу мындай Эл алдында окууну камтуу менен, өз чыгармаларын Эл алдында окуу;

(ii) жалпыга маалымдоо үчүн алардын чыгармаларын окуунун кандай гана ыкмасына болбосун берүү.

(2) Ушундай эле укуктар адабий чыгармалардын авторлоруна, оригиналдуу чыгармаларга алардын укуктарынын аракеттенүүсүнүн бүтүндөй мөөнөтү ичинде алардын чыгармаларын которууга карата берилет.

12-статья.

(Кайра жасоого, аранжировкага жана башка өзгөртүүлөргө укук)

Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору өз чыгармасын кайра жасоого, аранжировкага жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүгө өзгөчө укуктан пайдаланышат.

13-статья.

(Музыкалык чыгармаларды жана ага тиешелүү кайсы болбосун тексттерди жазууга укукка мүмкүн болгон чектөө: 1. Аргасыз лицензиялар; 2. Өтмө чаралар; 3. Автордун уруксатысыз алып кирилген нускаларга арест)

(1) Союздун ар бир өлкөсү өзү үчүн эскертүүлөрдү жана музыкалык чыгарма менен бирге аны жазууга уруксат берилген музыкалык чыгарманын авторуна жана кайсы гана болбосун тексттин авторуна берилүүчү өзгөчө укукка тиешелүү шарттарды белгилей алышат, мындай текст менен бирге музыкалык чыгарманы үндүк жазууга уруксат беришет, эгерде ушундай бар болсо; бирок бардык мындай эскертүүлөр жана шарттар аларды белгилеген өлкөлөрдө гана колдонулат жана эч качан бул авторлорго таандык болгон, макулдашуу жок учурда компетенттүү орган тарабынан белгиленүүчү акыйкат сый акыны алуу укугуна зыян келтирбейт.

(2) Союздун кандайдыр бир өлкөсүндө жасалган музыкалык чыгармалардын жазууларын 1928-жылы 2-июнда Римде жана 1948-жылы 26-июнда Брюсселде кол коюлган Конвенциялардын 13 (3) статьясына ылайык ушул өлкөдө музыкалык чыгарманын авторунун уруксатысыз, ушул Акт ага карата күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөнгө чейин кайра чыгарууга болот.

(3) Ушул статьянын (1) жана (2) пункттарына ылайык жасалган жана алар мыйзамсыз деп эсептелген өлкөгө кызыкдар болгон тараптардын уруксатысыз алып кирилген жазууларга арест салынат.

14-статья.

(Кинематографиялык коюулар жана аларга тиешелүү укуктар: 1. Кинематографиялык кайрадан башкача жасоо жана кайра чыгаруу; жайылтуу, эл алдында көрсөтүү жана ушундай жол менен кайра чыгарылган же кайрадан жасалган чыгармаларды жалпыга маалымдоо үчүн жөнөтүүлөр боюнча кабарлоо; 2. Кинематографиялык коюуларды кайра жасоо; 3. Аргасыз лицензияларды колдонбоо)

(1) Адабий жана көркөм чыгармалардын авторлору төмөндөгүлөргө уруксат берүү үчүн өзгөчө укуктардан пайдаланышат:

(i) өздөрүнүн чыгармаларын кинематографиялык кайра жасоо жана кайра чыгаруу жана мындай жол менен кайра жасалган же кайра чыгарылган чыгармаларды жайылтуу;

(ii) мындай жол менен кайра жасалган же кайра чыгарылган чыгармаларды эл алдында көрсөтүү жана аткаруу жана жалпыга маалымдоо үчүн жөнөтүүлөр боюнча аларды кабарлоо.

(2) Адабий же көркөм чыгармадан алынганды кинематографиялык коюунун кайсы гана болбосун башка көркөм формасына кайра жасоо, анын авторунун уруксатына көз карандысыз, ошондой эле, оригиналдуу чыгарманын авторунун уруксатын талап кылат.

(3) 13 (1) статьянын жоболору колдонулбайт.

14-статья bis.

(Кинематографиялык чыгармаларга карата атайын жоболор: 1. «Оригиналдуу» чыгармаларга теңештирүү; 2. Укук ээлери; чыгарманы жаратууга салым кошкон белгилүү бир жактардын айрым бир укуктарын чектөө; 3. чыгарманы жаратууга салым кошкон айрым бир башка жактар)

(1) Кайсы гана чыгармага болбосун автордук укугуна зыян келтирбестен кайра жасоого же кайра чыгарууга мүмкүн болгон кинематографиялык чыгарма оригиналдуу чыгарма катары корголот. Кинематографиялык чыгармага автордук укуктун ээси мурунку статьяда караштырылган укуктарды камтуу менен оригиналдуу чыгармалардын автору сыяктуу ошондой эле укуктардан пайдаланат.

(2) а) Кинематографиялык чыгармага автордук укук ээлерин-жактарын аныктоо коргоо талап кылынган өлкөнүн мыйзамында сакталат.

b) Бирок мыйзамы аны жаратууга салым кошкон авторлорду кинематографиялык чыгармага карата автордук укук ээлеринин катарына кошуучу Союздун өлкөлөрүндө, бул авторлор, эгерде алар мындай салым кошууга милдеттенишкен болсо, кандай болбосун карама-каршы же өзгөчө шарт жок болгон учурда кайра чыгарууга, жайылтууга, эл алдында көрсөтүүгө жана аткарууга, жалпыга маалымдоо үчүн жөнөтүүлөр боюнча кабарлоого, эфирде берүүгө же чыгарманы кандайдыр бир башка кабарлоого, ошондой эле текстти субтитрлөөгө жана дубляждоого каршылык көрсөтүүгө укуксуз.

с) Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенме мурунку (b) пунктунда колдонуу үчүн жазуу түрүндөгү макулдашуу же жазуу түрүндөгү актыга барабар болгон формада көрсөтүлүшү мүмкүн экендиги жөнүндөгү маселе кинематографиялык чыгарманы даярдоочунун өзүнүн штаб-квартирасы же кадимки жашаган жери бар болгон өлкөнүн мыйзамы менен аныкталат. Бирок, коргоо талап кылынган Союздун өлкөсүнүн мыйзамында, мындай милдеттенме жазуу жүзүндөгү макулдашуу менен же ага барабар болгон жазуу жүзүндөгү акты менен белгилене турган укукту караштыруу сакталат. Ушул укуктан пайдалануучу өлкөлөр бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу Генералдык директорго билдиришет, ал кечиктирбестен Союздун бардык башка өлкөлөрүнө кабарлайт.

d) «Карама-каршы же өзгөчө шарт» деген жогоруда аталган милдеттенмеге тиешеси бар кандай гана болбосун чектөө коюучу шартты түшүндүрөт.

(3) Эгерде улуттук мыйзамда башкасы белгиленбеген болсо, жогоруда көрсөтүлгөн (2) b пунктунун жоболору кинематографиялык чыгарманы коюу үчүн түзүлгөн сценарийдин, диалогдордун жана музыкалык чыгармалардын авторлоруна, же анын режиссёр-коюучусуна колдонулбайт. Бирок режиссёр-коюучуга аталган (2) b пунктун колдонууну караштыруучу жоболорду камтыбаган Союздун өлкөлөрү бул жөнүндө Генералдык директорго жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу билдиришет, ал кечиктирбестен Союздун бардык башка өлкөлөрүнө кабарлайт.

14-статья ter.

(Искусство чыгармаларына жана оригиналдарга «Үлүштүк катышууга укук»: 1. Кайра сатуулардан түшкөн пайдага үлүштүк укук; 2. Колдонулуучу мыйзам; 3. Жол-жобо)

(1) Искусство чыгармаларынын оригиналдарына жана жазуучулар менен композиторлордун кол жазмаларынын авторлоруна карата, ал эми ал дүйнөдөн өткөндөн кийин, улуттук мыйзамдар тарабынан укуктуу жактар же мекемелер чыгарманын автору жасаган биринчи өткөрүп берүүдөн кийинки чыгарманы ар бир сатууга иштиктүү катышуунун ажыратылгыс укугунан пайдаланышат.

(2) Мурдагы пункта караштырылган коргоо Союздун кайсы өлкөсүндө болбосун талап кылынышы мүмкүн, эгерде ушул коргоо талап кылынган өлкөнүн мыйзамы жол берген көлөмдө, автор таандык болгон өлкөнүн мыйзамы буга уруксат берсе гана.

(3) Суммаларды чогултуунун тартиби жана өлчөмү улуттук мыйзам менен аныкталат.

15-статья.

(Корголуучу укуктарды сактоого укук: 1. Автордун аты көрсөтүлгөндө же псевдоним автордун атуулдугуна карата шектенүүлөрдү жаратпаган учурда; 2. Кинематографиялык чыгармалар учурунда; 3. Жашыруун же псевдоним алдында чыгарылган чыгармалардын учурунда; 4. Автору белгисиз болгон белгилүү бир жарыяланбаган чыгармалардын учурунда)

(1) Ушул Конвенция менен корголуучу адабий жана көркөм чыгармалардын автору караштырылсын үчүн, мындайдын тескерисинин далилдери жок болгон учурда жана ушуга ылайык Союздун өлкөлөрүндө контрафактыларга каршы соттук куугунтуктоону козгоого жол берилсе, эгерде автордун аты-жөнү чыгармада демейдегидей түрдө белгилене турган болсо, жетиштүү болот.

(2) Кинематографиялык чыгармаларды даярдоочу болуп, тескерисинин далилдери жок болгон учурда, автордун аты-жөнү же аталышы чыгармада демейдегидей түрдө белгиленген болсо, жеке же юридикалык жак эсептелет.

(3) Жогоруда (1) пункта көрсөтүлгүндөрдөн башка, жашыруун же псевдоним менен чыккан чыгармаларга карата, аты-жөнү чыгармада белгиленген чыгаруучу, тескерисинин далилдери жок болгон учурда, автордун өкүлү катары таанылат, жана ушул сапатта ал автордун укугун коргоого жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укукту. Автор өзүнүн атуулдугун ачса жана чыгармага өзүнүн авторлугу жөнүндө билдирсе, ушул пункттун жоболорунун аракеттери токтотулат.

(4) а) Ал Союздун өлкөсүнүн гражданини болуп эсептелээри жөнүндө божомолго бардык негиздер бар болгон автору белгисиз чыгармалар үчүн, бул өлкөнүн мыйзамында ушул авторду көрсөтүүчү жана анын укуктарын коргоого жана Союздун өлкөлөрүндө аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу болгон компетенттүү органды дайындоо укугу сакталат.
b) Ушул жоболорго ылайык ушундай дайындоону ишке ашыруучу Союздун өлкөлөрү мындай тартипте дайындалган орган жөнүндө толук маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу Генералдык директорге бул тууралуу кабарлашат.

