FaLang Language Switcher

ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ЖАҢЫ СОРТТОРУН КОРГОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНВЕНЦИЯ

Кыргыз Республикасы 2000-жылдын 14-мартындагы №10 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кошулду Женева ш., 1961-жылдын 2-декабры  
Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча ЭЛ АРАЛЫК КОНВЕНЦИЯ

 

 

(1972-жылдын 10-ноябрында, 1978-жылдын 23-октябрында, 1991-жылдын 19-мартында Женевада кайра каралып чыккан)

I глава.Аныктамалар

II глава. Келишим түзүүчү тараптардын жалпы милдеттери

III глава. Селекциячынын укугун берүүнүн шарттары

IV глава. Селекциячынын укугун берүү үчүн өтүнмө

V глава. Селекциячынын укугу

VI глава. Сорттун аталышы

VII глава.  Селекциячынын укугун анык эмес деп табуу жана жокко чыгаруу

VIII глава. Союз

IХ глава. Конвенцияны пайдалануу; башка Макулдашуулар

Х глава. Корутунду жоболор 

I глава 

Аныктамалар 

1-статья. Аныктамалар 

Бул Актынын максаттары үчүн:

(i) "бул Конвенция" Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенциянын ушул Актысын (1991-жыл) билдирет;

(ii) "1961/1972-жылдардын Актысы " 1972-жылдын 10-ноябрындагы кошумча Акт менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 1961-жылдын 2-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны билдирет;

(iii) "1978-жылдагы Акт" Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенциянын 1978-жылдын 23-октябрындагы Актысын билдирет;

(iv) "селекциячы"төмөнкүлөрдү билдирет:

- сортту жараткан, тапкан же чыгарган жак;

- жогоруда аталган жак жалдап иштеткен же тийиштүү Келишим түзүүчү тараптын мыйзамдары менен караштырылган учурларда, анын иштешине уруксат берген жак;  же

- учурга байланыштуу, жогоруда аталган биринчи же экинчи жактын укук мураскору;

(v) "селекциячынын укугу" ушул Конвенцияда караштырылган селекциячынын укугун билдирет;

(vi) "сорт" селекциячынын укугун берүү үчүн толугу менен шартын канааттандырганына карабастан, белгилүү класстардан төмөнкү бир жана ошол эле ботаникалык таксондун алкагындагы өсүмдүктөрдүн тобун билдирет:

- ушул генотипти же генотиптердин айкалышын мүнөздөөчү белгилер менен аныкталышы мүмкүн;

- ошол эле ботаникалык таксондун өсүмдүктөрдүн башка топторунан эң кеминде бир белгиси менен айырмаланат: жана

- сорттун өзгөрүлбөс бүтүн өсүмдүктөрүн алуу үчүн анын жарамдуулугуна болгон көз караш менен бирдиктүү болуп эсептелинет;

(vii) "Келишим түзүүчү тарап" ушул Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелинген мамлекетти же өкмөттөр аралык уюмду билдирет; 

(viii) "аймак" Келишим түзүүчү тарапка байланыштуу качан Келишим түзүүчү тарап болуп мамлекет эсептелген учурду билдирет:

- ушул мамлекеттин аймагы, мында Келишим түзүүчү тарап болуп өкмөттөр аралык уюм эсептелген учурда;

- ушул өкмөттөр аралык уюмду түзгөн, Келишим пайдаланыла турган аймак;

(ix) "орган" 30(1)(ii) статьяда айтылган органды билдирет;

(x) "Союз" 1961-жылдын акты менен бекитилген жана андан кийин 1972-жылдын Актысында, 1978-жылдын Актысында жана ушул Конвенцияда эскертилген Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча союзду билдирет;

(xi) "Союздун мүчөсү" 1961/1972-жылдардын Актысынын же 1978-жылдын актысынын мамлекет-катышуучусун же Келишим түзүүчү тарапты билдирет.  

II глава.

Келишим түзүүчү тараптардын жалпы милдеттери 

2-статья. Келишим түзүүчү тараптардын негизги милдеттери 

Ар бир Келишим түзүүчү тарап селекциячыларга укук берет жана коргойт. 

3-статья. Коргоого тийиштүү сорттор жана түрлөр 

(1) (Союздун мүчөлөрү болуп эсептелинген мамлекеттер) 1961/1972-жылдардын Актысынын жоболору же 1978-жылдын Актысы менен байланыштуу ар бир Келишим түзүүчү тарап ушул Конвенциянын жоболорун колдонот:

(1) ушул Конвенциянын жоболоруна байланыштуу болуп калган күндөн тартып, бардык өсүмдүк сортторуна жана түрлөрүнө, буларга карата көрсөтүлгөн күнү ал 1961/1972-жылдардын Актысынын жоболорун же 1978-жылдын Актысын колдонот, жана (жана) эң кеч дегенде көрсөтүлгөн ай-күндөн беш жыл өткөндөн кийин - бардык өсүмдүк сортторуна жана түрлөрүнө.

(2) (Союздун жаңы мүчөлөрү) 1961/1972-жылдардын Актысынын жоболору же 1978-жылдын Актысы менен байланыштуу болбогон ар бир Келишим түзүүчү тарап ушул Конвенциянын жоболорун колдонот: 

(1) ал ушул Конвенциянын жоболоруна байланыштуу болуп калган күндөн тартып, эч болбогондо 15 өсүмдүк сортторуна жана түрлөрүнө, жана 

 (жана) ) эң кеч дегенде көрсөтүлгөн ай-күндөн он жыл өткөндөн кийин - бардык өсүмдүк сортторуна жана түрлөрүнө. 

4-статья. Улуттук тартип 

(1) (Укуктук тартип) ушул Конвенцияда айтылган укуктарына зыян келтирбестен, селекциячыларга укук берүү жана аларды коргоого карата, алардын жашаган орду жана турган орду Келишим түзүүчү тараптын аймагы болуп эсептелинген Келишим түзүүчү тараптын жарандары, ошондой эле же жеке жана юридикалык жактар ар бир башка Келишим түзүүчү тараптын аймагында ар бир ушундай Келишим түзүүчү тарап өзүнүн жарандарына мыйзамдар менен берилүүчү укуктук тартип менен пайдаланышат, мындай учурда аталган жарандар, жеке жана юридикалык жактар көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү тараптын өз жарандарына тийиштүү шарттарды жана формалдуулуктарды сакташы зарыл.   (2) ("Жарандар") Мурунку пункттун максаттары үчүн "жарандар" деген мында качан Келишим түзүүчү тарап болуп ушул мамлекеттин жарандары эсептелинсе, ал эми Келишим түзүүчү тарап болуп ушул уюмдун мамлекет-мүчөлөрүнүн жарандары - өкмөттөр аралык уюмду дагы билдирет.  

III глава

Селекциячынын укугун берүүнүн шарттары 

5-статья. Укуктук коргоонун шарттары 

(1) (Жаңы сортту канааттандыра турган критерийлер) Селекциячыга эгер жаңы сорт төмөнкүлөргө ээ болсо, укук берилет:

(i)жаңылыктуулукка, (ii)айырмалуулукка, (iii) бирдейликке жана (iv)туруктуулукка.

