Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону уюштуруу жөнүндө № 2034 ЛОКАРН МАКУЛДАШУУСУ

  • Басып чыгаруу

Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 10-апрелиндеги №38 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууга кошулду

 Локарно ш.

1968-жылдын 8-октябры

 

Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону уюштуруу жөнүндө

№ 2034 ЛОКАРН МАКУЛДАШУУСУ

 

Ошондой эле төмөнкүлөрдү карагыла:

Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Конвенцияны (Париж, 1883-ж., 20 март) (1967-ж. 14-июлундагы абалы боюнча);

1957-ж., 15-июнундагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматын эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусу, 1967-ж. 14-июлунда Стокгольмдо жана 1977-ж. 13-майында Женевада кайра каралып чыккан.

1891-ж. 14-апрелиндеги Товардык белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу (1900-ж. 14-декабрында Брюсселде, 1911-ж. 2-июнунда Вашингтондо, 1925-ж. 6-ноябрында Гаагада, 1934-ж. 2-июнунда Лондондо, 1957-ж. 15-июнунда Ниццада жана 1967-ж. 14-июлунда Стокгольмдо кайра каралып чыккан).

 1-статья. Атайын Союзду түзүү; эл аралык классификациялоону кабыл алуу

 (1) Бул Макулдашуу колдонула турган өлкөлөр Атайын Союзду түзүшөт.

(2) Алар өнөр жай үлгүлөрүнүн бирдиктүү классификациялоосун кабыл алышат (мындан ары «Эл аралык классификациялоо» деп аталуучу).

(3) Эл аралык классификация төмөнкүлөрдөн турат:

(i) класстардын и классчалардын тизмесинен;

(ii) товарлардын алфавиттик тизмесинен, анда алар кирген ) класстардын жана классчалар көрсөтүлүп, өнөр жай үлгүлөрү бириктирилген;

(iii) түшүндүрмө эскертүүлөр.

(4) Класстардын жана классчалардын тизмеси болуп 3-статьяга ылайык түзүлгөн Эксперттер комитети (мындан ары «Эксперттер комитети» деп аталуучу) киргизе турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ушул Макулдашууга тиркелүүчү тизме эсептелинет.

(5) Товарлардын алфавиттик тизмеси жана түшүндүрмө эскертүүлөр 3-статья менен белгиленген жол-жобого ылайык Эксперттер комитети тарабынан бекитилет.

(6) Эл аралык классификация 3-статья менен белгиленген жол-жобого ылайык Эксперттер комитети тарабынан өзгөртүлөт же толукталат.

(7) (а) Эл аралык классификациялоо англис жана француз тилдеринде түзүлгөн.

(b) 5-статьяда эскертилген Ассамблея аныктай турган башка тилдерде эл аралык классификациянын расмий тексттери Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзүүчү Конвенцияда (мындан ары «Уюм») эскертилген Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык бюросунун (мындан ары «Эл аралык бюро» деп аталуучу) кызыкдар өкмөттөрү менен кеңешүүдөн кийин түзүлөт.

 2-статья. Эл аралык классификациялоону пайдалануу жана юридикалык мааниси 

 (1) Ушул Макулдашуу менен коюлган милдеттемелерди сактоо шартында негизинен эл аралык классификациялоо административдик мүнөзгө ээ. Ошого карабастан ар бир тарап ага аны уюштуруучу юридикалык маани берет.

Негизинен, Эл аралык классификация ушул өлкөлөрдөгү өнөр жай үлгүлөрүн коргоо мүнөзүнө жана көлөмүнө карата Атайын союздун өлкөлөрүн бириктирбейт.

(2) Атайын союздун ар бир тарабы өзүнө эл аралык классификациялоону негизги жана кошумча система катарында колдонуу укугун калтырат

(3) Атайын союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары расмий документтерге өнөр жай үлгүлөрүн депонирлөөгө жана каттоого жана эгер алар расмий түрүндө жарыяланса – бул жарыялоолорго өнөр жай үлгүлөрүнө киргизилген товарларга тийиштүү  эл аралык классификациялоонун класстардын классчалардын номурларын киргизишет.

