FaLang Language Switcher

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматыменен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

протокол 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгы,

интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн таанып,

Мындан ары “Макулдашуу” деп аталуучу Далянь шаарында 2011-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну жаңы жобого ылайык жаңылоонун зарылдыгын түшүнүү менен,

Макулдашуунун 6-беренесине ылайык Тараптар Макулдашууга төмөнкүлөр жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашты:

1-берене

Макулдашуунун аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене

Макулдашуунун 2-беренесинде:

- алтынчы абзац “патенттик маалымат кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөн кийин “, инновациялык менеджмент” деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын:

“- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу маселелери, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) тармактарын өнүктүрүү боюнча маалымат алмашуу;

- инновациялык менеджмент үчүн жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу маселелери боюнча кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо адистердин биргелешкен стажировкаларын уюштуруу;

- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууда ойлоп табуучуларга жана ишкерлерге көмөктөшүү;

- жергиликтүү инновациялык саясатты түзүү жана ишке ашыруу жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;

- Кыргыз Республикасынын илимий-инновациялык иштеп чыгууларынын динамикалуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы региондук жана эл аралык кызматташтыктын ар түрдүү механизмдеринин ишин өз ара колдоо”.

 

Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын “___” ноябрында эки түп нускада, ар бири кытай, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

 

 

Кыргыз Тарабы үчүн

 

КыргызРеспубликасынын

Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы

 

Манас Абдыллабек уулу

 

 

Кытай Тарабы үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри

 

 

 

 

Ван И

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900