16-статья.

(Контрафактылык нускалар: 1. Камакка алуу; 2. Алып кирүүдө камакка алуу; 3. Кол-донулуучу мыйзам)

(1) Чыгармалардын контрафактылык нускаларына бул чыгарма укуктук коргоодон пайдаланган Союздун кайсы өлкөсүндө болбосун арест (камак) салынат.

(2) Мурунку пункттун жоболору ошондой эле чыгарма корголбогон же коргоодон пайдалануусун токтоткон, келип чыккан өлкөдө кайра чыгарылууларда колдонулат.

(3) Камак ар бир өлкөнүн мыйзамдарына ылайык салынат.

17-статья.

(Чыгармаларды жайылтууну, аткарууну жана көргөзүүнү контролго алуу мүмкүндүгү)

Бул Конвенциянын жоболору компетенттүү орган бул укукту жүзөгө ашыруу зарыл деп тааныган чыгармаларга карата, кайсы гана болбосун чыгарманы мыйзамдык же административдик тартипте жайылтууга, аткарууга же көргөзүүгө уруксат берүүгө, контролдук кылууга же тыюу салууга Союздун ар бир өлкөсүнүн өкмөтүнүн укугуна эч кандай зыян келтире албайт.

18-статья.

(Конвенция күчүнө кирген учурга бар болгон чыгармалар: 1. Келип чыккан өлкөдө коргоо мөөнөтү али бүтө элек учурда корголуудагылар; 2. Ал суралган өлкөдө коргоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда корголбогондор; 3. Бул принциптерди колдонуу; 4. Атайын учурлар)

(1) Ушул Конвенция ал күчүнө кирген учурга коргоо мөөнөтү өткөндүн натыйжасында келип чыккан өлкөдө элдик мүлк болуп кала элек чыгармалардын бардыгына колдонулат.

(2) Бирок, эгерде чыгармага мурда берилген коргоо мөөнөтү өтүп кеткендиктин натыйжасында ал коргоо талап кылынган өлкөдө элдик мүлк болуп калган болсо, бул чыгарма ушул өлкөдө кайрадан коргоо коюлбайт.

(3) Көрсөтүлгөн принцип Союздун өлкөлөрүнүн ортосунда ушул максатта түзүлгөн же келечекте түзүлө турган атайын конвенциялардын жоболоруна ылайык колдонулат. Мындай жоболор жок болгон учурда ылайыктуу өлкөлөр ар бири өзү үчүн ушул принциптин колдонуу шарттарын аныкташат.

(4) Мурдагы жоболор ошондой эле, Союзга жаңы кошулуу учурунда, же коргоо 7-статьяны колдонуу тартибинде кеңейтилген учурда, же эскертилгендерден баш тартуунун натыйжасында колдонулат.

19-статья.

(Конвенция тарабынан караштырылгандан кыйла кеңири коргоо)

Ушул Конвенциянын жоболору Союздун тигил же бул өлкөсүнүн мыйзамы менен берилүүгө мүмкүн болгон кыйла кеңири коргоону талап кылууга жолтоо болбойт.

20-статья.

(Союздун өлкөлөрүнүн ортосундагы атайын макулдашуулар)

Союздун өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, бул макулдашуулар авторлорго ушул Конвенция тарабынан белгиленгенге караганда кыйла кеңири укук бергенде же ушул Конвенцияга каршы келбеген башка жоболорду камтыган учурда өз-ара атайын макулдашууларды түзүүгө киришүүгө укуктарды өздөрүнө калтырышат. Ушул талаптарды канааттандыруучу колдонулуп жаткан макулдашуулардын жоболору колдонууга жарамдуу бойдон калышат.

21-статья.

(Өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө тиешелүү атайын жоболор: 1. Кошумча бөлүккө шилтеме; 2. Кошумча бөлүк – Актынын бөлүгү)

(1) Өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө тиешелүү атайын жоболор Кошумча бөлүктө камтылат.
(2) 28 (1) b статьянын жоболорун эске алуу менен Кошумча бөлүк ушул Актынын ажыратылгыс бөлүгүн түзөт.

22-статья.

(Ассамблея: 1. Уюштуруу жана курамы; 2. Милдеттери; 3. Шартсан (кворум), Добуш берүү, байкоочулар; 4. Чакыруу; 5. Жол-жоболордун эрежеси)

(1) а) Союз 22-26 статьялар менен байланышкан Союздун өлкөлөрүнөн туруучу Ассамблеяга ээ.

b) Ар бир өлкөнүн өкмөтү орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери болууга мүмкүн болгон бир делегат менен көрсөтүлөт.

с) Ар бир делегациянын чыгымдарын аны дайындаган өкмөт көтөрөт.

(2) а) Ассамблея:

(i) Союзду сактоого жана өнүктүрүүгө жана ушул Конвенцияны колдонууга тиешелүү бардык маселелерди карайт;

(ii) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун (мындан ары «Уюм» деп аталуучу) уюштуруучу Конвенцияда караштырылган Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык бюросуна (мындан ары «Эл аралык бюро» деп аталуучу), 22-26-статьялар менен байланышпаган Союздун өлкөлөрүнүн эскертүүлөрүнө керектүү деңгээлде көңүл буруу менен, кайра кароо боюнча конференцияларды даярдоого тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет.

(iii) Уюмдун Генералдык директорунун Союзга тиешелүү болгон отчетторун жана ишмердүүлүгүн карайт жана бекитет жана ага Союздун компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча бардык зарыл болгон нускамаларды берет;

(iv) Ассамблеянын аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлайт;

(v) өзүнүн Аткаруу комитетинин отчетун карап чыгып бекитет жана ишмердүүлүгүн жактырат, ошондой эле ага нускамаларды берет;

(vi) программаны аныктайт, Союздун үч жылдык бюджетин кабыл алат жана анын финансылык отчетун бекитет;

(vii) Союздун финансылык регламентин бекитет;

(viii) Союздун максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл деп эсептеген эксперттердин комитеттерин жана жумушчу топторду түзөт.

(ix) Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы өлкөлөр жана кайсы өкмөттөр аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар Анын отурумдарына байкоочулар катарында киргизиле тургандыгын аныктайт;

(x) 22-26-статьяларга оңдоолорду кабыл алат;

(xi) Союздун максаттарына жетүүгө багытталган башка бардык ылайыктуу иш аракеттерди жүзөгө ашырат;

(xii) ушул Конвенциядан келип чыгуучу башка бардык иш-милдеттерди аткарат;

(xiii) анын макулдугу бар болгон шартта Уюмду уюштуруучу Конвенция тарабынан ага берилген укуктарды жүзөгө ашырат.

b) ошондой эле башкарууну Уюм жүзөгө ашыруучу башка Союздар үчүн кызыгуу жаратуучу маселелер боюнча Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийин Ассамблея чечим кабыл алат.

(3) а) Ассамблеянын ар бир мүчө-мамлекети бир добушка ээ.

b) Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн жарымы шартсанды (кворум) түзөт.

с) b пунктунун жобосуна карабастан, эгерде кандайдыр бир сессияда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн саны жарымынан азын түзсө, бирок Ассамблеянын мүчө өлкөлөрүнүн үчтөн бирине барабар болсо же андан ашса, ал чечим кабыл ала алат, бирок, анын жеке жол-жобо эрежелерине тиешелүү чечимдерден башка Ассамблеянын бардык чечимдери төмөндөгү шарттар аткарылганда гана күчүнө кирет.

Эл аралык бюро эскертилген чечимдерди анда көрсөтүлбөгөн Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнө жөнөтөт жана чечимдерди жөнөткөн күндөн тартып үч айлык мөөнөт ичинде аларды ушул чечимге добуш беришээрин же каршы-калыстыгын билдирип кабарлоого чакырат. Эгерде ушул мөөнөт өтүп кеткенге чейин алар добуш берүүдөн өзүн токтотуп калгандыгы жөнүндө ушундай жол менен добуш берүүчү же кабарлоочу өлкөлөрдүн саны, сессиянын өзүндө шартсанга жетпей калган санга жетсе, мындай чечимдер бир эле мезгилде зарыл болгон көпчүлүк сакталган шартта күчүнө кирет.

d) 26 (2) статьянын жоболору сакталган шартта Ассамблея өз чечимдерин берилген добуштардын үчтөн эки көпчүлүк бөлүгү менен кабыл алат.

е) Добуш берүүдөн өзүн кармап калган добуштар эсептелбейт.

f) Делегат бир гана өлкөнү көрсөтөт жана анын атынан гана добуш бере алат.
g) Ассамблеянын мүчөсү болуп эсептелбеген Союздун өлкөлөрү анын отурумдарына байкоочулар катары киргизилет.

(4) а) Ассамблея кезектеги сессияга үч жылда бир жолу Генералдык директордин чакыруусу боюнча жана өзгөчө учурлардан башкасында, ошол эле убакытта жана Уюмдун Генералдык Ассамблеясы жайгашкан ошол эле жерде чогулат.

b) Ассамблея Аткаруу комитетинин талабы боюнча же Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн төрттөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча, Генералдык директор тарабынан чакырылган чукул сессияга чогулат.

(5) Ассамблея өзүнүн жол-жобо эрежелерин кабыл алат.

23-статья.

(Аткаруу комитети: 1. Уюштуруу; 2. Курамы; 3. Мүчөлөрүнүн саны; 4. Географиялык бөлүштүрүү; атайын макулдашуулар; 5. Мөөнөтү, кайра шайлоо чектери, шайлоо эрежелери; 6. Милдеттери; 7. Чакырылышы; 8. Шартсан, добуш берүү; 9. Байкоочулар; 10. Жол-жобо эрежелери)

(1) Ассамблея Аткаруу комитетке ээ..

(2) а) Аткаруу комитети Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн ичинен тандалып алынган өлкөлөрдөн турат. Андан тышкары, аймагында Уюмдун өз штаб-квартирасы бар болгон өлкөнүн 25 (7) b статьянын жоболору сакталган шартта бир орунда Комитетте ex officio болот.

b) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-өлкөсүнүн өкмөтү орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери болууга мүмкүн болгон бир делегат менен көрсөтүлгөн.

с) Ар бир делегациянын чыгымдарын дайындаган өкмөт көтөрөт.

(3) Аткаруу комитетинин мүчө-өлкөлөрүнүн саны Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн санынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Толтурууга тиешелүү орундардын санын аныктоодо төрткө бөлгөндөн кийин калган калдык эсепке алынбайт.