(4) Товарлардын алфавиттик тизмесине киргизүү үчүн аталыштарды тандоодо Эксперттер комитети өзгөчө укуктардын предмети боло турган аталыштарды пайдалануудан – акылга ылайыктык менен – обочолойт. Бирок кандайдыр бир терминди алфавиттик тизмеге киргизүү аталган термин өзгөчө укуктардын предмети болуп эсептелинеби же эсептелинбейби, ушул маселе боюнча Эксперттер комитетинин пикири катарында кабыл алынбайт.

 3-статья. Эксперттер комитети

 (1) Эл аралык бюрого караштуу Эксперттер комитети бекитилет, ага 1-статьянын (4), (5), (6)-пункттарында баяндалган маселелер жүктөлгөн. Атайын союздун ар бир өлкөсү Эксперттер комитетинде андагы катышкан өлкөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынган жол-жобо эрежелерине ылайык, өз ишмердүүлүгүн уюштуруучу катарында көрсөтүлгөн.

(2) Эксперттер комитети Атайын союздун өлкөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен алфавиттик тизмесин жана түшүндүрүү эскертүүлөрүн кабыл алат.

(3) Эл аралык классификациялоону өзгөртүү же толуктоо жөнүндө сунуштар Атайын союздун же Эл аралык бюронун кайсы болбосун өлкөсүнүн компетенттүү органы тарабынан киргизилет. Кайсы болбосун компетенттүү орган тарабынан киргизилген кандай болбосун сунуштар ушул орган тарабынан Эл аралык бюрого жиберилет. Компетенттүү органдардын жана Эл аралык бюронун сунуштары ушул акыркы Эксперттер комитетине ушул сунуштар карала турган Комитеттин сессиясы башталганга эки ай калганга чейин кечиктирбестен жиберилиши керек.

(4) Эл аралык классификациялоого өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө Эксперттер комитетинин чечими Атайын союздун өлкөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бирок, бул чечим классты түзүүгө же товарларды бир класстан башкасына которууга тийиштүү болсо, бир добуштан колдоо талап кылынат.

(5) Эксперттер сырттан добуш берүүгө укугу бар.

(6) Эгер,кайсы бир өлкө Эксперттер комитетинин белгиленген сессиясына өз өкүлүн дайындабаса же дайындалган эксперт отурумдун жүрүшүндө же Эксперттер комитетинин жол-жобо эрежелери менен белгиленген мөөнөттүн ичинде добуш бербеген учурда, бул өлкө Комитеттин чечимин кабыл алган катарында каралат.

 4-статья. Классификациялоону жана ага карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабарлоо жана жарыялоо

 (1) Алар боюнча Комитет чечим кабыл алган, Эксперттер комитети кабыл алган товарлардын алфавиттик тизмеси жана түшүндүрмө эскертүүлөр, ошондой эле Эл аралык классификациялоодогу кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор Атайын союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары Эл аралык бюрого кабарланат. Эксперттер комитетинин чечими кабарлоо алган учурдан тартып, күчүнө кирет. Бирок, эгер бул чечим классты түзүүгө же товарларды бир класстан башкасына которууга тийиштүү болсо, кабарлоо жиберген күндөн тартып, алты айдын ичинде күчүнө кирет.

(2) Эл аралык классификациялоонун депозитарийи болуу менен Эл аралык бюро ага күчүнө кирген бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө билдирүүлөр Ассамблея тарабынан көрсөтүлгөн мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.

 5-статья. Союздун Ассамблеясы

 (1) (а) Атайын союздун Атайын союздун өлкөлөрүнөн турган Ассамблеясы бар.

(b) Атайын союздун ар бир өлкөсүнүн өкмөтү орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери бар бир делегаттан турат.

(с) Ар бир делегациянын чыгымдарын аны дайындаган өкмөт тартат.

(2) (а) 3-статьянын жоболорун эске алып, Ассамблея:

(i) Атайын союзду сактоого жана пайдаланууга жана ушул Макулдашууну колдонууга тийиштүү бардык маселелерди карайт;

(ii) Эл аралык бюрого кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоого байланыштуу көрсөтмөлөрдү берет;

(iii) Атайын союзга тийиштүү Уюмдун Генералдык директорунун (мындан ары «Генералдык директор» деп аталуучу) отчётторун жана ишмердүүлүгүн карап чыгат жана бекитет жана ага Атайын союздун компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык зарыл көрсөтмөлөрдү берет;

(iv) Атайын союздун программасын аныктайт, үч жылдык бюджетин кабыл алат жана анын финансылык отчётторун бекитет;