(Башка шарттар) Эгер жаңы сортко 20-статьянын жоболоруна ылайык аталышы берилген, ошондой эле зарыл алымдар төлөнгөнү менен кошо, компетенттүү органга өтүнмө берген Келишим түзүүчү тараптын мыйзамдары менен караштырылган формалдуулуктарды сактаган учурда, селекциячыга укук берүү кандайдыр-бир башка же кошумча шарттарга көз каранды болбошу керек. 

6-статья. Жаңылыктуулук 

(1) (Жаңылыктуулуктун критерийлери)

Селекциячыга укук берүүгө өтүнмө берилген күнгө карата сорттун ээси тарабынан же сортту пайдалануу үчүн анын макулдугу менен отургузулуучу (тигилүүчү)  же жемиш берүүчү материал башка жактарга башка түрдө сатылбаса же берилбесе, сорт жаңы болуп эсептелинет:

(1) ушул датага чейин алты ай мурун компетенттүү органга өтүнмө берилген Келишим түзүүчү тараптын аймагында; жана

(и) төрт жыл мурун компетенттүү органга өтүнмө берилген башка Келишим түзүүчү тарапта болбосун аймагында же бак-дарак же жүзүм өсүмдүктөрү болсо, көрсөтүлгөн датага чейин алты жыл мурун берилиши керек.

(2) (Жакында чыгарылган сорттор) Качан Келишим түзүүчү тарап ушуга чейин бул Конвенцияны же кайсы бир мурунку Актыны өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө карата пайдаланбаганына карата ушул Конвенцияны пайдаланган учурунда, ал (1) пунктта анын аныктамасы камтылган, жаңылыктуулуктун шарттарын канааттандырган коргоо берилген күнгө карата жакында, ушул пунктта баяндалган башка жактарга сатууда же өткөрүп берүүдө дагы бул пунктта белгиленген мөөнөткө чейин орду болгон учурда дагы, чыгарылган сортту карап чыгат.

(3) (Айрым учурларда "аймак" деген терминдин мааниси) (1) пункттун максаттары үчүн бир жана ошол эле өкмөттөр аралык уюмдун мамлекет-мүчөлөрү болуп эсептелинген бардык Келишим түзүүчү тараптар эгер алардын өзүлөрүнүн аймагында жүргүзүлгөн иш-аракеттерге ушул уюмдун мамлекет-мүчөлөрүнүн аймагында жүргүзүлгөн иш-аракеттерди теңештирүү максатында бул уюмдун эрежелерин билдирсе, өзүлөрүнүн иштерин бирге аткарса болот жана бул тууралуу Генералдык катчыга маалымат беришет. 

7-статья. Айырмалуулук 

Сорт эгер өтүнмө берилген учурда жалпыга белгилүү болгон башка кайсы болбосун сорттон ачык-айкын айырмаланып, айырмалуулук критерийин канааттандырган болуп эсептелинет. Негизинен, селекциячыга укук берүүгө өтүнмө берүү же жаңы сортторду расмий реестрге башка сортту киргизүү кайсы өлкөдө болбосун шартына карата ушул өтүнмөнүн негизинде селекциячыга укук берилген же сорт тийиштүү реестрге киргизилген шартында, сорт өтүнмө берилген күндөн тартып, жалпыга белгилүү болот. 

8-статья. Бирдейлик 

Сорт анын көбөйгөндүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, бул сорттун өсүмдүгү жетишерлик бирдей болсо, бирдейлик критерийин канааттандырган болуп эсептелет. 

9-статья. Туруктуулук 

Сорт эгер анын негизги белгилери бир нече жолу көбөйтүлгөндөн кийин же көбөйүүнүн өзгөчө циклында, көбөйүүнүн ар бир циклынын аягында өзгөрүлбөгөн бойдон калса, туруктуулук критерийин канааттандырган болуп эсептелет. 

IV глава

Селекциячыга укук берүүгө өтүнмө 

10-статья. Өтүнмө берүү 

(1) (Биринчи өтүнмө берүүнүн орду) Селекциячы анын компетенттүү органына селекциячыга укук берүүгө өзүнүн биринчи өтүнмөсүн бергиси келген Келишим түзүүчү тарапты тандап ала алат.

(2) (Кийинки өтүнмөнү берүү убакыты) Селекциячы башка Келишим түзүүчү тараптардын компетенттүү органдарына өтүнмө берүү жөнүндө өтүнмөнү ал биринчи өтүнмө берген Келишим түзүүчү тараптын органы тарабынан ага селекциячынын укук алгандыгын күтпөстөн, бере алат. 

(3) (Коргоонун көз каранды эместиги) Келишим түзүүчү тараптардын бири дагы ушундай сортко коргоо суралбаган, коргоо берүүдөн баш тартылган  же кайсы мамлекетте же өкмөттөр аралык уюмда анын иш-аракетинин мөөнөтү өткөн шартында, селекциячыга укук берүүдөн баш тартпайт жана анын иш-аракетинин мөөнөтүн чектебейт. 

11-статья. Артыкчылык укугу 

(1) (Артыкчылык укугу; анын мөөнөтү) Келишим түзүүчү тараптын биринде ("биринчи өтүнмө")жаңы сортко укуктук коргоо берүүгө белгиленген тартипте өтүнмө берген селекциячы он эки айдын ичинде башка кайсы Келишим түзүүчү тараптын болбосун ("кийинки өтүнмө")компетенттүү органына ушул сортко селекциячыга укук берүүгө өтүнмөнүн максаттары үчүн артыкчылык укугун пайдаланат. Бул мөөнөт биринчи өтүнмө берилген күндөн тартып эсептелинет. Белгиленген мөөнөттө өтүнмө берилген күнү киргизилбейт.

(2) (Артыкчылык укугун суратып алдырып алуу) Селекциячы артыкчылык укугун пайдалануу үчүн кийинки өтүнмөсүндө биринчи өтүнмөдөгү артыкчылыкты билдирет. Кийинки өтүнмө берилген компетенттүү орган селекциячыдан кийинки өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдан кем болбогон убакыттын ичинде, ушул өтүнмө берилген орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн баштапкы өтүнмө материалдарынын көчүрмөлөрүн жана ушул эки өтүнмөнүн тең предметин түзгөн бир эле сорт экендигин далилдеген үлгүлөрүн же башка тастыктамасын талап кылат.

(3) (Документация жана материал) Селекциячыга артыкчылык мөөнөтү өткөндөн кийин эки жылдын ичинде же биринчи өтүнмө четке кагылган же кайра суратылып алынганда, кийинки өтүнмө берилген Келишим түзүүчү тараптын компетенттүү органына  Келишим түзүүчү тараптын мыйзамдарынын 12-статьясына ылайык эксперттөө үчүн талап кылынган кайсы маалыматты болбосун, документтерди жана материалдарды көрсөтүү үчүн жетишерлик убакыт берилет. 