(4) Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлаганда Ассамблея калыс географиялык бөлүштүрүүгө, ошондой эле Союзга байланыштуу, Аткаруу комитетин түзүүчү өлкөлөрдүн катарында болуу үчүн түзүлүүгө мүмкүн болгон катышуучу-өлкөлөр үчүн атайын макулдашуулардын зарылдыгына көңүл бурат.

(5) а) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү өз милдеттерин Ассамблеянын алар шайланган сессиясынын жабылышынан Ассамблеянын кийинки сессиясынын жабылышына чейин жүзөгө ашырышат.
b) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү кайра шайланышы мүмкүн, бирок анын курамынын үчтөн экисинен ашпаган санда.
с) Ассамблея Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мүмкүн болуучу кайра шайлоолордун кеңири эрежелерин белгилейт.

(6) а) Аткаруу комитети:
(i) Ассамблеянын күн тартибинин долбоорун даярдайт;
(ii) Ассамблеяга Генералдык директор тарабынан даярдалган Союздун программасынын жана үч жылдык бюджетинин долбооруна тиешелүү сунуштарды берет;
(iii) Программалардын жана үч жылдык бюджеттин чектеринде Генералдык директор тарабынан даярдалган жылдык программаларды жана бюджеттерди кабыл алат;
(iv) Мезгил-мезгили менен ылайыктуу эскертүүлөрү менен Ассамблеяга Генералдык директордун отчетторун жана финансылык текшерүүлөрдүн жыл сайынкы актыларын берет;
(v) Ассамблеянын чечимдерине ылайык жана Ассамблеянын кезектеги эки сессиясынын ортосунда пайда болгон жагдайларды эске алуу менен, Союздун программаларынын Генералдык директор тарабынан аткарылышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат;
(vi) Ушул Конвенцияга ылайык ага жүктөлгөн башка бардык милдеттерди аткарат.
b) Уюм башкарган башка Союздар үчүн дагы кызыгуу жаратуучу маселелер боюнча, Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийни, Аткаруу комитети чечим кабыл алат.

(7) а) Аткаруу комитети кезектеги сессияга, жылына бир жолу мүмкүндүгүнө жараша ошол эле убакта жана ошол эле жерде, Уюмдун Координациялык комитети сыяктуу эле, Генералдык директордун чакыруусу боюнча чогулат.
b) Аткаруу комитети Генералдык директор тарабынан чакырылуучу чукул сессияга, же анын жеке демилгеси боюнча, же төраганын өтүнүчү боюнча, же Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн төрттөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча чогулат.

(8) а) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-өлкөсү бир добушка ээ.
b) Аткаруу комитетинин мүчө-өлкөлөрүнүн жарымы шартсанды (кворум) түзөт.
с) Чечим берилген жөнөкөй көпчүлүк добуштар менен кабыл алынат.
d) Добуш берүүдөн өзүн сактап калгандардын добуштары кабыл алынбайт.
е) Делегат бир гана тарапты көрсөтө алат жана анын атынан гана добуш берет.

(9) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү болуп эсептелбеген Союздун өлкөлөрү анын отурумдарына байкоочулар катарында киргизилет.
(10) Аткаруу комитети өзүнүн жол-жоболрунун эрежелерин кабыл алат.

24-статья.

(Эл аралык бюро: 1. Жалпы милдеттери; Генералдык директор; 2. Жалпы маалымат; 3. Журнал; 4. Өлкөлөргө маалымат; 5. Изилдөөлөр жана кызмат көрсөтүүлөр; 6. Отурумдарга катышуу; 7. Кайра кароо боюнча конференциялар; 8. Башка милдеттери)

(1) а) Союздун административдик милдеттери Өнөр жай менчигин коргоо боюнча эл аралык конвенция тарабынан уюштурулган Союздун Бюросу менен бириктирилген Союздун Бюросунун укук мураскери болуп эсептелүүчү Эл аралык бюро тарабынан жүзөгө ашырылат.
b) Эл аралык бюро, атап айтканда Союздун ар кандай органдарынын катчылыгынын милдеттерин аткарат.
с) Уюмдун Генералдык директору Союздун башкы Адамы болуп эсептелет жана Союзду көрсөтөт.

(2) Эл аралык бюро автордук укуктарды коргоого тиешелүү маалыматтарды чогултат жана жарыялайт. Союздун ар бир тарабы кечиктирбестен Эл аралык бюрого ар бир жаңы мыйзамдын текстин жана автордук укукту коргоого тиешелүү бардык расмий тексттерди берет.

(3) Эл аралык бюро ай сайын журнал чыгарып турат.

(4) Эл аралык бюро Союздун өлкөлөрүнүн кайсынысынын болбосун сурамдары боюнча автордук укуктарды коргоо маселелери боюнча маалыматтарды кабарлайт.

(5) Эл аралык бюро изилдөөлөрдү жүргүзөт жана автордук укуктарды коргоону жеңилдетүүгө арналган кызматтарды көрсөтөт.

(6) Генералдык директор жана ал тарабынан дайындалган персонал мүчөсү Ассамблеянын, Аткаруу комитетинин жана кайсы болбосун эксперттердин жана жумушчу топтордун бардык отурумдарына добуш берүүгө укуксуз катышат. Генералдык директор жана ал тарабынан дайындалган персонал мүчөсү өзүнүн кызматтык абалы боюнча бул органдардын катчысы болуп эсептелет.

(7) а) Эл аралык бюро, Ассамблеянын көрсөтмөлөрүнө ылайык жана Аткаруу комитети менен кызматташтыкта, Конвенциянын 22-26-статьяларда камтылбаган жоболорун кайра кароо боюнча конференцияларды даярдайт.

b) Эл аралык бюро кайра кароо боюнча конференцияларды даярдоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен консультацияларды жүргүзө алат.

с) Генералдык директор жана ал тарабынан дайындалган адамдар бул конференцияларда добуш берүүгө укуксуз катышат.

(8) Эл аралык бюро ага жүктөлгөн башка бардык милдеттерджи аткарат.

25-статья.

(Финансылар: 1. Бюджет; 2. Башка Союздар менен координациялоо; 3. Булактары; 4. Мүчөлүк төлөмдөр: мурунку бюджеттин узартылуу мүмкүндүгү; 5. Жыйымдар жана төлөмдөр; 6. Жүгүртүү каражаттарынын фонду; 7. Уюмдун өз штаб-квартирасы жайгашкан аймактагы өлкөнүн өкмөтүнүн авансылары; 8. Финансылык текшерүү)

(1) а) Союз бюджетке ээ.
b) Союздун бюджети Союздун өзүнүн келип түшүүлөрүн жана чыгымдарын, Союздар үчүн жалпы чыгашалардын бюджетине анын мүчөлүк төлөмүн, ошондой эле ылайыктуу учурларда Уюмдун Конференцияларынын бюджетине бөлүп чыгарууларды камтыйт,
с) Союз үчүн жалпы чыгашалар катары бул Союздун өзүнө, бирок бир эле мезгилде Уюм башкарган бир же бир нече башка Союздарга таандык болбогондор эсептелет. Бул жалпы чыгашаларда Союздун үлүшү бул чыгашалардагы анын кызыкдарлыгына ылайык келет.
(2) Союздун бюджети Уюм башкарган башка Союздардын бюджеттери менен координациялоонун талаптарын эске алуу менен кабыл алынат.
(3) Союздун бюджети төмөндөгү булактардан каржыланат:
(i) Союздун өлкөлөрүнүн мүчөлүк төлөмдөрүнөн;
(ii) Союзга таандык болгон Эл аралык бюронун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жыйымдар жана төлөмдөрдөн;
(iii) Союзга тиешелүү болгон Эл аралык бюронун жарыялоолорун сатуудан жана мындай жарыялоолорго укуктарды өткөрүп берүүдөн келип түшүүлөрдөн;
(iv) тартуулардан, мураска калган каражаттардан жана субсидиялардан;
(v) ренталар, проценттер жана башка кирешелерден.
(4) а) Бюджетке төлөнүүчү өзүнүн мүчөлүк акысын аныктоо үчүн Союздун ар бир өлкөсү белгилүү бир класска таандык болот жана өзүнүн жылдык мүчөлүк төлөмүн (взнос) бирдиктердин санынын төмөндөгүдөй жол менен белгиленишинин негизинде төлөйт:
Класс I 25
Класс II 20
Класс III 15
Класс IV 10
Класс V 5
Класс VI 3
Класс VII 1

b) Ар бир өлкө, эгерде ал муну мурда жасабаган болсо, кошулгандыгы жөнүндө ратификациялык грамотаны же актыны сактоого берүү менен бир эле учурда ал таандык болгусу келген класска көрсөтө алат. Кайсы өлкө болбосун классын өзгөртө алат. Эгерде өлкө кыйла төмөнкү классты көрсөтсө, ал Ассамблеянын кезектеги сессиясында бул жөнүндө билдирүүгө тийиш. Мындай өзгөртүү сессия тарабынан көрсөтүлгөндөн кийинки календардык жылдын башынан тартып күчүнө кирет.

с) Ар бир өлкөнүн жылдык мүчөлүк төлөмү, өлкөлөрдүн бардык төлөнгөн мүчөлүк төлөмдөрүнүн бирдиктеринин жалпы санына анын бирдиктеринин саны тиешелүү болгондой, бардык өлкөлөр тарабынан төлөнүүгө тиешелүү болгон, Союздун бюджетине мүчөлүк төлөмдөрдүн жалпы суммасына тиешелүү суммага барабар.

d) Мүчөлүк төлөмдөр ар бир жылдын биринчи январынан төлөнгөн төлөмгө тиешелүү болот.
е) Мүчөлүк төлөмдөрдү төлөө боюнча карызы бар өлкө, ал мүчө болуп эсептелген Союздун бардык органдарында добушун жоготот, эгерде анын карызынын суммасы өткөн толук эки жылга тиешелүү мүчөлүк төлөмдүн суммасына барабар болсо, же андан ашса. Бирок бул органдардын кайсынысы болсо да, мындай өлкөдө добуштук укуктан пайдаланууга уруксат бере алат, эгерде төлөө убактысын өткөрүп жиберүү өзгөчө же кутула албас кырдаалдардын натыйжасында болгондугуна ал ушуга чейин да ынанган болсо.

f) Жаңы финансылык мезгилдин башталышына чейин бюджет кабыл алынбаган учурда, финансылык регламентте караштырылган тартипке ылайык, бюджет мурунку жылдын деңгээлинде аракеттентет.

(5) Союздун атынан Эл аралык бюро тарабынан берилүү кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү болгон жыйымдар менен төлөмдөрдүн өлчөмү, бул тууралуу Ассамблеяга жана Аткаруу комитетине баяндама берүүчү Генералдык директор тарабынан белгиленет.