(v) Атайын союздун финансылык регламентин бекитет;

(vi) англис жана француз тилдеринен тышкары, башка тилдерде эл аралык классификациялоонун расмий текстерин даярдоо жөнүндө чечим кабыл алат;

(vii) 3-статьяга ылайык, түзүлгөн Эксперттер комитетине карабастан, ал Атайын союздун максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл деп эсептеген башка эксперттер комитеттерин жана жумушчу топторун түзөт;

(viii) Атайын союздун мүчөлөрү болуп эсептелинбеген кайсы өлкөлөр жана кайсы өкмөттөр аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар анын отурумдарына байкоочулар катарында катыша тургандыгын аныктайт;

(ix) 5-8- статьяларга оңдоолорду бекитет;

(х) Атайын союздун максаттарына жетүү үчүн багытталган кандай болбосун башка  тийиштүү аракеттерди ишке ашырат;

(xi) ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык башка милдеттерди аткарат;

(b) Уюм аларга жетекчилик кылып, ошондой эле башка Союздардын дагы кызыкчылыгын көрсөткөн маселелер боюнча Ассамблея Уюмдун Координациялык комитеттин пикирин угуп, чечим кабыл алат.

(3) (а) Ар бир өлкө - Ассамблеянын мүчөсү бир добушка ээ. 

(B) Ассамблеянын өлкө-мүчөсүнүн жарымы кворум түзөт. 

(с) (b) пунктчасынын жобосуна карабастан, эгер кайсы бир сессияда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн саны Ассамблеянын өлкө-мүчөлөрүнүн жарымынан азын, бирок тең же үчтөн биринен жогору болсо, Ассамблея чечим кабыл ала алат; бирок анын жеке жол-жобосуна кирген чечимдерден тышкары, Ассамблеянын бардык чечимдери төмөнкүдөй шарттарды сактоодо гана күчүнө кирет. Эл аралык бюро айтылып өтүлгөн чечимдерди тааныштырылбаган Ассамблеянын өлкө мүчөлөрүнө жиберет жана чечимди жиберген күндөн тартып, үч ай мөөнөттүн ичинде аларга ооба же каршы же өзүн-өзү токтоткондугу тууралуу добуш беришеби, ушул тууралуу жазуу түрүндө билдирүүсүн сунуш кылат. Эгер, ушул мөөнөттүн ичинде ошентип, добуш берген же өзүн-өзү токтоткон добуш берүүчү өлкөлөрдүн саны эң кеминде сессиянын өзүндө кворумга жетүү үчүн жетишпеген санга жетсе, мындай чечимдер бир эле убакта зарыл болгон көпчүлүк сакталган шартында, күчүнө кирет.

(d) 8-статьянын (2)-пунктунун жоболорун сактаган шартында Ассамблея берилген добуштун үчтөн эки көпчүлүгү менен өз чечимдерин кабыл алат.

(е) Өзүн-өзү токтоткондордун добуштары эсепке алынбайт.

(f) Ар бир делегат бир гана өлкөнү көрсөтөт жана ушул өлкөнүн атынан гана добуш берет.

(4) (а) Ассамблея Генералдык директор тарабынан үч жылда бир жолу жана өзгөчө учурдан тышкары, Уюмдун Генералдык Ассамблеясы сыяктуу эле ошол эле убакта жана ошол эле жерге кезектеги сессияга чакырылат.

(b) Кезексиз сессияларга  Ассамблея Генералдык директор тарабынан Ассамблеянын өлкө-мүчөлөрүнүн төрттөн биринин өтүнүчү боюнча чакырылат.

(с) Ар бир сессиянын күн тартиби Генералдык директор тарабынан даярдалат.

(5) Ассамблея өз жол-жобосунун эрежелерин бекитет.

 6-статья. Эл аралык бюро

 (1) (а) Атайын союзга жүктөлгөн административдик маселелер Эл аралык бюро тарабынан ишке ашырылат

(b) Эл аралык бюро, негизинен, Ассамблеянын же Эксперттер комитетинин же Ассамблея же Эксперттер комитети түзө турган кайсы болбосун башка эксперттер комитетинин жана жумушчу топтордун отурумдарын өткөрүүгө даярдайт жана секретариатты камсыз кылат.

(с) Генералдык директор Атайын союздун башкы кызмат адамы болуп эсептелинет жана Союзду билдирет.