(4) (Артыкчылык мөөнөтүнүн ичинде болуп өткөн далилдер) Биринчи өтүнмөнүн предмети болуп эсептелинген башка өтүнмө берүү, жаңы сортту жарыялоо же пайдалануу сыяктуу далилдер (1) пунктта караштырылган мөөнөттүн ичинде ишке ашырылса, кийинки өтүнмөнү четке кагуу үчүн негиз боло албайт. Мындай далилдер ошондой эле үчүнчү жактардын кандайдыр бир укуктарынын келип чыгышы үчүн негиз боло албайт. 

12- статья. Өтүнмөнү эксперттөө 

Селекциячыга укук берүү жөнүндө чечим 5-9- статьяларга ылайык коргоого жөндөмдүүлүк шарттарга предметтин ылайык келишин экспертизалоо жүргүзгөндөн кийин кабыл алынат. Экспертизалоонун жүрүшүндө компетенттүү орган сортту өстүрүүгө же башка зарыл болгон сыноолордуу жүргүзүүгө же расмий сыноолордон кийинки натыйжаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Ушундай экспертизалоонун максаттары үчүн компетенттүү орган селекциячыдан бардык зарыл болгон маалыматтарды, документтерди же материалды көрсөтүүсүн талап кыла алат. 

13-статья. Убактылуу коргоо 

Селекциячыга укук берүүгө өтүнмө берген же жарыялаган учурдун ичинде жана ушундай укукту бергенге чейин ар бир Келишим түзүүчү тарап селекциячылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында чараларды караштырат. Мындай чараларды пайдаланууда  селекциячынын укук ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде ага зыян келтирилген чыгымды жабуу үчүн кайсы жактан болбосун ылайыктуу компенсация алууга укугу бар. Келишим түзүүчү тарап өтүнмө берүү жөнүндө селекциячы билдирген жактарга карата гана пайдаланылат. 

V глава

Селекциячынын укугу 

14-статья. Селекциячынын укугунун ченемдери 

(1) (Тигүүчү материалга карата иш-аракеттер)

(2) (а) 15 жана 16-статьялардын жоболорун эске алып, корголуучу сорттун тигүүчү материалына карата төмөнкүдөй иш-аракеттерин ишке ашыруу селекциячынын уруксатысыз болбойт:

(i) өндүрүү же кайрадан өндүрүү (көбөйтүү);

(ii) көбөйтүү максаты үчүн айдоо (себүү) кондициясына жеткирүү;

(iii) сатууга сунуштоо;

(iv) сатуу же сатуунун башка түрлөрү;

(v) алып чыгуу;

(vi) алып келүү;

(vii) жогоруда айтылган(i) чейин (vi) пункттардын максаттары үчүн;

(b) Селекциячы белгиленген шарттар жана чектөөлөр менен ушундай уруксат берүүнү шартка ылайык келтирет.

(2) (Мөмө берүүчү материалга карата иш-аракеттер) Бүтүндөй өсүмдүктү жана алардын бөлүктөрүн кошкондогу, мөмө берүүчү материалга карата 15 жана 16-статьялардын жоболорун, (1) (а) пунктунун (i) - (vii) пунктчаларында айтылгандарды  эске алып, эгер селекциячынын аталган тигүүчү материалга байланыштуу өз укуктарын пайдаланууга жетишерлик мүмкүнчүлүгү болбосо, селекциячынын уруксатын талап кылышат. 

(3) (Айрым товардык продуктуларга карата иш-аракеттер) 15 жана 16-статьялардын жоболорун эске алып, эгер селекциячынын аталган мөмө берүүчү материалга байланыштуу өз укуктарын пайдаланууга жетишерлик мүмкүнчүлүгү болбосо, ар бир Келишим түзүүчү тарап аталган мөмө берүүчү материалды уруксатсыз пайдалануунун натыйжасында (2) пункттун жоболорунун иш-аракетине кабылган корголуучу сорттун мөмө берүүчү материалынан алынган товардык продуктуларга карата (1) (а) пунктунун (i) - (vii) пунктчаларында айтылган иш-аракеттерди караштырат.

(4) (Башка мүмкүн болгон иш-аракеттер) 15 жана 16-статьялардын жоболорун эске алып, ар бир Келишим түзүүчү тарап (1) (а) пунктунун (i) - (vii) пунктчаларында айтылгандардан айырмаланган  иш-аракеттер ошондой эле селекциячынын уруксатын талап кылууну караштырат.

(5) (Башка сорттун белгилерин олуттуу түрдө алган сорттор жана айрым башка сорттор) (а) (1) - (4) пункттун жоболору ошондой эле төмөнкүлөргө пайдаланылат:

(i) эгер ушул корголуучу сорт башка сорттун белгилерин олуттуу түрдө алган сорт болуп эсептелинбеген, негизинен корголуучу сорттун белгилерин өзүнө алса;

(ii) 7-статьяга ылайык, корголуучу сорттон ачык айырмаланбагандарга; жана

(iii) өндүрүш корголуучу сортту көп жолу пайдаланууну талап кылган сортторго.

(b) Ушул (а) (i) пунктчалары үчүн сорт негизинен башка сорттун ("баштапкы сорттон") белгилерин алгандар таанылат, эгер ал:

(i) баштапкы сорттун генотибин же генотибинин жыйындысын чагылдырып, мында негизги белгилерин сактоо менен өзү баштапкы сорттун негизги белгилерин алат;

(ii) баштапкы сорттон ачык айкын айырмаланат; жана

(iii) төмөндө көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануудан келип чыккан бузулуудан тышкары баштапкы сорттун генотибин же генотибинин жыйындысына ылайык келет. 

(с) Мындай ыкмаларга булар кирет, мисалы: табигый же индуцирленген мутантты же өзүн клондоштурган мутантты тандоо, баштапкы сорттун өсүмдүктөрүнөн өзүнчө мутантты тандоо, беккросс, гендик инженерия ыкмалары менен сортту өзгөртүү. 

15-статья. Селекциянын укугундагы өзгөчөлүктөр 

(1) (Милдеттүү түрдөгү өзгөчөлүктөр) Селекциячынын укугу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

(i) жеке жана коммерциялык эмес максаттарда жүргүзүлгөн иш-аракеттер;

(ii) эксперимент жүргүзүү максатында жүргүзүлгөн иш-аракеттер; жана

(iii) башка сортторду чыгаруу үчүн баштапкы материал катарында корголуучу сортту пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер жана ушундай башка сортторго карата 14(1) - (4) көрсөтүлгөн иш-аракеттер, 14(5) статьядагы жоболор пайдаланылган учурдан тышкарыларга.