(6) а) Союзда, Союздун ар бир өлкөсү тарабынан салынуучу бир жолку төлөмдөн түзүлүүчү жүгүртүү каражаттарынын фонду бар.

b) Эскертилген фондго ар бир өлкөнүн баштапкы төлөмүнүн өлчөмү же бул фондду көбөйтүүдөгү анын үлүшү, фонд түзүлгөн же аны көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган жыл үчүн ошол өлкөнүн мүчөлүк төлөмүнө пропорционалдуу.

с) Бул пропорция жана төлөмдүн шарттары, Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийин, Ассамблея тарабынан Генералдык директордун сунушу боюнча белгиленет.

(7) а) Аймагында Уюмдун өзүнүн штаб квартирасы жайгашкан өлкө менен түзүлгөн макулдашууда, жүгүртүү каражаттары жетишээрлик болбой калган учурларда бул өлкө аванстарды бере тургандыгы караштырылган. Бул аванстардын суммасы жана ар бир учурда алар берилүүчү шарттар мындай өлкө менен уюмдун ортосундагы өзгөчө макулдашуунун предмети болуп эсептелет. Мындай өлкө аванстарды берүү милдетине байланышкан учурга чейин, ал өзүнүн жобосу боюнча Аткаруу комитетинде бир орунга ээ .

b) (a) пунктчасында эскертилген өлкө сыяктуу эле Уюм дагы жазуу түрүндөгү кабарлоо жолу аркылуу аванстарды берүү жөнүндө милдеттенмелерди жокко чыгара алат. Жокко чыгаруу кабар берилген жыл бүткөндөн кийин үч жыл өтөн соң күчүнө кирет.

(8) Финансылык текшерүү Союздун бир же бир нече өлкөлөрүнүн финансылык регламентинин эрежелерине ылайык же алардын макулдугу менен Ассамблея тарабынан дайындалган тышкы текшерүүчүлөр тарабынан ишке ашырылат.

26-статья.

(Өзгөртүүлөр: 1. Ассамблея тарабынан өзгөртүлүүгө мүмкүн болгон жоболор; сунуштар; 2. Кабыл алуу; 3. Күчүнө кириши)

(1) 22, 23, 24, 25-статьяларга жана ушул статьяга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар Ассамблеянын кайсы болбосун мүчө-өлкөсү, Аткаруу комитети же Генералдык директор тарабынан жасалышы мүмкүн. Мындай сунуштар Генералдык директор тарабынан Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнө алардын Ассамблеяда каралышына чейин эң аз дегенде алты ай мурда жөнөтүлөт.

(2) (1) пункта караштырылган статьяларга кайсы гана оңдоо болбосун Ассамблея тарабынан кабыл алынат, ал үчүн берилген добуштардын төрттөн үчү талап кылынат, бирок 22-статьяга жана ушул пунктка кайсы гана оңдоо үчүн болбосун берилген добуштардын бештен төртү кабыл алынат.

(3) (1) пункта караштырылган статьялардын кайсынысына болбосун оңдоолор ар бир өлкөнүн конституциялык жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылган кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Генералдык директор ушул оңдоо кабыл алынып жаткан учурда Ассамблеянын мүчөсү болуп турушкан өлкөлөрдүн төрттөн үч бөлүгүнөн алгандан кийин бир айдан соң күчүнө кирет. Мындай жол менен кабыл алынган, көрсөтүлгөн статьяга кандай болбосун оңдоо, оңдоолор күчүнө кирген учурда Ассамблеянын мүчөсү болуп эсептелген же бул датадан кийин мүчө болуп калган бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү, бирок Союздун өлкөлөрүнүн финансылык милдеттенмелерин көбөйтүүчү оңдоолордун кайсынысы болбосун, мындай оңдоолорду кабыл алгандыгы тууралуу кабарлаган өлкөлөр үчүн гана милдеттүү болуп эсептелет.

27-статья.

(Кайра кароо: 1. Максаты; 2. Конференциялар; 3. Кабыл алуу)

(1) Бул Конвенция Союздун системасын өркүндөтүүгө арналган өзгөртүүлөрдү ага киргизүү максатында кайра каралышы мүмкүн.

(2) Бул максаттарда Союздун өлкөлөрүндө кезек менен, көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн конференциялары өткөрүлөт.

(3) 22-26-статьяларга оңдоолорду киргизүүдө колдонулуучу 26-статьянын жоболорун эске алып, Кошумча бөлүктү камтуу менен ушул Актыны кайра кароонун кайсынысы болбосун берилген добуштардын бир добуштан болуусун талап кылат.

28-статья.

(Союздун өлкөлөрү үчүн Актыны кабыл алуу жана күчүнө Кириши: 1. Ратификация, кошулуу; белгилүү бир жоболорду жоюу мүмкүнчүлүгү; четтетүүнү жоюу; 2. 1-21-статьялардын жана Кошумча бөлүктүн күчүнө Кириши; 3. 22-38-статьялардын күчүнө кириши.

(1) а) Ушул Актыга кол койгон Союздун ар бир өлкөсү аны ратификациялай алат, эгерде ал ага кол койбогон болсо, ага кошула алат. Кошулуу жөнүндөгү ратификацияланган грамоталар жана актылар Генералдык директорго сактоого берилет.

b) Союздун ар бир өлкөсү өзүнүн ратификацияланган грамотасында жана актысында ратификация 1-21-статьяларга жана Кошумча бөлүккө жайылтылбай тургандыгы жөнүндө билдире алат, бирок, эгерде мындай өлкө Кошумча бөлүктүн VI (1) статьясына ылайык арыз берген болсо, ал берилген грамотада же актыда анын ратификациясы же кошулушу мындай учурда 1-20-статьяларга колдонулбай тургандыгы жөнүндө гана билдире алат.

с) b пунктчасына ылайык өзүнүн ратификациясынын же кошулушунун аракеттеринин чөйрөсүнүн эскертилген ылайыктуу жоболорун алып салган Союздун ар бир өлкөсү, кийинчерээк кайсы убакта болбосун ушул жоболорго өзүнүн ратификациясынын же кошулушунун аракеттерин тарката тургандыгын билдире алат. Мындай арыз сакталууга Генералдык директорго берилет.
(2) а) 1-21-статьялар жана Кошумча бөлүк төмөндөгү эки шарт аткарылгандан кийин үч айдан кийин күчүнө кирет.

(i) эң аз дегенде Союздун беш өлкөсү (1) b пунктунда караштырылган арызды бербестен ушул Актыны ратификациялайт же ага кошулат;

(ii) Испания, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королчулугу, Американын жана Франциянын Кошмо Штаттары 1971-жылы 24-июлда Парижде кайра каралган Автордук укук боюнча бүткүл дүйнөлүк конвенция менен байланышта болуп калышат.

b) а пунктчасында көрсөтүлгөн күчүнө кирүү, эскертилген күчүнө кирүүгө эң аз дегенде үч ай калганга чейин (1) b пунктунда караштырылган арызды бербестен ушул ратификация грамотасын же кошулгандыгы жөнүндө актыны сактоого берген Союздун ошол өлкөлөрүнө таандык.

с) b пунктчасы колдонулбаган жана 1-21-статьялардын (1) b пункттары жана Кошумча бөлүк тарабынан караштырылган арызды бербестен ушул Актыны ратификациялаган же ага кошулган Союздун өлкөлөрүнүн кайсынысына карата болбосун ылайыктуу ратификация грамотасын же кошулуу жөнүндө актыны сактоого берүү тууралуу кабарлоону Генералдык директор алган датадан тартып үч айдан кийин күчүнө кирет, эгерде берилген грамотада же актыда кыйла кечирээк дата көрсөтүлбөгөн болсо гана. Акыркы учурда 1-21-жана Кошумча бөлүк бул өлкөгө карата ушундай жол менен көрсөтүлгөн датага күчүнө кирет.

d) а жана с пунктчаларынын жоболору Кошумча бөлүктүн VI статьясын колдонууга таасир этпейт.
(3) 22-38-статьялардын (1) b пунктунда караштырылган арызды жазып туруп же жазбай туруп ушул Актыны ратификациялаган же ага кошулган Союздун өлкөлөрүнүн кайсынысына карата болбосун, ылайыктуу ратификация грамотасын же кошулуу жөнүндө актыны сактоого берүү тууралуу кабарлоону Генералдык директор алган датадан тартып үч айдан кийин күчүнө кирет, эгерде берилген грамотада же актыда кыйла кечирээк дата көрсөтүлбөгөн болсо гана. Акыркы учурда 22-38-статьялар бул өлкөгө карата ушундай жол менен көрсөтүлгөн датага күчүнө кирет.

29-статья.

(Cоюздун мүчөсү болуп эсептелбеген өлкөлөр үчүн кабыл алуу жана күчүнө кирүү: 1. Кошулуу; 2. Күчүнө кирүү)

(1) Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы өлкө болбосун ушул Актыга кошула алат жана ошону менен ушул Конвенциянын тарабы жана Союздун мүчөсү болуп кала алат. Кошулуу жөнүндө Актылар Генералдык директорго сактоого берилет.

(2) а) b пунктчасын эске алуу менен ушул Конвенция Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы гана өлкөгө карата блоблосун кошулуу жөнүндөгү анын актысын сактоого берүү тууралуу Генералдык директордун кабарлоосунан кийин үч айдан кийин күчүнө кирет, эгерде кошулуу жөнүндө актыда кыйла кечирээк дата көрсөтүлбөгөн болсо гана. Акыркы учурда Конвенция бул өлкөгө карата ушундай жол менен көрсөтүлгөн датага күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы үчүн 1999-жылдын 8-июлунан күчүнө кирген.

b) Эгерде күчүнө кирүү а пунктчасына ылайык 1-21-статьялардын жана Кошумча бөлүктүн күчүнө кирүүсүнөн мурда болсо, 28 (2) a статьяларына ылайык эскертилген өлкө анын ортосунда 1-21-статьялардын жана Кошумча бөлүктүн ордуна ушул Конвенциянын Брюссель актысынын 1-20-статьялары менен байланышта болот.

29-статья bis.

(ИМБДУнун Конвенциясынын 14 (2) статьясынын максаттары үчүн Актыны кабыл алуунун натыйжалары)

Ушул Конвенциянын Стокгольм актысынын 22-39-статьялары менен байланышпаган кайсы гана өлкөнүн болбосун ушул Актыны ратификациялоосу же ага кошулуусу, эскертилген Стокгольм актысынын ратификациясына же ушул Актынын 28 (1) b (i) статьясында караштырылган чектөө менен ушул Актыга кошулуусуна барабар болгон Уюмду уюштуруучу Конвенциянын 14 (2)-статьясынын максаттары үчүн гана болуп эсептелет.

30-статья.