(2) Генералдык директор жана кайсы болбосун ал дайындаган персоналдын мүчөсү Ассамблеянын же Эксперттер комитетинин же Ассамблея же Эксперттер комитети түзө турган кайсы болбосун башка эксперттер комитетинин жана жумушчу топтордун бардык отурумдарына добуш берүүгө укуксуз катышышат. Генералдык директор же кайсы болбосун ал дайындаган персоналдын мүчөсү кызмат орду боюнча ушул органдардын катчысы болуп эсептелинет.

(3) (а) Эл аралык бюро Ассамблеянын көрсөтмөлөрүнө ылайык, 5-8-статьяларда камтылган жоболордон тышкары, Макулдашуунун жоболорун кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдайт.

(b) Эл аралык бюро кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоого карата өкмөттөр аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен кеңе алат.

(с) Генералдык директор жана ал дайындаган адамдар бул конференцияда добуш берүүгө укуксуз катышышат

(4) Эл аралык бюро ага жүктөлгөн кайсы болбосун башка милдеттерди аткарат.

 7-статья. Финансы

 (1) (а) Атайын союздун бюджети бар.

(b) Атайын союздун бюджети Атайын союздун түшкөн каражаттарын жана чыгымдарын, Союз үчүн жалпы чыгымдар бюджетине түшкөн төгүмдү, ошондой эле зарыл учурда, Уюмдун Конференциясынын бюджетине чегерүүлөрдү камтыйт.

(с) Союз үчүн жалпы чыгымдар болуп Атайын союзга эч тиешесиз, бирок Уюм жетектеген бир убакта бир же бир нече башка Союздардын чыгымдары эсептелинет. Бул жалпы чыгымдарда Атайын союздун үлүшү бул чыгымдарга болгон анын кызыкчылыгына туура келет.

(2) Атайын союздун бюджети аларды Уюм жетектеген башка Союздардын бюджети менен координациялоонун зарылчылыгын эсепке алуу менен түзүлөт.

(3) Атайын союздун бюджети төмөнкүдөй булактардан финансыланат:

(i) Атайын союздун өлкө-мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнөн;

(ii) Атайын союздун ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирген Эл аралык бюро тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө кызматынын жыйым жана төлөмдөрүнөн;

(iii) Атайын союзга тийиштүү Эл аралык бюронун жарыялоолорун сатуудан түшкөн түшүүлөрдөн жана ушундай жарыялоолорго укукту пайдалануудагы каражаттардан;

(iv) сыйлыктардан, мураска калган каражаттардан жана субсидиялардан;

(v) ренталардан, пайыздардан жана башка кирешелерден.

(4) (а) (3) (i) пунктуна ылайык бюджетке төгүмдү аныктоо үчүн Атайын союздун ар бир өлкөсү Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж союзундагыдай эле, ошол эле класска киргизилет жана өзүнүн жый сайын бул Союзда ушул класс үчүн белгиленген бирдиктердин санынын негизинде төгүм төлөйт.

(b) Атайын союздун ар бир өлкөсүнүн жыл сайын төлөөчү төгүмү Атайын союздун бюджетине бардык өлкөлөрдүн жыл сайын төлөөчү төгүмдөрүнүн жалпы суммасына кирген суммага барабар, мында ал кирген класстын бирдиктеринин саны бардык өлкөлөрдүн бирдиктеринин жалпы суммасына кирет.

(с) Төгүмдөр жыл сайын биринчи январга карата төлөнөт.

(d) Төгүмдөр боюнча бересеси бар өлкө, эгер бересенин  суммасы мурунку эки жылга толугу менен же төгүмдөрдүн суммасы андан дагы жогору болсо, Атайын союздун бардык органдарында добуш берүү укугун жоготот. Бирок мындай өлкө бул орган төгүмдөрү төлөөнү кечиктирүү өзгөчө жана жүйөлүү кырдаалдын негизде келип чыкты деп эсептеген учурда, Союздун тигил же бул органында добуш берүү укугун пайдаланууга уруксат берилет.

(е) Эгер бюджет жаңы финансылык жылдын башталышына чейин бекитилбесе, анда финансылык регламент менен караштырылган тартипке ылайык, бюджет мурунку жылдын деңгээлинде белгиленет.