(2) (Милдеттүү түрдө болбогон өзгөчөлүктөр) 14-статьянын жоболорун эске албастан, ар бир Келишим түзүүчү тарап мүмкүн болгон чегинде жана селекциячынын мыйзамдык жактан кызыкчылыктарын сактаган шартында, кайсы сортко караштуу болбосун 14(5)(а) (i) же (ii) статьялардын жоболору жайылтылган корголуучу сортту же сортту өзүлөрүнүн жеке жер участокторунда отургузуунун натыйжасында алынган түшүмдүн продуктуларын өзүлөрүнүн жеке жер участокторунда көбөйтүү максаты үчүн фермерлерге пайдаланууга селекциячынын укугун чектей алат. 

16-статья. Селекциячынын укугун пайдаланып бүтүрүү 

(1) (Укугун пайдаланып бүтүрүү) Селекциячынын укугу 14(5) статьянын жоболоруна туура келген корголуучу сорттун же сорттун кайсы материалына болбосун байланыштуу болгон аракеттерге жайылтылбайт, ал селекциячы тарабынан же анын уруксаты менен көрсөтүлгөн материалдан өндүрүлгөндөр бул Келишим түзүүчү тараптын аймагында  сатылат же башка түрдө сатылат, эгер бул аракеттер:

(i) бул сортту мындан кийин көбөйтүүгө багытталбаса; же

(ii) мындан кийин пайдалануу үчүн өсүмдүк материалын иштеп чыгаруу максаты үчүн алып чыгаруудан тышкары, өлкөдө сортту көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген, сорттун өсүмдүк материалын алып чыгууга байланыштуу болбосо

(2) ("Материал" деген терминдин мааниси) (1) пункттун максаты үчүн  "материал" деген термин сортко байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

(i) кайсы түрдүн болбосун себүүчү (отургузуу) материалы;

(ii) бүтүн өсүмдүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн кошкондо, мөмө берүүчү материал; жана

(iii) түздөн-түз мөмө берүүчү материалдан алынган кайсы болбосун  товардык продукт.

(3) (Айрым учурларда "аймак" деген терминдин мааниси) (1) пункттун максаты үчүн бардык Келишим түзүүчү тараптар бир жана ошол  эле өкмөттөр аралык уюмдун мамлекет-мүчөсү болуп эсептелинип, эгер алардын аймактарында жүргүзүлгөн аракеттерине ушул уюмдун мамлекет-мүчөлөрүнүн аймагында жүргүзүлгөн аракеттерди теңештирүү максатында бул уюмдун эрежелерине баш ийдирсе, өз аракеттерин бирге ишке ашыра алышат жана бул тууралуу Генералдык катчыга маалымат беришет. 

17-статья. Селекциячынын укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектөө 

(1) (Коомдук кызыкчылыктар) Бул Конвенцияда атайын  айтылган учурлардан тышкары, Келишим түзүүчү тарап коомдук кызыкчылыктар менен шартталган себептердин күчү менен селекциячынын укугун эркин пайдаланууну чектей алат.

(2) (Акыйкат сыйлоо) Эгер ушундай чектөөнүн натыйжасы болгон учурда, селекциячынын уруксатын талап кылган иш-аракеттерди жүргүзүүгө үчүнчү жакка уруксат берүү болуп эсептелинген учурда, тийиштүү Келишим түзүүчү тарап селекциячы акыйкат сыйакы алууга зарыл болгон бардык чараларды көрөт. 

18-статья. Коммерциялык сатууну жөнгө салуучу чаралар 

Селекциячынын укугу анын аймагында сортту өндүрүүнү, күбөлүк берүүнү жана сатууну же ушундай материалды чыгарууну же алып келүүнү жөнгө салуу максатында Келишим түзүүчү тараптын кабыл алган кайсы чараларына  жараштуу болот. Кандай болбосун, мындай чаралар ушул Конвенциянын жоболорун пайдаланууга таасир бербейт.  

19-статья. Селекциячынын укугунун аракетинин мөөнөтү 

(1) (Коргоо мөөнөтү) Селекциячынын укугу чектелген мөөнөткө берилет.

(2) (Коргоонун минималдуу мөөнөтү) Коргоонун белгиленген мөөнөтүнүн узактыгы селекциячыга укук берүү күнүнөн тартып 20 жылдан кем болбогон мөөнөттү түзөт.  Бак-дарактарга жана жүзүмдөргө карата белгиленген мөөнөт көрсөтүлгөн күндөн тартып 25 жылдан кем болбогон мөөнөттү түзөт.  

VI глава

Сорттун аталышы 

20-статья. Сорттун аталышы 

(1) (Аталышын ыйгаруу менен сорттун аталышы; аталышын пайдалануу) (а) Сортко аталышы катарында анын түрдүк аталышы катары кызмат кылган аталыш берилет.

(b) Ар бир Келишим түзүүчү тарап чараларды карата төмөнкүлөргө көрөт: анткени (4) пунктту эске алып, аталышы катарында катталган аталышына эч кандай укуктар ушул сортко байланыштуу бул аталышты эркин пайдаланууга селекциячынын укугунун аракетинин мөөнөтү өткөндөн кийин дагы тоскоолдук кылынбайт.

(2) (Аталышынын мүнөздөмөлөрү) Аталышы бул сортту идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет. Ал практикада аныкталган сорттун аталышына ылайыктуу келген учурдан тышкары, сандардан гана турат. Ал бул сорттун мүнөздөмөсүнө, маанисине же мазмунуна же селекциячынын жеке өзүнө байланыштуу баш-аламандыкка же так эмес жыйынтыктарга алып келүү үчүн мүмкүнчүлүк бербеши керек. Негизинен, ал кайсы болбосун башка аталыштан айырмаланышы керек, анын аталышы менен  кайсы Келишим түзүүчү тараптын болбосун аймагындагы ошол эле жакын ботаникалык бакчасындагы болгон сорт аталат.

 (3) (Аталышты каттоо) Сорттун аталышы селекциячы тарабынан компетенттүү органга билдирилет. Эгер, мында аталыш (2) пункттун талаптарын канааттандырбаса, анда аталган орган аны каттоодон баш тартат жана селекциячы белгилеген мөөнөттүн ичинде башка аталышты сунуш кылышын талап кылат. Сорттун аталышы компетенттүү орган тарабынан селекциячыга укук берүү менен бир убакта катталат.

(4) (Үчүнчү жактардын мурун алган укуктары) Үчүнчү жактардын мурун алган укуктары ошол бойдон калат. Эгер, мурун алган укуктун күчү менен сорттун кайсы болбосун аталышын пайдалануу аны (7) пункттун жоболоруна ылайык пайдаланууга милдеттүү болгон жакка тыюу салынса, анда компетенттүү орган селекциячы ушул сорт үчүн башка аталышты беришин талап кылат.

(5) (Бардык Келишим түзүүчү тараптардагы бирдей аталыш) Сорт бардык Келишим түзүүчү тараптарда бир эле аталыш менен берилиши керек. Ар бир Келишим түзүүчү тараптын компетенттүү органы ушундай түрдө берилген аталышты эгер ал мындай аталыш анын аймагында жеткиликтүү эмес деп эсептебесе, каттоодон өткөрөт. Мындай учурда ал селекциячыдан башка аталышты беришин талап кылат.