(Эскертүүлөр: 1. Эскертүү жасоо мүмкүндүгүн чектөөлөр; 2. Мурда жасалган эскертүүлөр; котормого укукка карата эскертүүлөр; эскертүүлөрдү алуу)

1. Ушул статьянын (2) пункту, 28 (1) b статьясы, 33 (2) статья жана Кошумча бөлүк тарабынан жол берилүүчү алып коюулардан тышкары, ратификация же кошулуу автоматтык түрдө өз артынан бардык жоболорду таанууга жана ушул Конвенция тарабынан белгиленген бардык артыкчылыктарды алууларга алып келет.

(2) а) Ушул Актыны ратификациялаган же ага кошулган Союздун кайсы өлкөсү болбосун, Кошумча бөлүктүн V (2) статьясын эске алуу менен, эгерде ал ратификация грамотасын же кошулуу жөнүндөгү актыны сактоого бергенде бул тууралуу арыз берсе, мындай шартта ал тарабынан мурда белгиленген эскертүүлөрдүн артыкчылыгын сактап кала алат.

b) Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы гана өлкө болбосун, ушул Конвенцияга кошулууда жана Кошумча бөлүктүн V (2) статьясын эске алуу менен, бул жоболор ушул өлкөнүн жалпы колдонулуучу тилине котормолорго гана колдонула тургандыгын ачык түшүнүү менен, котормого укукка карата, болбоду дегенде убактылуу, ушул Актынын 8-статьясын 1896-жылы Парижде толукталган 1886-жылдагы Союздун конвенциясынын 5-статьясынын жоболору менен алмаштырууга ниеттенгендигин билдире алат.

Кошумча бөлүктүн 1 (6) b статьясын эске алуу менен Союздун кайсы гана өлкөсү болбосун, келип чыккан жери мындай эскертүүнү пайдалануучу өлкө болуп эсептелген чыгармалардын котормосуна укукка карата ушул акыркы өлкө тарабынан берилүүчү коргоого эквиваленттүү коргоону колдонууга укуктуу.

с) Кайсы өлкө болбосун кайсы учурда болсо да Генералдык директорго жиберилген кабарлоо аркылуу мындай эскертүүлөрдү алып коё алат.

31-статья.

(Айрым бир аймактарга колдонуу: 1. Арыз; 2. Арызды алып коюу; 3. Күчүнө кирүү датасы ; 4. Факт жүзүндөгү жагдайды кабыл алуу деп түшүндүрүлбөйт)

(1) Кайсы өлкө болбосун өзүнүн ратификациялык грамотасында же кошулуу жөнүндө актысында же андан кийинки кайсы убакта болбосун Генералдык директорго, эл аралык мамилелерге жоопкерчиликте болгон, арызда же кабарлоодо көрсөтүлгөн бардык же айрым бир аймактарга ушул Конвенция колдонула тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо билдире алат.

(2) Мындай арыз жазган же ушундай кабарлоо жөнөткөн кайсы өлкө кайсы убакта болбосун Генералдык директорго мындай аймактардын бардыгына же айрым бирлерине бул Конвенцияны колдонууну токтотуу жөнүндө кабарлай алат.

(3) а) (1) пунктуна ылайык берилген арыздын бардыгы алар жөнүндө ушул арызды камтыган ратификация же кошулуу документтеринин датасынан, ал эми эскертилген пунктка ылайык жөнөтүлгөн кабарлоонун кайсынысы болбосун, ал жөнүндө Генералдык директор тарабынан кабарлоо жиберилген соң үч айдан кийин күчүнө кирет.

b) (2) пунктка ылайык жиберилген кабарлоонун кайсынысы блоблосун, аны Генералдык директор алгандан кийин он эки ай өткөн соң күчүнө кирет.

(4) Бул статьяны эч качан (1) пунктка ылайык берилген арызга байланыштуу, Союздун башка өлкөсүндө ушул Конвенция колдонулган аймакка карата факт жүзүндөгү жобону Союздун кайсы өлкөсү болсо да унчукпастан тааныган же кабыл алган катары түшүнүүгө болбойт.

32-статья.

(Ушул Актыны жана кыйла мурдагы актыларды колдонуу: 1. Союздун мүчөсү болуп эсептелген өлкөлөрдүн ортосунда; 2. Союздун мүчөсү боло турган кайсы гана болбосун өлкөнүн жана Союздун башка мүчө-өлкөлөрүнүн ортосунда; 3. Айрым бир мамилелерде Кошумча бөлүктүн колдонулуучулугу)

(1) Ушул Акт Союздун өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде, ал кандай колдонулса ошондой эле өлчөмдө, 1886-жылы 9-сентябрдагы Берн конвенциясын жана аны кайра кароо боюнча кийинки актыларды алмаштырат. Мурда күчүнө кирген актылар, ушул Актыны ратификациялабаган же ага кошулбаган Союздун өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде мурдагы сунуштарга байланыштуу ушул Акт аларды алмаштырбаган өлчөмдө же толугу менен колдонулуусун улантышат.

(2) Ушул Актынын тараптары болуп калуучу Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген өлкөлөр, (3) пунктту эске алуу менен, аны ушул Акт менен байланышпаган же жок дегенде ушул Акт менен байланышкан бирок 28 (1) b статьясы тарабынан караштырылган арызды жазган Союздун кайсы болбосун өлкөсүнө карата колдонушат. Мындай өлкөлөр Союздун эскертилген өлкөсү өзүнүн алар менен болгон мамилесинде алар менен төмөндөгүлөрдү тааныйт:
(i) ал байланышта болгон акыркы актынын жоболорун колдоно ала тургандыгын жана
(ii) Кошумча бөлүктүн 1 (6) статьясын эске алуу менен коргоону ушул Актыда караштырылган деңгээлге ыңгайлаштырууга укуктуу экендигин.

(3) Кошумча бөлүктө караштырылган мүмкүнчүлүктөрдүн кайсынысын болбосун колдонгон өлкө, ушул акыркы өлкө эскертилген жоболорду колдонууга жол берген шартта ушул Акт менен байланышпаган Союздун кайсы гана өлкөсү менен болбосун өзүнүн мамилелеринде ал пайдаланган укуктарга же мүмкүндүктөргө тиешелүү болгон Кошумча бөлүктүн жоболорун колдоно алат.

33-статья.

(Талаш-тартыштар: 1. Эл аралык соттун иштерди жүргүзүү укугу; 2. Мындай иш жүргүзүүгө карата эскертүү; 3. Эскертүүлөрдү алып салуу)

(1) Сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбеген ушул Конвенцияны түшүнүүгө же колдонууга тиешелүү болгон Союздун эки же бир нече өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык талаш-тартыштар көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн кайсынысынан болбосун Сот Статутуна ылайык арыз берүү жолу менен эл аралык Сотко берилиши мүмкүн, эгерде көрсөтүлгөн өлкөлөр талаш-тартышты жөнгө салуунун башка ыкмасы жөнүндө келише алышпаса гана. Арыз берген өлкө Соттун кароосуна берилген талаш-тартыш жөнүндө Эл аралык бюрого кабарлоого тийиш. Эл аралык бюро бул жөнүндө Союздун калган өлкөлөрүнө кабарлоого тийиш.

(2) Ушул Актыга кол коюлуп жаткан же ратификациялоо грамотасын же кошулуу тууралуу актыны сактоого берип жаткан учурда кайсы гана өлкө болбосун ал өзүн (1) пункттун жоболору менен байланыштуу деп эсептебей тургандыгын билдире алат. Мындай өлкө менен Союздун кайсы болбосун башка өлкөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштарга карата (1) пунктунун жоболору аларга жайылтылбайт.

(3) (2) пункттун жоболоруна ылайык арыз берген кайсы өлкө болбосун, кайсы убакта болсо да Генералдык директорго кабарлоо жиберүү жолу менен аны кайра чакыртып ала алат.

34-татья.

(Айрым бир кыйла мурдагы жоболорду жабуу: 1. Мурдагы актыларды; 2. Сток-гольмском актысына Протоколду)

(1) 29 bis статьясын эске алуу менен, эч бир өлкө ушул Конвенциянын мурдагы актыларын ратификациялай албайт же Кошумча бөлүктүн 1-21-статьялары күчүнө киргенден кийин ага кошула албайт.

(2) Кошумча бөлүктүн 1-21-статьялары күчүнө киргенден кийин, эч бир өлкө Стокгольм актысына тиркелген өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө тиешелүү Протоколдун 5-статьясында караштырылган арызды бере албайт.

35-статья.

(Конвенциянын аракеттенүү мөөнөтү; жокко чыгаруу: 1. Чектелбеген мөөнөт; 2. Жокко чыгаруу мүмкүндүгү; 3. Жокко чыгаруунун күчүнө кирүү датасы; 4. Жокко чыгарууну жылдыруу)

(1) Бул Конвенция чеги жок мөөнөттө аракеттенет.

(2) Кайсы гана өлкө болбосун Генералдык директорго кабарлоо жөнөтүү жолу менен ушул Актыны жокко чыгара алат. Мындай жокко чыгаруу ошондой эле бардык мурдагы актыларды жокко чыгаруу болуп эсептелет жана аны жасаган өлкөгө гана жайылтылат, ошол учурда Союздун калган башка өлкөлөрүнө карата Конвенция күчүндө боюнча калат жана аткарылууга тийиш.

(3) Жокко чыгаруу Генералдык директор кабарлоону алган күндөн тартып бир жылдан кийин күчүнө кирет.

(4) Ушул статьяда караштырылган жокко чыгаруу укугу ал Союзга мүчө болуп калган датадан баштап, беш жыл өтмөйүнчө эч бир өлкө тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес.

36-статья.

(Конвенцияны колдонуу: 1. Зарыл чараларды кабыл алуу милдеттенмеси; 2. Милдет-тенмелерди иштетүүчү учур)

(1) Ушул Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелүүчү ар бир өлкө өзүнүн Конституциясына ылайык ушул Конвенцияны колдонууну камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга милдеттенет.
(2) Ушул Конвенциянын катышуучусу болуп калган учурда ар бир өлкө, өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык ушул Конвенциянын жоболорун жүзөгө ашырууга мүмкүндүгү бар экендиги түшүндүрүлөт.

37-статья.
(Корутунду жоболор: 1. Актынын тилдери; 2. Кол коюу; 3. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр; 4. Каттоо; 5. Кабарлоолор)

(1) а) Ушул Акт бир нускада англис жана француз тилдеринде кол коюлуп, (2) пунктту эске алуу менен Генералдык директорго сактоого берилет.

b) Расмий тексттер Генералдык директор тарабынан, кызыкдар болгон өлкөлөр менен консультация алышкандан кийин, араб, испан, италия, немис жана португалия тилдеринде, ошондой эле Ассамблея аныктаган башка тилдерде иштелип чыгат.
с) Ар кандай тексттерди түшүндүрүүдө кайчы пикирлер болгон учурда француз тилиндеги текстке артыкчылык берилет.