(5) Атайын союздун атынан Эл аралык бюро тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө кызматы үчүн төлөнүүчү жыйымдардын жана төлөмдөрдүн өлчөмү Генералдык директор тарабынан белгиленет, ал бул тууралуу Ассамблеяга баяндайт.

(6) (а) Атайын союздун Атайын союздун ар бир өлкөсү төлөөчү бир жолку төлөмдөрдөн турган жүгүртмө каражаттар фонду бар. Эгер фонд жетишсиз болсо, Ассамблея аны көбөйтүү жөнүндө маселени чечет.

(b) Бул фондго ар бир өлкөнүн баштапкы төлөмүнүн өлчөмү же бул фондуну көбөйтүүдө өлкөнүн үлүшү ушул түзүлгөн же аны көбөйтүү тууралуу чеим кабыл алынган жылдагы ушул өлкөнүн төгүмүнө пропорциялуу.

(с) Бул пропорция төлөмдүн шарттары Генералдык директордун сунушу боюнча жана ал Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийин Ассамблея тарабынан белгиленет.

(7) (а) Анын аймагында Уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан өлкө менен түзүлгөн штаб-квартира жөнүндө макулдашууда эгер жүгүртмө каражаттар фонду жетишсиз болсо, бул өлкө ага кредит берет деп караштырылган. Бул кредиттердин өлчөмү жана ага берилүүчү шарттар өзүнчө учурларда бул өлкө менен Уюмдун ортосунда өзгөчө макулдашуунун предмети болуп калат.

(b) (а) пунктчасында көрсөтүлгөн өлкө сыяктуу, Уюм дагы жазуу түрүндө кабарлоо жолу менен кредит берүү жөнүндө милдеттемени жокко чыгарууга укугу бар. Жокко чыгаруу ушундай кабарлоо берилген жылдан үч жылдан кийин күчүнө кирет.

(8) Финансылык текшерүү Союздун бир же бир нече өлкөлөр же алардын макулдугу менен Ассамблея дайындаган тышкы текшерүүчүлөр тарабынан финансылык регламенттин эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

 8-статья.  5-8-статьяларды өзгөртүү

 (1) 5, 6, 7-статьяларды жана ушул статьяны өзгөртүү жөнүндө сунуштар Атайын союздун кайсы болбосун өлкөсү же Генералдык директор тарабынан киргизилет. Мындай сунуштар Генералдык директор тарабынан Атайын союздун өлкө-мүчөлөрүнө аларды Ассамблея караганга аз болгондо алты айга чейин жиберилет.

(2) (1)-пунктта көрсөтүлгөн статьяларга кандай болбосун оңдоолор Ассамблея тарабынан бекитилет. Аларды кабыл алуу үчүн берилген добуштардын төрттөн бири талап кылынат, бирок 5-статьяга жана ушул пунктга оңдоо киргизүү үчүн берилген добуштардын бештен төртү зарыл.

(3) (1)-пунктта көрсөтүлгөн статьяларга кандай болбосун оңдоо Генералдык директор ушул оңдоону бекитүүдө Атайын союздун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн төрттөн үчүнөн конституциялык эрежелерге ылайык жүргүзүлгөн аны кабыл алуу тууралуу жазуу түрүндө кабарлоолорду алгандан бир айдан кийин күчүнө кирет. Ушундай түрдө кабыл алынган жогоруда көрсөтүлгөн статьяларга кандай болбосун оңдоо бул оңдоо күчүнө кирген учурда Атайын союздун мүчөсү болуп эсептелинген же андан кийин Атайын союздун мүчөсү болуп эсептелинген бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү болуп калат, бирок Атайын союздун мүчөлөрүнүн финансылык милдеттемелерин көбөйтүүчү кандай болбосун оңдоо ушундай оңдоону кабыл алуу тууралуу кабарлаган өлкөлөр үчүн гана милдеттүү болот.

 9-статья. Ратификациялоо, кошулуу, күчүнө кириши

 (1) Ушул Макулдашууга кол койгон Өнөр жай манчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучусу болуп эсептелинген кайсы болбосун өлкө ратификациялай алат жана эгер ал ага кол койбосо, ага кошула алат.

(2) Кошулуу жөнүндө ратификациялык грамоталар жана документтер Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет.

(3) (а) Кошулуу жөнүндө ратификациялык грамоталарды жана документтерди биринчилерден өткөрүп берген беш өлкөлөргө карата бул Макулдашуу кошулуу жөнүндө бешинчи ратификациялык грамотаны жана документти сактоого өткөрүп бергенден үч айдан кийин күчүнө кирет.