(6) (Келишим түзүүчү тараптардын компетенттүү органдары үчүн маалымат) Келишим түзүүчү тараптын компетенттүү органы сорттун аталышына, негизинен аталышты берүү, каттоо жана өзгөртүүгө байланыштуу маселелер боюнча бардык башка Келишим түзүүчү тараптарга маалымат берүү үчүн чараларды көрөт. Кайсы Келишим түзүүчү тарап болбосун эгер аталыштарды каттоо боюнча эскертүүлөр болсо, ушул аталыш тууралуу ага билдирген органга жиберет.

(7) (Аталышты пайдалануу милдети ) Аталган аймакта корголуучу сорттун тигүүчү материалын Келишим түзүүчү тараптын биринин аймагында сатууга койгон кайсы болбосун жак бул сортко селекциячынын укугунун аракетинин мөөнөтү өткөндөн кийин дагы эгер (4) пункттун жоболоруна ылайык мурун алган укуктары ушундай пайдаланууга тоскоолдук кылбаса, пайдалана берет. 

(8) (Аталыштар менен кошулган белгилер) Сорт сатууга сунуш кылынган учурунда, сорттун катталган аталышы менен товардык белгини, коммерциялык аталышты же ушу сыяктуу белгини ассоциялоого уруксат берилет. Ушундай ассоциациялоо учурунда дагы бул аталыш тез таанылыш керек. 

VII глава

Селекциячынын укугун анык эмес табуу жана жокко чыгаруу 

21-статья. Селекциячынын укугун анык эмес табуу 

(1) (Селекциячынын укугу анык эмес табылган себептер) Ар бир Келишим түзүүчү тарап селекциячынын укугу анык эмес табылгандыгын билдирет, эгер төмөнкүлөр белгиленсе:

(i) 6 же 7-статьяларда айтылган шарттар селекциячыга укук берүү учурунда аткарылбаса;

(ii) селекциячынын укугу негизинен маалыматтардын жана документтердин негизинде берилген учурда, 8 же 9-статьяларда айтылган шарттарды селекциячыга укук берген учурда селекциячы тарабынан аткарылбаса; же 

(iii) селекциячынын укугу ушул укукка ээ болбогон жаккка берилген болсо, эгер гана селекциячынын укугу ушуга укугу бар адапмга берилбесе. 

(2) (Кайсы бир башка себептер боюнча селекциячынын укугун анык эмес деп табууга жол бербөө) Селекциячынын укугу (1) пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланган себептердин күчү менен анык эмес деп жарыяланбашы керек. 

22-статья. Селекциячынын укугун жокко чыгаруу 

(1) (Селекциячынын укугун жокко чыгаруу үчүн себептер) (a) Ар бир Келишим түзүүчү тарап эгер 8 же 9-статьяларда айтылган шарттардын аткарылбагандыгы аныкталганда, ага берилген селекциячынын укугун жокко чыгара алат.

(b) Мындан тышкары, ар бир Келишим түзүүчү тарап ага берилген селекциячынын укугун жокко чыгара алат, эгер компетенттүү органдын сунушу боюнча жана берилген мөөнөттүн ичинде:

(i) селекциячы аталган органга жаңы сортту текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди же материалды көрсөтпөсө;

(ii) селекциячы анын укугу күчүндө кармалып турушу үчүн алына турган алымды төлөбөсө; же

(iii) селекциячыга укук берилгенден кийин сорттун аталышы жокко чыгарылган учурда, селекциячы башка ылайыктуу аталышыты сунуш кылбаса.

(2) (Селекциячынын укугун жокко чыгаруу үчүн башка себептерди болтурбоо) Селекциячынын укугу (1) пунктта айтылгандан айырмаланган себептердин күчү менен жокко чыгарылбайт. 

VIII глава

Союз 

23-статья.  Союздун мүчөлөрү 

Келишим түзүүчү тараптар Союздун мүчөлөрү болуп эсептелинет. 

24-статья. Укуктук статус жана жайгашкан жери 

(1) (Юридикалык жак) Союз юридикалык жак болуп эсептелинет.

(2) (Укукка жөндөмдүүлүгү) Союз аталган аймакта колдонулуучу мыйзамдарга ылайык ар бир Келишим түзүүчү тараптын аймагында Союздун маселелерин ишке ашыруу жана анын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.

 (3) (Жайгашкан жери) Союздун жана анын туруктуу органдарынын жайгашкан орду болуп  Женева эсептелинет.

(4) (Штаб-квартира жөнүндө макулдашуу) Союз Швейцария Конфедерациясы менен штаб-квартира жөнүндө макулдашуу түзгөн.  

25-статья. Органдар 

Союздун туруктуу органдары болуп  Кеңеш жана Союздун бюросу эсептелинет.

26-статья. Кеңеш 

(1) (Кеңештин курамы) Кеңештин курамына Союздун мүчөлөрүнүн өкүлдөрү кирет. Союздун ар мүчөсү Кеңешке бир өкүл жана бир орунбасар дайындайт.

(2) (Кеңештин кызмат адамдары) Кеңеш өз мүчөлөрүнүн ичинен Президентти жана биринчи вице-президентти шайлайт.  Ал башка вице-президенттерди шайлайт. Биринчи вице-президент Президент өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, Президенттин милдетин аткарат. Президент үч жылдык мөөнөткө шайланат.

(3) (Кеңештин сессиялары) Кеңештин сессиялары аны Президенти тарабынан чакырылат. Кеңештин кезектеги сессиялары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан тышкары, Президент өз ыктыяры боюнча Кеңешти чакырат; ал ошондой эле эгер муну Кеңештин үчтөн бири чакырса, үч ай мөөнөттөн кем болбогон убакытта Кеңешти чакырат.

(4) (Байкоочулар) Кеңешти мүчөлөрү болуп эсептелинбеген мамлекеттер байкоочулар катарында кеңештин отурумдарына чакырылат. Мындай отурумдарга ошондой эле башка байкоочулар жана эксперттер чакырылат.

(5) (Кеңештин милдеттери) Кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

(i) Союздун кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды изилдөө жана аны өнүктүрүүгө демилге берүү;

(ii) Кеңештин жол-жоболорунун эрежелерин иштеп чыгуу;

(iii) Генералдык катчыны жана эгер Кеңеш муну зарыл деп эсептесе, Генералдык катчыны дайындоо жана алар дайындалган мөөнөттү аныктоо; 

(iv) Союздун ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчётту карап чыгуу жана андан аркы ишинин программасын кабыл алуу;

(v) Генералдык катчы үчүн Союздун алдында турган милдеттерди ишке ашыруу боюнча бардык зарыл көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;

(vi) Союздун административдик жана финансылык эрежелерин иштеп чыгуу;

(vii) Союздун бюджетин карап чыгуу жана бекитүү, ошондой эле Союздун ар бир мүчөсүнүн төгүмдөрүнүн өлчөмүн белгилөө;

(viii) Генералдык  катчы жиберген эсептерди карап чыгуу жана бекитүү;

(ix) 38-статьяда көрсөтүлгөн конференцияларды өткөрүүнүн датасын жана ордун белгилөө жана аларды даярдоого зарыл чараларды көрүү; жана

(x) Союздун үзүрдүү ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн жалпы пландагы  бардык зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу. 