(2) Ушул Акт 1972-жылдын 31-январына чейин кол коюу үчүн ачылды. Бул датага чейин (1) а пунктунда көрсөтүлгөн нуска Француз Республикасынын Өкмөтүнө сактоого берилет.

(3) Генералдык директор ушул Актынын кол коюлган текстинин эки көчүрмөсүн күбөлөндүрөт жана Союздун бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана башка кайсы өлкөнүн болбосун өкмөтүнүн сурамы боюнча жөнөтөт.

(4) Генералдык директор ушул Актыны Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында каттайт.

(5) Генералдык директор Союздун өлкөлөрүнүн бардык өкмөттөрүнө кол коюулар, ратификацияланган грамоталарды жана кошулуу тууралуу актыларды сактоого берүү жөнүндө жана ушул документтерде камтылган же 28 (1) с, 30 (2) a жана b жана 33 (2) статьяларга ылайык берилген арыздар жөнүндө, ушул Актынын кайсы гана болбосун жоболорунун күчүнө кирүүсү жөнүндө, жокко чыгаруу тууралуу кабарлоолор жана 30 (2) с, 31 (1) жана (2), 33 (3) жана 38 (1) статьяларына ылайык жиберилген кабарлоолор, ошондой эле Кошумча бөлүктө караштырылган билдирүүлөр тууралуу кабарлайт.

38-статья.

(Өтмө жоболор: 1. “Беш жылдык” артыкчылыкты пайдалануу; 2. Союздун Бюросу, Бюронун директору; 3. Союздун Бюросунун ордун басуучулук)

(1) Союздун ушул Актыны ратификациялабаган же ага кошулбаган же ушул Конвенциянын Стокгольм актысынын 22–26-статьялары менен байланышпаган өлкөлөрү 1975-жылдын 26-апрелине чейин пайдалана алышат, эгерде алар заказдык статьяларга байланыштуу берилүүчү укуктар менен эгерде алар бул статьялар менен байланышта болгон болушса деген катары ошону каалашса. Мындай укуктарды пайдаланууну каалаган кайсы өлкө болбосун, ушул максатта Генералдык директорго, ал аны алган күндөн тартып күчүнө кирүүчү жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтөт. Мындай өлкөлөр көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ассамблеянын мүчөсү болуп эсептелишет.

(2) Союздун бардык өлкөлөрү уюмдун мүчөлөрү болуп калганга чейин Уюмдун Эл аралык бюросу ошондой эле Союздун Бюросу катарында иштейт, ал эми Генералдык директор ушул Бюронун Директору катары иштейт.

(3) Союздун бардык өлкөлөрү уюмдун мүчөлөрү болуп калгандан кийин Союздун Бюросунун укуктары, милдеттенмелери жана мүлкү Уюмдун Эл аралык бюросуна өтөт.

Кошумча бөлүк

Өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө тиешелүү атайын жоболор

I статья.

(Өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө жеткиликтүү жеңилдиктер: 1. Белгилүү бир жеңилдиктердин бар болуусу; арыз; 2. Арыздын аракеттенүүсүнүн узактыгы; 3. Өнүгүп бара жаткан өлкөнүн статусун токтотуу; 4. Нускалардын колдонулуудагы запасы; 5. Белгилүү бир аймактарга тиешелүү арыз; 6. Өз-ара жактыруучулуктун чектери)

(1) Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын белгиленген практикасына ылайык өнүгүп бара жаткан деп эсептелүүчү, ушул Кошумча бөлүк ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген ушул Актыны ратификациялаган же ага кошулган жана өзүнүн экономикалык абалын жана өзүнүн социалдык жана маданий керектөөлөрүн эске алып, ушул Актыда караштырылган бардык укуктарды коргоо боюнча жобонун аракетине өзүн кечиктирбестен киргизүү абалында деп эсептебеген кайсы гана өлкө болбосун, ратификациялоо грамотасын же кошулуу жөнүндө актыны жокко чыгаруу менен, же V (1) (с) статьяны эске алуу менен, андан кийин кайсы убакта болбосун, ал II статьяда караштырылган жеңилдиктен, же III статьяда караштырылган жеңилдиктен, же ушул жеңилдиктерден пайдалана тургандыгы жөнүндө Генералдык директорго сактоого кабарлоо берүү жолу менен билдире алат. Ал II статьяда караштырылган жеңилдиктен пайдалануунун ордуна V (1) (a) статьясына ылайык арыз бере алат.

(2) (а) 1-21-статьялар жана ушул Кошумча бөлүк күчүнө киргенден кийин он жылдык мөөнөт өткөнгө чейин (1) пунктка ылайык берилген арыздын кайсынысы болбосун 28 (2) статьяга ылайык аталган мезгил өткөнгө чейин күчүндө болот. Мындай арыздын кайсынысы болбосун, ошол он жылдык мөөнөт өткөнгө чейин он беш айдан ашык эмес жана үч айдан кем эмес убакыттын ичинде Генералдык директорго сактоого кабарлоо жиберүү жолу менен толук же жарым жартылай калыбына келтирилиши мүмкүн.

b) 1-21-статьялар жана ушул Кошумча бөлүк күчүнө киргенден кийин он жылдык мөөнөт өткөнгө чейин (1) пунктка ылайык берилген арыздын кайсынысы болбосун 28 (2) статьяга ылайык ошол он жылдык мөөнөт өткөнгө чейин күчүндө болот. Мындай арыздын кайсынысы болбосун, бул а пунктчасынын экинчи фразасында караштырылгандай калыбына келтирилиши мүмкүн.
(3) Өнүгүп бара жаткан өлкө деп эсептелүүсүн токтоткон Союздун кайсы өлкөсү болбосун, (1) пунктка ылайык, бул (2) пунктта каралгандай өзүнүн арызын кайра калыбына келтире албайт жана ал өнүгүп бара жаткан өлкө деп эсептелүүсүн токтоткондон кийин он жылдык мезгил өткөндөн кийин же үч жылдык мезгил өткөндөн кийин ал өз арызын расмий кайра чакыртып алгандыгына же чакыртып албагандыгына көз карандысыз (1) пунктта эскертилген жеңилдиктерден пайдалана албайт, муну менен, кечирээк өткөн мезгил колдонулат.

(4) (1) жана (2) пунктка ылайык берилген арыз өзүнүн аракетин токтоткон убакта ушул жерде Кошумча бөлүккө байланыштуу берилген лицензия боюнча даярдалган нускалардын запастары болсо, бул нускалар алардын запастары толук таркап кеткенге чейин жайылтылуусун уланта алышат.

(5) Ушул Актынын жоболору менен байланышкан жана жобосу (1) пунктунда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн окшош жобосу катары каралууга мүмкүн болгон кандайдыр бир аймакка ушул Актыны колдонууга карата 31 (1) статьяга ылайык арызды же кабарлоону сактоого берген кайсы гана өлкө болбосун, (1) пунктунда көрсөтүлгөн арызды жана (2) пунктта эскертилген калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жасай алат. Мындай арыздын же кабарлоонун аракеттенүү мөөнөтү ичинде ушул Кошумча бөлүктүн жоболору мындай аймакка карата колдонулат.
(6) а) Кандайдыр бир өлкө (1) пунктта караштырылган жеңилдиктерден пайдаланган кырдаал, башка өлкө үчүн, келип чыккан жери биринчи өлкө болуп эсептелген чыгармаларга ал 1-20-статьяларга ылайык берүүгө мүмкүн болгондон кем көлөмдө коргоо берүү мүмкүндүгүн түзбөйт.

b) 30 (2) b статьяда (экинчи фраза) караштырылган эквиваленттик коргоону колдонуу укугу, V (1) а статьяга ылайык арыз берген өлкө келип чыккан өлкөсү болуп эсептелген чыгармаларга карата 1 (3) статьясына ылайык колдонулуучу мезгил бүткөн датадан эрте пайдаланылышы мүмкүн эмес.

II статья.

(Котормого укуктарды чектөө: 1. Компетенттүү органдар тарабынан берилүүчү лицензиялар; 2-ден 4-гө чейин. Мындай лицензияларды берүү үчүн шарттар; 5. Мындай лицензиялар берилүүгө мүмкүн болгон максаттар; 6. Лицензиялардын аракеттенүүсүн токтотуу; 7. Негизинен иллюстрациялардан турган чыгармалар; 8. Кайрылуулардан алынган чыгармалар; 9. Эфирге берүүлөрдү ишке ашыруучу уюмдар үчүн лицензиялар)

(1) Ушул статьяда караштырылган жеңилдиктен пайдалана тургандыгын билдирген кайсы гана өлкө болбосун, кайра чыгаруунун басмалык же башка окшош формасында жарыкка чыгарылган чыгармаларга карата 8-статьяда караштырылган котормого карата өзгөчө укукту, төмөндө көрсөтүлүүчү шарттарда жана IV статьяны эске алуу менен, компетенттүү органдар тарабынан берилүүчү өзгөчө эмес жана өткөрүлүп берилбей турган лицензиялардын системасы менен алмаштыра алат.

(2) а) (3) пунктту эске алуу менен, эгерде чыгарманын жарыкка чыккан биринчи күнүнөн тартып эсептелүүчү аталган өлкөнүн улуттук мыйзамдары менен белгиленген үч жылдык мөөнөт же кыйла узагыраак кайсы гана мөөнөт болбосун өткөндөн кийин, мындай чыгарманын котормосу ушул өлкөдө жалпы колдонулуучу болуп эсептелген тилде чыгарылбаган болсо, котормого укукка ээ болгон жак тарабынан же анын уруксаты менен, мындай өлкөнүн кайсы жараны болбосун аталган тилге чыгарманы которууга лицензия ала алат жана мындай котормону кайра чыгаруунун басма же башка түрүндө чыгара алат.

b) Ушул статьяда караштырылган шарттарда, лицензия ошондой эле, берилген тилде жарыкка чыккан котормонун бардык чыгарылышы толук тарап кеткенден кийинки шарттарда берилиши мүмкүн.