(b) Кайсы болбосун башка өлкөгө карата бул Макулдашуу эгер грамотада же документте эң кечки күнү көрсөтүлбөсө, Генералдык директор ратификациялоо же кошулуу жөнүндө кабарлаганданүч айдан кийин күчүнө кирет. Мындай учурда ушул өлкө үчүн бул Макулдашуу көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.

 Кыргыз Республикасы үчүн 1998-жылдын 10-декабрында күчүнө кирди.

 (4) Ратификациялоо же кошулуу өзүнө Макулдашуунун бардык жоболорун автоматтуу түрдө кабыл алуусуна жана ушул Макулдашуу менен белгиленген бардык артыкчылыктарды алууга алып келет. 

 10-статья. Макулдашуунун күчү

 Бул Макулдашуу Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы сыяктуу, ошол эле күчкө жана күчүнүн мөөнөтүнө ээ. 

 11-статья. 1-4 жана 9-15-статьяларын кайра карап чыгуу

 (1) Бул Макулдашуунун 1-4 жана 9-15-статьялары Макулдашууга көңүлдөгү жакшыртууларды киргизүү максатында кайра каралып чыгышы мүмкүн.

(2) Ар бир мындай карап чыгуу Атайын союздун өлкөлөрүнүн делегаттары чакырылчу конференцияларында ишке ашырылат.

 12-статья. Жокко чыгаруу

 (1) Кайсы өлкө болбосун Генералдык директорго кабарлоо жиберүү жолу менен бул Макулдашууну жокко чыгара алат. Мындай жокко чыгаруу аны ишке ашырган өлкөгө гана тийиштүү; Атайын союздун башка өлкөлөрү үчүн Макулдашуу күчүндө калат жана аткарылышы керек.

(2) .Жокко чыгаруу Генералдык директор жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо алгандан бир жылдан кийин күчүнө кирет.

(3) Ушул статья менен караштырылган жокко чыгаруу укугу бул өлкөнүн Атайын союзга кирген күндөн кийин, беш жылга чейин өлкө тарабынан пайдаланылбайт.

 13-статья. Аймактары

 Бул Макулдашууга Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын
24-статьясынын жоболору колдонулат.

 14-статья. Кол коюу, тилдер, кабарлоолор

 (1) (а) Бул Макулдашуу  англис жана француз тилдеринде бир нускада кол коюлат, мында эки текст тең акыйкат, Макулдашуу Швейцария Өкмөтүнө сактоого берилет.

(b) Бул Макулдашуу 1969-жылдын 30-июнуна чейин Бернде кол коюу үчүн ачылган.

(2) Ассамблея белгилеген башка тилдердеги расмий тексттер кызыкдар өкмөттөр менен кеңешүүдөн кийин Генералдык директор аркылуу түзүлөт.

(3) Генералдык директор тийиштүү түрдө Швейцария Өкмөтү, ага кол койгон өкмөттөр тарабынан күбөлөндүрүлүп жана өтүнүч боюнча кайсы болбосун башка өлкөнүн өкмөтүнө ушул Макулдашуунун кол коюлган текстинин эки көчүрмөсүн жөнөтөт.

(4) Бул Макулдашуу Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында Генералдык директор тарабынан катталат.

(5) Генералдык директор Атайын союздун бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө Макулдашуунун күчүнө кирген күнү, ага кол коюу, кошулуу жөнүндө ратификациялык грамоталарды жана документтерди сактоого берүү жөнүндө, Макулдашуунун текстине карата оңдоолорду кабыл алуу тууралуу, ошондой эле ушул оңдоолордун күчүнө кирген күнү жана жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо жөнүндө билдирет.

 15-статья. Өтмө жобо

 Биринчи Генералдык Директор кызмат ордун ээлегенге чейин бул Макулдашуудагы Уюмдун Эл аралык бюросуна же Генералдык Директорго шилтемелер Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Бириккен Эл аралык бюрого (БИРПИ) же аларга тийиштүү Директорго шилтеме болуп эсептелинет.

 Ушуну ырастап, буга тийиштүү түрдө ыйгарым укук алгандар бул Макулдашууга кол койду.

1968-жылдын 8-октябрында Локарнодо түзүлдү.