(6) (Добуштардын саны) (а) мамлекет болуп эсептелинген Союздун ар бир мүчөсү Кеңеште бир добушка  ээ.

(b) Өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелинген кайсы Келишим түзүүчү тарап болбосун анын компетенциясына кирген маселелер боюнча анын курамына кирген Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн атынан добуш берүү укугу менен пайдалана алат. Мындай өкмөттөр аралык уюм эгер анын мүчөлөрү болуп эсептелинген мамлекеттердин кайсынысы болбосун добуш берүүгө катышса же катышпаса, бул укукту пайдалана албайт. (7) (Көпчүлүк) Кеңештин чечими берилген добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат, мында кеңештин чечимдери (5)(ii), (vi) жана  (vii) пункттарга ылайык, ошондой эле 28(3), 29(5)(b) жана 38(1) статьяларга ылайык, берилген добуштун үчтөн төртү менен кабыл алынат. Калыс калгандардын добушу эсепке алынбайт. 

27-статья. Союздун бюросу 

(1) (Бюронун милдеттери жана жетекчилик) Союздун бюросуна ага Кеңеш тапшырган милдеттерди жана маселелерди аткаруу жүктөлөт.

(2) (Генералдык катчынын милдеттери) Генералдык катчы Кеңештин алдында жоопкерчиликтүү, ал Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга жооп берет. Ал Кеңештин бекитүүсүнө бюджетти берет жана аны ишке ашырууга жооп берет. Ал Кеңештин алдында өз иши тууралуу отчёт берет жана ага Кеңештин ишмердүүлүгү жана финансылык абалы жөнүндө отчёт берет.

(3) (Персонал) 26(5)(iii) статьялардын жоболорун эске алып, Кеңештин бюросунун милдеттерин үзүрлүү аткаруу үчүн персоналдарды жумушка дайындоонун жана жалдоонун шарттары административдик жана финансылык эрежелери менен аныкталат. 

28-статья. Тилдер 

(1) (Бюро пайдалануучу тилдер) Кеңештин бюросу өз милдеттерин ишке ашырууда англис, испан, немец жана француз тилдерин пайдаланат.

(2) (Айрым отурумдарда пайдаланылуучу тилдер) Карап чыгуу боюнча кеңештин отурумдары жана конференциялар аталган төрт тилдерде жүргүзүлөт.

(3) (Башка тилдер) Кеңеш кошумча тилдерди пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алат. 

29-статья. Финансы 

(1) (Кирешелер) Союздун чыгымдары төмөнкүдөй кирешелердин эсебинен жабылат: (1) Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн жыл сайын төлөгөн төгүмдөрүнөн;

(И) тейлөө көрсөтүүдөн алынган төлөмдөрдөн;

(in) ар түрдүү түшүүлөрдөн.

(2) (Төгүмдөр: бирдиктер) (а) Ар бир Союздун мамлекет-мүчөсүнүн жыл сайын төлөнгөн төгүмдөрдүн жалпы суммасында үлүшү чыгымдардын жалпы суммасын эсепке алуу менен аныкталат, алар Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн жана (3) пунктка ылайык ушул мамлекетке карата пайдаланылуучу төгүмдөрдүн бирдиктеринин санынын эсебинен жабылат. Көрсөтүлгөн үлүш (4) пунктка ылайык чыгарылат.

(b) Төгүмдөрдүн бирдиктеринин саны бир дагы бөлчөк бештен бирден кем болбогон шартында, бүтүн же бөлчөк сандары менен билдирилет.

(3) (Төгүмдөр: ар бир мүчөнүн үлүшү) (а) Ал ушул Конвенциянын жоболоруна байланыштуу болуп калган күнгө карата 1978-жылдын 1961/1972 Актысынын катышуучусу болуп эсептелинген Союздун кайсы мүчөсүнө болбосун пайдаланылуучу төгүмдөрдүн бирдиктеринин саны ага түздөн-түз көрсөтүлгөн датага чейин пайдаланылган төгүмдөрдүн бирдиктеринин санындай эле калат.

(b) Союздун кайсы мамлекет-мүчөсү болбосун Союзга кошуларда Генералдык катчыга жиберген арызында ага карата пайдаланылган төгүмдөрдүн бирдиктеринин санын көрсөтөт. 

(с) Союздун кайсы мамлекет-мүчөсү болбосун Генералдык катчыга жиберген арызында кайсы убакытта болбосун (а) же (b) пунктчаларына ылайык ага карата пайдаланылган  сандан айырмаланган төгүмдөрдүн бирдиктеринин санын көрсөтөт. Эгер бул календардык жылдын биринчи алты айынын ичинде болсо, мындай арыз кийинки календардык жылдын башталышынан тартып күчүнө кирет;  тескерисинче арыз берилген жылдан кийинки экинчи календардык жылдан тартып ал күчүнө кирет.

(4) (Төгүмдөр: үлүштү эсептөө) (а) Ар бир бюджеттик мезгил үчүн төгүмдөрдүн бирдигинин өлчөмү чыгымдардын жалпы суммасын бөлүү аркылуу аныкталат, алар Союздун ушул мамлекет-мүчөлөрүнө пайдаланылуучу бирдиктердин жалпы санына Союздун кайсы мамлекет-мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн эсебинен жабылат.

(b) Союздун ар бир мамлекетинин төгүмүнүн өлчөмү төгүмдөрдүн бир бирдигине тийиштүү сумманы Союздун ушул мамлекет-мүчөсүнө пайдаланылуучу төгүмдөрдүн бирдигинин санына көбөйтүү жолу менен аныкталат. 

(5) (Төгүмдөрдү төлөө боюнча бересе) (a) Төгүмдөрдү төлөө боюнча бересеси бар Союздун мүчө-мамлекети (b) пунктчасын эске алуу менен эгер анын бересесинин өлчөмү  мурунку жылга толугу менен же андан дагы ашканын ушул мамлекет төлөөгө тийиштүү болгон төгүмдөрдүн өлчөмүнө барабар болсо, Кеңеште добуш берүү укугу менен пайдалана албайт. Союздун мындай мамлекет-мүчөсүнүн добуш берүүгө катышуудан убактылуу укугунан ажыратылышы ушул Конвенцияга ылайык аны милдеттерин аткаруудан бошотпойт жана андан келип чыккан кандайдыр-бир башка укуктарынан ажыратпайт. 

(b) Кеңеш Союздун аталган мамлекет-мүчөсүнө ал Кеңешти анын төлөмүнүн кечеңдеши өзгөчө абалдар менен түшүндүргөн шартында, добуш берүүгө катышуу укугун пайдаланууга уруксат берет.