(3) а) Союздун бир же бир нече өнүккөн мүчө-өлкөлөрүндө жалпы колдонулуучу болуп эсептелбеген тилге которуу учурунда бир жылга барабар болгон мезгилди (2) а пунктунда караштырылган үч жылдык мезгил алмаштырат.

b) (1) пунктунда эскертилген кайсы гана өлкө болбосун, ошол эле тил жалпы колдонулуучу болуп эсептелген Союздун өнүккөн мүчө-өлкөлөрү менен бир пикирдүүлүктөгү макулдашуулар боюнча ушул тилге которуу учурунда, (2) а пунктунда караштырылган үч жылдык мезгилди мындай макулдашуунун кыйла кыска мезгили алмаштырышы мүмкүн, анын үстүнө мындай мөөнөт бир жылдан кем болушу мүмкүн эмес. Бирок мурунку сүйлөмдүн жоболору англис, француз жана испан тилдерине жайылтылбайт. Генералдык директор ага жетишкен өлкөлөрдүн мындай макулдашууларынын кайсынысы жөнүндө болбосун кабардар болот.

(4) а) Ушул статьянын жоболоруна ылайык, үч жылдан кийин алынган лицензиялар кошумча алты айлык мезгил өтмөйүнчө, ал эми бир жылдан кийин алынган лицензиялар кошумча тогуз айлык мезгил өтмөйүнчө берилүүгө тийиш эмес:
(i) билдирүүчү лицензияга IV (1) статьяда саналып өткөн талаптарды аткарган датадан тартып, же
(ii) эгерде котормого укукка ээ болгон адам же анын дареги белгисиз болсо, IV (2) статьяда караштырылгандай, лицензия бере турган компетенттүү органга берилген өзүнүн арызынын көчүрмөсүн билдирүүчү лицензияга жөнөткөн датадан тартып.
b) Ушул статьяда караштырылган лицензия берилбейт, эгерде арыз берилген тилге карата котормо, котормого укукка ээ болгон же анын уруксатын алган жак тарабынан көрсөтүлгөн алты же тогуз айлык мезгил ичинде жарыкка чыгарылбаса.

(5) Лицензиянын кайсынысы болбосун, ушул статьянын жоболоруна ылайык мектептерде, университеттерде пайдалануу үчүн же изилдөө максаттарында берилет.

(6) Эгерде чыгарманын котормосу котормого укугу бар же анын уруксатын алган адам тарабынан ушуга окшош чыгармалар үчүн өлкөдө демейде белгиленген бааларга ылайык жарыкка чыгарылса, ушул статьяга ылайык берилүүчү лицензиянын кайсынысы болбосун өзүнүн аракетин жоготот, эгерде мындай котормо лицензия боюнча жарыкка чыгарылган котормонун тилинде жана негизинен ошол эле мазмунда болсо. Лицензия күчүн жоготконго чейин чыккан бардык нускалар алардын бардыгы толук таркамайынча жайылтылуусун улантат.

(7) Негизинен иллюстрациялардан турган чыгармалар үчүн котормого жана тексти жарыкка чыгарууга жана кайра чыгарууга жана иллюстрацияларды жарыкка чыгарууга лицензиялар, эгерде III статьянын шарттары ошондой эле аткарылса гана берилет.

(8) Ушул статьяга ылайык лицензия берилиши мүмкүн эмес, эгерде автор кайрылуудан өзүнүн чыгармаларынын бардык нускаларын бүт бойдон алып таштаса.

(9) а) Печаттык же окшош формада кайра чыгарылган чыгарманын котормосуна лицензия, ошондой эле көрсөтүлгөн уюм тарабынан ушул өлкөнүн компетенттүү органына арыз берүүсү боюнча, (1) пунктта көрсөтүлгөн өлкөдө штаб-квартирасы бар болгон радиоберүү уюмунун кайсынысына болбосун берилиши мүмкүн, эгерде муну менен бардык төмөндөгү шарттар аткарылса:

(i) котормо берилген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык даярдалган жана алынган нускадан жүзөгө ашырылат;

(ii) котормо окутуу же конкреттүү кесиптин адистеринин арасында атайын техникалык же илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу максаттары үчүн өзгөчө арналыштагы радиоберүүлөрдө пайдалануу үчүн гана арналат;

(iii) котормо өзгөчө (ii) шарттарында саналып өткөн максаттар үчүн, берилген өлкөнүн аймагындагы угуучулар үчүн арналган мындай берүүлөрдүн максаттары үчүн жасалган үндүк же визуалдык жазуулардын жардамы менен жүзөгө ашырылган берүүлөрдү камтуу менен, мыйзамдуу жүзөгө ашырылган берүүлөрдө пайдаланылат;

(iv) котормону кандай гана пайдалануу болбосун коммерциялык максаттарды көздөбөйт.

b) Ушул пунктка байланыштуу берилген лицензиянын негизинде радио берүү уюму тарабынан жасалган котормонун үндүк же визуалдык жазуулары а пунктчасында саналып өткөн шарттардын максаттарында жана аларды эске алуу менен жана ушул уюмдун макулдугу менен, ошондой эле ушул лицензияны берген компетенттүү органдын штаб-квартирасы турган өлкөдө радио берүүнүн башка кайсы болбосун уюму тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.

с) а пунктчасында баяндалган бардык талаптар жана шарттар аткарылган шартта лицензия ошондой эле систематикалык окутуу үчүн пайдалануу максатында гана даярдалган жана жарыкка чыккан аудиовизуалдык жазууга киргизилген кайсы текстин болбосун котормосу үчүн радиоберүүнүн уюмуна берилиши мүмкүн.

d) а-с пунктчаларын эске алуу менен мурдагы пункттун жоболору ушул пунктка ылайык берилген лицензияны берүүдө жана жүзөгө ашырууда колдонулат.

III статья.

(Кайра чыгарууга укукту чектөө: 1. Компетенттүү орган тарабынан берилүүчү лицензиялар; 2 ден 5ке чейин. Мындай лицензияларды берүүнүн шарттары; 6. Лицен-зиялардын аракеттерин токтотуу; 7. Ушул статья колдонулуучу чыгармалар)

(1) Ушул статьяда караштырылган жеңилдиктерден пайдалана тургандыгын билдирген кайсы гана өлкө болбосун 9-cтатьяда караштырылган кайра чыгарууга өзгөчө укукту IV статьяны эске алуу менен компетенттүү орган тарабынан берилүүчү өзгөчө эмес жана өткөрүлүп берилбей турган лицензиялардын системасына төмнөдөгү шарттарда алмаштырууга укуктуу:

(2) а) Эгерде (7) пунктуна байланыштуу ушул статья колдонула турган чыгармага карата болсо:
(i) ушул басылманын биринчи жарыкка чыккан датасынан тартып, (3) пунктта аныкталган ылайыктуу мезгилди, же

(ii) ошол эле датадан тартып, (1) пунктта эскертилген өлкөнүн улуттук мыйзамы менен аныкталган кыйла узак мезгилдин кайсынысын болбосун;
мындай басылманын нускалары бул өлкөдө эл арасында жайылтылбаган болсо, же кайра чыгарууга укугу бар жактын системалык түрдө окуусуна байланыштуу, же ушуга окшогон чыгармалар үчүн бул мамлекетте демейде белгиленүүчүлөргө ылайык баалар боюнча анын уруксаты менен мындай өлкөнүн кайсы гана жараны болбосун мындай басылманы системалык түрдө окуусуна байланыштуу пайдалануу үчүн ушундай эле, же кыйла арзан баа боюнча кайра чыгарууга же жарыкка чыгарууга лицензия ала алат.

b) бул (а) пунктчасында көрсөтүлгөндөй жайылтылган басылманы кайра чыгарууга жана жарыкка чыгарууга лицензия, ошондой эле ушул статьяда караштырылган шарттарда берилиши мүмүкүн, эгерде колдонуу мезгили өтүп кеткенден кийин ушул өлкөдө эл арасында, же уруксат берилген бул басылманын бир дагы нускасы ушул өлкөдөгү ушуга окшогон чыгармалар үчүн демейде белгиленүүчүлөргө ылайыктуу баалар боюнча алты айдын ичинде системалык түрдө окуусуна байланыштуу сатуунун предмети болбогон болсо.

(3) (2) (а) (i) пунктунда көрсөтүлгөн мезгил төмөндөгүлөрдөн башкасында беш жылды түзөт:
(i) математика жана техниканы кошуу менен табигый жана так илимдер боюнча чыгармалар үчүн, бул мезгил үч жылды түзөт;

(ii) көркөм, поэтикалык, драмалык жана музыкалык чыгармалар үчүн, ошондой эле искусство боюнча китептер үчүн бул мезгил жети жылды түзөт.

(4) а) үч жылдан кийин жеткиликтүү болгон лицензиянын эч бири ушул статьяга ылайык алты айлык мезгил өтмөйүнчө берилбейт:

(i) IV (i) статьяда көрсөтүлгөн талаптарды өтүнүүчү аткарган датадан тартып, же
(ii) эгерде кайра чыгарууга укугу бар адам же анын дареги белгисиз болсо, лицензия берүүгө компетенттүү органга өтүнүүчүнүн IV (2) статьясында караштырылгандай берген арызынын көчүрмөсү өтүнүүчү тарабынан жөнөтүлгөн датадан тартып.

b) Эгерде лицензия башка мезгилдерден кийин жеткиликтүү болуп эсептелсе жана IV (2) статья колдонулуучу болуп эсептелсе, арыздын көчүрмөсү жөнөтүлгөн датадан тартып үч айлык мезгил өтмөйүнчө эч кандай лицензия берилбейт.

с) Эгерде алты айлык же үч айлык мезгил ичинде (2) а пунктунда баяндалгандай а жана b пунктчаларында көрсөтүлгөн жайылтуу болгон болсо, ушул статьяга ылайык эч кандай лицензия берилбейт.

d) Эч кандай лицензия берилбейт, эгерде автор кайра чыгарууга жана жарыкка чыгарууга лицензия суралган басылманын бардык нускаларын кайрылуудан алып таштаган болсо.

(5) Ушул статьяга ылайык, чыгарманын котормосун кайра чыгарууга жана жарыкка чыгарууга төмөндөгүдөй учурларда лицензия берилбейт:

(i) котормо котормого укугу бар адам тарабынан же анын уруксаты менен чыгарылбаган болсо, же
(ii) котормо лицензия суралган өлкөдө жалпы колдонулбаган тилде жасалган учурда.

(6) Кайра чыгарууга укуктуу адам же анын уруксаты менен кимдир бирөө (1) пункттта эскертилген өлкөдө мындай басылманы эл арасында же систематикалык окууга байланыштуу ушуга окшогон чыгармалар үчүн бул өлкөдө демейде белгиленүүчү ылайыктуу баалар боюнча жайылткан учурда, ушул статьяга ылайык берилген кайсы болбосун лицензия өзүнүн аракетин жоготот, эгерде мындай басылма лицензия боюнча жарыкка чыккан басылма сыяктуу ошол эле тилде жана негизинен ошол эле мазмунда чыгарылган болсо. Лицензия күчүн жоготконго чейин жарыкка чыккан бардык нускалар толугу менен таркап кетмейинче жайылтылуусун улантышы мүмкүн.