(6) (Эсептерди текшерүү) Союздун эсептерин текшерүү административдик жана финансылык эрежелерге ылайык Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн бири тарабынан жүргүзүлөт. Союздун мындай мамлекет-мүчөсү анын уруксаты менен Кеңеш болуп дайындалат.

(7) (Өкмөттөр аралык уюмдардын төгүмдөрү) Өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелинген кайсы Келишим түзүүчү мамлекет болбосун төгүмдөрдү төлөөгө милдеттүү эмес. Эгер, ошого карабастан, ал төгүмдөрдү төлөсө, ага тийиштүү түрдө (1)-(4) пункттардын жоболору колдонулат. 

IХ глава

Конвенцияны пайдалануу; башка Макулдашуулар 

30-статья. Конвенцияны пайдалануу 

(1) (Конвенцияны пайдалануу үчүн чаралар) Ар бир Келишим түзүүчү тарап ушул Конвенцияны пайдалануу үчүн зарыл чараларды көрөт жана негизинен:

(i) селекциячылардын укугун үзүрлүү ишке ашыруу үчүн укукту соттук коргоонун тийиштүү каражаттарын камсыз кылат;

(ii) селекциячыларга укук берүү милдети тапшырылган органды камтыйт же башка Келишим түзүүчү тарап камтыган органга ушул милдетти тапшырат;

(iii) элди төмөнкүлөргө карата үзгүлтүксүз жарыялоо аркылуу маалыматтоо менен камсыздайт:

-          селекциячыларга укук берүүгө өтүнмөлөрдү; жана

-          сунуш кылынган жана жактырылган аталыштарды. 

(2) (Мыйзамдардын ылайык келиши) Ар бир мамлекет же өкмөттөр аралык уюм өзүнүн ратификациялык грамотасын, кабыл алуу, жактыруу жөнүндө документти же кошулуу тууралуу актыны шартына карата, өзүнүн мыйзамдарына ылайык ушул Конвенциянын жоболорун ишке ашырууну камсыз кылууга даяр болушу караштырылган. 

31-статья. Мурунку Актыларга байланыштуу Келишим түзүүчү тараптар менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелер  

(1) (Ушул Конвенцияга байланыштуу мамлекеттердин ортосундагы мамилелер) Ушул Конвенцияга, ошодной эле Конвенциянын кайсы болбосун мурунку Актыларына байланыштуу Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде Ушул Конвенциянын жоболору гана пайдаланылат.

(2) (Ушул Конвенцияга байланыштуу болбогон мамлекеттердин ортосундагы мүмкүн болгон мамилелер) Ушул Конвенцияга байланыштуу болбогон Союздун кайсы мамлекет-мүчөсү болбосун Генералдык катчыга жиберген билдирүүсүндө ушул Конвенцияга гана байланыштуу болгон Союздун ар бир мүчөсү менен болгон мамилесинде ал байланыштуу болгон эң акыркы Актыны пайдаланарын билдирет. Ушундай билдирүүдөн бир айдан кийин жана ушундай билдирүү берген Союздун мамлекет-мүчөсү ушул Конвенцияга байланыштуу болуп калганга чейинкиси, ушундай билдирүү берген Союздун аталган мүчөсү ушул Конвенцияга гана байланыштуу болгон Союздун ар бир мүчөсү менен болгон мамилесинде эң акыркы Актыны пайдаланат, мында акыркылары биринчи мамлекет менен болгон өз мамилелеринде бул Конвенцияны пайдаланышат. 

32-статья. Атайын макулдашуулар 

Союздун мүчөлөрү, эгер мындай макулдашуулар ушул Конвенциянын жоболоруна каршы келбесе, өз ара өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо жөнүндө атайын макулдашууларды түзүүгө укуктуу. 

Х глава

Корутунду жоболор

33-статья. Кол коюу

 

Бул Конвенция аны кабыл алуу күнүнө карата Союздун мүчөсү болуп эсептелинген кайсы мамлекеттин болбосун кол коюусу үчүн ачык. Ал 1992-жылдын 31-мартына чейин ачык деп эсептелинет. 

34-статья. Ратификациялоо, кабыл алуу же жактыруу; кошулуу 

(1) (Мамлекеттер жана айрым өкмөттөр аралык уюмдар) (а) Ушул статьяда караштырылгандай, кайсы мамлекет болбосун бул Конвенциянын катышуучусу боло алат.

(b) Ушул статьяда караштырылгандай, кайсы мамлекет болбосун бул Конвенциянын катышуучусу боло алат , эгер ал:

(i) ушул Конвенция менен жөнгө салынуучу маселелерге карата компетенцияга ээ; (ii) анын курамына кирген бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү түрдө селекциячынын укугун берүүнү жана коргоону караштырган өзүнүн жеке мыйзамдары бар; жана 

(iii) өзүнүн ички жол-жоболоруна ылайык тийиштүү түрдө ушул Конвенцияга кошулууга ыйгарым укук берилген.

(2) (Ратификациялык грамоталар, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтер; кошулуу жөнүндө актылар) Бул Конвенцияга кол койгон кайсы мамлекет болбосун ушул Конвенцияга карата ратификациялык грамотаны, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтерди сактоого берүү жолу менен анын катышуучусу болуп калат.  Бул Конвенцияга кол койбогон кайсы мамлекет же кайсы өкмөттөр аралык уюм болбосун ушул Конвенцияга кошулуу жөнүндө актыны сактоого берүү жолу менен анын катышуучусу болуп калат. Ратификациялык грамоталар, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтер; кошулуу жөнүндө актылар Генералдык катчыга сактоого өткөрүлүп берилет. 

(3) (Кеңештин корутундусу) Союздун мүчөсү болуп эсептелинбеген кайсы мамлекет же кайсы өкмөттөр аралык уюм болбосун кошулуу жөнүндө актыларды сактоого өткөрүүдөн мурун ушул Конвенциянын жоболоруна улуттук мыйзамдардын ылайык келүү маселесин  аныктоо үчүн Кеңешке кайрылат.   Эгер Кеңештин корутундусун камтыган чечим оң чечилген болуп эсептелинсе, анда кошулуу жөнүндө актыны сактоого берилет.  

35-статья. Эскертмелер 

(1) (Принцип) (2) пунктту эске алып, Бул Конвенцияга эч кандай эскертүүлөр кабыл алынбайт.

(2) (Мүмкүн болгон өзгөчөлүгү) (а) 3(1)статьянын жоболорун эске албастан, кайсы мамлекет болбосун качан ал ушул Конвенциянын катышуучусу болуп жаткан учурда 1978-жылдагы актынын жоболору менен байланыштуу болсо жана вегетативдик көбөйүү сортуна карата коргоону селекциячынын укугу менен эмес өнөр жай менчик тармагындагы башка коргоо документи менен караштырса, ушундай сортторго карата бул Конвенцияны пайдаланбастан, ушундай коргоону жүргүзүүнү улантууга укугу бар.

(b) Бул укукту пайдаланган кайсы мамлекет болбосун шартына байланыштуу, ратификациялык грамотаны, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтерди сактоого берүү убагында бул тууралуу Генералдык катчыга билдирет. Мындай мамлекет кайсы убакта болбосун аталган билдирүүнү чакыртып алат. 

36-статья. Мыйзамдарга жана коргоо берилүүчү уруу жана түрлөргө карата билдирүүлөр; жарыялануучу маалымат 

(1) (Баштапкы билдирүү) Бул Конвенцияга карата ратификациялык грамоталар, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтерди, кошулуу жөнүндө актыны сактоого өткөрүп берүүдө шартына карата, кайсы мамлекет же өкмөттөр аралык уюм болбосун Генералдык катчыга төмөнкүлөр тууралуу билдирет: 

(i) селекциячылардын укугун жөнгө салуучу өзүнүн мыйзамдарын; жана

(ii) уруулардын жана түрлөрдүн тизмесин, буларга карата мамлекет же өкмөттөр аралык уюм  ушул Конвенцияга байланыштуу болгон күндөн тартып, ал бул Конвенциянын жоболорун пайдалана баштайт.

(Өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүлөр) Ар бир Келишим түзүүчү тарап Генералдык катчыга кечиктирбестен төмөнкүлөр тууралуу билдирет:

(i) селекциячылардын укугун жөнгө салуучу өзүнүн мыйзамдарындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу; жана

 (ii) кошумча сорттор жана түрлөргө карата бул Конвенцияны пайдаланууну кандай болбосун кеңейтүүнү.

(3) (Маалымат жарыялоо) Ар бир Келишим түзүүчү тараптан алынган билдирүүнүн негизинде Генералдык катчы төмөнкүлөр тууралуу жарыялайт: 

(i) селекциячылардын укугун жөнгө салуучу мыйзамдарды жана ушундай мыйзамдарга киргизилген кандай өзгөрүүлөр болбосун; жана

(ii) (1)(И) пунктта көрсөтүлгөн сорттордун жана түрлөрдүн тизмеси жана (2) (И) пунктта көрсөтүлгөн кандай болбоун кеңейтүү тууралуу. 

37-статья. Күчүнө кириши, мурунку Актыларды жабуу 

(1) (Конвенциянын баштапкы күчүнө кириши) Бул Конвенция беш мамлекет өзүлөрүнүн ратификациялык грамоталарын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтерин, кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп бергенден, бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, эң кеминде 1961/1972 жылдардагы Актынын же 1978-жылдын актысынын мамлекет-катышуучуларынын сактоого көрсөтүлгөн документтердин эң кеминде үчөө өткөрүлсө дагы. 

(2) (Ушул Конвенция күчүнө киргенден кийин ратификациялоо жана кошулуу) (1) пункттун жоболору жайылтылбаган мамлекеттерге жана кайсы болбосун өкмөттөр аралык уюмдарга карата бул Конвенция учурга байланыштуу ал ратификациялык грамоталарын, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтерин, кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп бергенден бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасы үчүн 2000-жылдын 26-июнунда күчүнө кирди.  

(3) (1978-жылдын Актысын жабуу) (1) пунктка ылайык ушул Конвенция күчүнө киргенден кийин бир дагы мамлекет 1978-жылдын Актысына кошула албайт, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын белгиленген практикасына ылайык өнүккөн өлкөлөр болуп эсептелинген жана кошулуу жөнүндө актынын 1995-жылдын 31-декабрына чейин бере алчу мамлекеттерден, ошондой эле 1993-жылдын 31-декабрына чейин кошулуу жөнүндө актыны өткөрө ала турган мамлекеттерден тышкарылары, эгер бул Конвенция ушул датага чейин күчүнө кирсе дагы. 

38-статья.  Конвенцияны кайра карап чыгуу 

(1) (Конференция) Бул Конвенция Союздун мүчөлөрүнүн конференциясы менен кайра каралып чыкса болот.мында конференцияны чакыруу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан кабыл алынат. 

(2) (Кворум жана көпчүлүк) Конференциянын ишинин жыйынтыктары эгер анда эң кеминде Союздун мамлекет-мүчөлөрүнүн жарымы катышкан шартында анык деп эсептелинет. Конвенциянын кайсы болбосун кайра каралып чыккан текстин кабыл алуу үчүн конференцияга катышкан жана добуш берүүгө катышкан Союздун
мамлекет-мүчөлөрүнүн төрттөн үчүнүн көпчүлүгү талап кылынат. 

39-статья. Жокко чыгаруу 

(1) (Кабарлоолор) Кайсы Келишим түзүүчү тарап болбосун Генералдык катчыга кабарлоо жиберүү аркылуу ушул конвенцияны жокко чыгара алат. Генералдык катчы ушундай кабарлоо алгандыгы тууралуу кечиктибестен Союздун бардык мүчөлөрүнө билдирет.

(2) (Мурунку Актылар) Конвенцияны жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо ошондой эле ушул Конвенцияны жокко чыгарып жаткан келишим түзүүчү тарап байланыштуу болгон кайсы болбосун мурунку Актыны жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо катары каралат.

(3) (Жокко чыгаруунун күчүнө кириши) Жокко чыгаруу Генералдык катчы аталган кабарлоону алган жылдан кийинки календардык жылдын аягында күчүнө кирет.

(4) (Алган укуктар) Жокко чыгаруу ушундай жокко чыгаруу күчүнө киргенге чейин ушул Конвенциянын же мурунку Актылардын күчү менен алынган сортко карата укукту козгобойт.  

40-статья. Алынган укуктарды сактап калуу 

Бул Конвенция Союздун мүчөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн ушул Конвенциядан тышкары, Келишим түзүүчү тараптардын мыйзамдарынын же мурунку Актылардын күчү менен алынган селекциячылардын укуктарын козгобойт. 

41-статья. Конвенциянын түпнуска жана расмий тексттери 

(1) (Түпнуска тексттер) Бул Конвенция англис, француз жана немец тилдеринде, бир нускада кол коюлат. Ар түрдүү тексттердин ортосунда кандай болбосун туура келбестиктер келип чыккан учурда, француз тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Түпнуска Генералдык катчыга сактоого өткөрүлүп берилет.

(2) (Расмий тексттер) Расмий тексттер Генералдык катчы тарабынан кызыкдар болгон өкмөттөр менен кеңешүүдөн кийин араб, голланд, италия, испан жана япон тилдеринде, ошондой эле Кеңеш белгилеген тилдерде иштелип чыгат.  

42-статья. Депозитарийдин милдеттери 

(1) (Конвенциянын нускаларын жөнөтүү) Генералдык катчы ушул Конвенцияны кабыл алган Дипломатиялык конференцияда катышкан бардык мамлекеттерге жана өкмөттөр ортосундагы уюмдарга жана сурам боюнча кайсы болбосун башка мамлекеттерге жана өкмөттөр ортосундагы уюмдарга тийиштүү түрдө  ушул Конвенциянын күбөлөндүрүлгөн нускаларын жөнөтөт.

(2) (Конвенцияны каттоо) Генералдык катчы бул Конвенцияны Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында каттоодон өткөрөт.  

Документ бүттү

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900