(7) а) b пунктчасын эсепке алуу менен ушул статья жайылтылган чыгармалар кайра чыгаруунун басма же ушуга окшогон формасында жарыкка чыгарылган чыгармалар менен чектелишет.

b) Ушул статья ошондой эле, аларда чыгарманын автордук укугу менен корголуучулардын кайсынысын болбосун камтуу менен мыйзамдуу жүзөгө ашырылган аудиовизуалдык жазууларды аудиовизуалдык формада кайра чыгарууга, ошондой эле ушундай учурлардын бардыгында көрсөтүлгөн аудиовизуалдык жазуулар системалык түрдө окуу үчүн пайдалануу максатында гана даярдалган жана жарыкка чыгарылган шартта, лицензия суралган өлкөдө жалпы колдонулуучу тилде аларга киргизилген текстин кайсынысынын болбосун котормосуна жайылтылат.

IV статья.

(II жана III статьяларга ылайык берилүүчү лицензиялар үчүн жалпы болуп эсептелүүчү жоболор: 1 жана 2. Жол-жобо; 3. Авторду жана чыгарманын атын көрсөтүү; 4. Нускалардын экспорту; 5. Кабарлоо; 6. Компенсация)

(1) Лицензиялар II жана III статьяларга ылайык төмөндөгүдөй шартта гана берилиши мүмкүн, эгерде өтүнүүчү лицензияда ушул өлкөдө белгиленген эрежелерге ылайык, котормону даярдоого жана жарыкка чыгарууга же басылманы кайра чыгарууга же жарыкка чыгарууга укугу бар адамга уруксат сурап кайрылгандыгын жана анын уруксат берүүдөн баш тарткандыгын же ал тарабынан керектүү аракеттер жасалып бирок ушул укукка ээ болгон адамды аныктай албагандыгын далилдесе. Лицензия үчүн кайрылууда өтүнүүчү муну менен (2) пунктта эскертилген кайсы болбосун улуттук же эл аралык борборго кабарлайт.

(2) Эгерде укугу бар адамды аныктоого мүмкүн эмес болсо, анда өтүнүүчү лицензия үчүн, чыгармада фамилиясы көрсөтүлгөн басып чыгаруучуга лицензия берүүгө компетенттүү органга, ошондой эле Генералдык директорго басып чыгаруучу өзүнүн адистик ишмердүүлүгүнүн негизги бөлүгүн жүзөгө ашырат деп болжолдогон өлкөнүн өкмөтү тарабынан ылайыктуу нотификация менен белгилениши мүмкүн болгон улуттук же эл аралык борбордун кайсынысына болбосун берилген өзүнүн арызынын көчүрмөсүн тапшырык авиапочтасы менен жөнөтөт.

(3) Автордун фамилиясы котормонун бардык нускаларында же II же III статьяларга ылайык берилген лицензиялар боюнча жарыкка чыгарылган кайра чыгарууларда көрсөтүлөт. Чыгарманын аталышы мындай нускалардын бардыгында басылат. Котормо учурунда чыгарманын оригиналдык аталышы кандай учурда болсо дагы бардык көрсөтүлгөн нускаларда басылат.

(4) а) II же III статьяларга ылайык берилген лицензиялардын эч бири чыгарманын нускаларынын экспортуна жайылтылбайт жана котормону жарыкка чыгаруу үчүн гана же ал суралган өлкөнүн чегинде кайра чыгарууга карата жарактуу.

b) а пунктчасынын максаттары үчүн экспорт деген түшүнүк кайсы аймактан болбосун, ушул аймакка карата i (5) статьяга ылайык арыз берген өлкөгө нускалардын жөнөтүлүшүн камтыйт.
с) Качан англис, испан жана француз тилдеринен башка бардык тилдерге котормо даярдоого IIстатьяга ылайык лицензия берүүчү өлкөнүн өкмөттүк же башка уюму мындай лицензия боюнча жарыкка чыгарылган котормонун нускаларын башка өлкөгө жөнөткөндө, нускалардын мындай жөнөтүлүшү а пунктчасынын максаттары үчүн экспорт деп эсептелбейт, эгерде төмөндөгү шарттардын бардыгы аткарылган болсо:

(i) алуучулар болушуп лицензия берүүчү өлкөнүн жарандары, же мындай жарандарды бириктирүүчү уюмдар эсептелишет;
(ii) нускалар мектептерде, университеттерде же изилдөө максаттарында пайдаланылууга тийиш;
(iii) нускаларды жөнөтүү жана аларды андан ары алуучулар арасында жайылтуу коммерциялык максаттарды көздөбөйт; жана
(iv) нускалар жөнөтүлгөн өлкө, компетенттүү органы лицензия берген өлкө менен алууга, жайылтууга же тигиге жана буга чогуу уруксат берүүгө макулдашса жана Генералдык директор лицензия берилген өлкөнүн өкмөтү менен мындай макулдашуу жөнүндө кабардар болсо.

(5) II же III статьяларга байланыштуу берилген лицензия боюнча жарыкка чыгарылган бардык нускалар ылайыктуу тилде, нускалар ушул лицензия жайылтылуучу өлкөдө же аймакта гана жайылтылууга тийиш экендигин көрсөтүүчү кабарлоого ээ.

(6) а) Зарыл болгон чаралар улуттук деңгээлде төмөндөгүлөрдү камсыз кылуу үчүн колдонулат:
(i) Лицензия тарабынан котормого же эки тиешелүү өлкөнүн жактарынын ортосундагы эркин сүйлөшүүлөрдөгү лицензияларга карата демейде колдонулуучу гонорарлардын ченемдерине ылайык келүүчү кайра чыгарууга карата укугу бар адамдын пайдасына калыс компенсациянын төлөнүшүнүн караштырылышы үчүн, жана
(ii) компенсацияларды төлөө жана которуу үчүн: эгерде өзгөчө улуттук валюталык эрежелер бар болсо, эл аралык механизмдин жардамы менен конвертацияланган эл аралык планда же анын эквивалентинде компенсацияларды которууну камсыз кылуу үчүн, компетенттүү бийликтер бардык күч аракеттерди кабыл алышат.
(b) Туура которууну же белгилүү бир басылманы так кайра чыгарууну камсыз кылуу үчүн улуттук мыйзамдар тарабынан зарыл чаралар колдонулат.

V статья.

(Котормого карата укукту чектөө үчүн альтернативдик мүмкүндүк: 1.Бул үчүн 1886 жана 1896-жылдардагы актыларда караштырылган жол-жобо; 2. II статьяга ылайык жол-жобону өзгөртүү мүмкүндүгүнүн жоктугу; 3. Альтернативдүү мүмүкүндүктү тандап алуу үчүн мөөнөт)

(1) а) II статьяда караштырылган жеңилдиктен ал пайдалана тургандыгы жөнүндө арыз берүүгө укугу бар кайсы гана өлкө болбосун, анын ордуна, ушул Актыны ратификациялоо же ага кошулуу учурунда төмөндөгүлөрдү жасай алат:
(i) эгерде ал 30 (2) а) статьясы колдонула турган өлкө болуп эсептелсе, ушул жобого ылайык котормого укукка карата арыз бере алат;

(ii) эгерде ал 30 (2) а) статьясы колдонулбай турган өлкө болуп эсептелсе жана ал тургай ал эгерде Союзга кирбеген өлкө болуп эсептелбесе, 30 (2) b статьянын биринчи фразасында караштырылгандай арыз бере алат;

b) Эгерде өлкө I (I) статьясында караштырылгандай өнүгүп бара жаткан өлкө катары эсептелүүсүн токтотсо, ушул пунктка ылайык жазылган арыз I (3) статьясына ылайык мөөнөт өткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.

с) Ушул пунктка ылайык арыз берген кайсы гана өлкө болбосун, ал тургай эгерде ал көрсөтүлгөн арызды кайра чакыртып алса дагы, мындан ары II статьяда караштырылган жеңилдиктен пайдалана албайт,

(2) (3) пунктту эске алуу менен, II статьяда караштырылган жеңилдиктен пайдаланган кайсы гана өлкө болбосун, мындан ары (I) пунктка ылайык арыз бере албайт.

(3) I (I) статьясында караштырылгандай өнүгүп бара жаткан өлкө катары эсептелүүсүн токтоткон өлкөнүн кайсынысы болбосун, I (3) статьясына ылайык колдонулган мезгил бүткөнгө чейин эки жылдан кеч эмес убакыт ичинде, ал Союзга кирбеген өлкө болуп эсептелбегендигине карабастан, 30 (2) b биринчи фаза статьясында караштырылган максаттарда арыз бере алат. Мындай арыз I (3) статьясына ылайык колдонулуучу мөөнөт өткөндөгү датага күчүнө кирет.

VI статья.

(Качан өлкөлөр аны менен байланышта болуп калган учурга чейин, Кошумча бөлүктүн айрым бир жоболорун колдонуу же колдонууга уруксат алуу мүмкүндүгү: 1. Арыз; 2. Депонирлөө жана арыздын күчүнө кирүү датасы)

(1) Союздун кайсы өлкөсү болбосун, ушул Актынын датасынан баштап жана качан ушул Кошумча бөлүктүн 1-21-статьялары менен байланышта болуп калганга чейин кайсы убакта болбосун төмөндөгүлөрдү билдире алат:

(i) эгерде ал, 1-21-статьялар жана ушул Кошумча бөлүк менен байланышта болгон өлкө болуп эсептелген болсо, I (1) статьяда эскертилген жеңилдиктерден пайдаланууга укуктуу болгон болсо, ал IIже III статьянын же ушул эки статьялардын жоболорун (ii) пунктчага ылайык төмөндө эскертилген өлкө келип чыккан жери болуп саналган чыгармаларга колдоно тургандыгын, ушул статьяларды мындай чыгармаларга же 1-21-статьялар жана ушул Кошумча бөлүк менен байланыштуу болуп эсептелген чыгармаларга колдонууга жол бере тургандыгын билдире алат; мындай арыз II статьяга шилтеменин ордуна V статьяга шилтеме бере алат;

(ii) ал ушул Кошумча бөлүктү келип чыккан өлкөсү жогоруда эскертилген (i) пунктчасына ылайык арыз, же I статьяга ылайык кабарлоо берген өлкөлөр болуп эсептелген чыгармаларга колдонууга жол бере тургандыгы жөнүндө.

(2) (i) пунктка ылайык берилген арыздын кайсынысы болбосун, жазуу түрүндө болууга тийиш жана Генералдык директордо депонирленет. Арыз аны депонирлеген датадан тартып күчүнө кирет.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900